Halloween party ideas 2015

Жыл сайын 31-октябрда белгиленген бул майрам Америка Кошмо Штаттарында жана Канадада кеңири тараган. Бирок Хэллоуинге байланыштуу каада-салттар дүйнөнүн чар тарабына жайылган. Айрым жерлерде, аты эле башка болгону болбосо, рухтардын дүйнөсү менен, анын ичинде арбактар, сыйкырчы аялдар, жез кемпирлер, ал тургай жин-шайтандар менен байланышкан ушу сыяктуу майрамдар белгиленет.

           Мындай майрамдар ар кандай кудайларга жана ата-бабаларына сыйынган байыркы элдердин ишенген ишенимдеринен улам келип чыккан. Хэллоуин негизинен америкалыктардын майрамы деп саналса да, аны белгилегендердин саны жыл өткөн сайын өсүүдө. Бирок, алар Хэллоуинде колдонулган, көпчүлүгү сыйкырдуу күчтөр менен байланышы бар символдордун, жасалгалардын, каада-салттардын ар кайсы кудайларга сыйынган байыркы элдер ишенген нерселерден келип чыкканын билишпейт.

         «Хэллоу» деген англисче «ыйык» дегенди билдирген байыркы сөз. «Ол хэллоус дэй» (Бардык ыйыктардын күнү) майрамы өлгөн ыйыктардын урматына деп белгилешет. Анын алдындагы кеч «Ол хэллоу ивин» (Бардык ыйыктардын кечи) деп аталчу, кийин «Хэллоуин» деп аталып калган.

         Ирландия менен Шотландияда жашашкан байыркы кельттердин каада-салтын карманган жана Табиятты кастарлоого негизделген Викка динин туткан миңдеген адамдар Хэллоуинди Самайн деген байыркы аты менен аташат жана аны жылдын эң ыйык түнү деп эсептешет. Хэллоуин сыяктуу майрамдар Ислам шариятына таптакыр каршы келет.

ХЭЛЛОУИНДИН ТАРЫХЫ

         Б.З.Ч. 5-КЫЛЫМ – Кельттер Самайн майрамын октябрдын аяк ченинде белгилешчү. Алар ошол күнү арбактар, рухтар, жин-перилер жер үстүндө демейдегиден көп жүрөт деп ишенишчү.

         Б.З. 1-КЫЛЫМЫ – Римдиктер кельттерди басып алгандан кийин алардын Самайн майрамында кылынган, жиндер менен байланышууга жаткан каада-салттарын өздөштүрүп алышкан.

         Б.З. 7-КЫЛЫМЫ – Рим папасы Бонифаций IV азапкечтердин урматына Бардык ыйыктардын күнү деген майрамды негиздеп, аны жыл сайын белгилөөгө буйрук берген.

        Б.З. 11-КЫЛЫМЫ – Маркумдарды эскериш үчүн ноябрдын экиси Бардык жандардын күнү деп аталган.

        Б.З. 18-КЫЛЫМЫ – Хэллоу ивиниң деп аталган майрам биринчи жолу бир адабиятка Хэллоуин деп жазылып чыккан.

        Б.З. 19-КЫЛЫМЫ – Ирландиядан Кошмо Штаттарга көчүп барган миңдеген адамдар өздөрү менен кошо Хэллоуинге байланыштуу каада-салттарын ала барышкан. Убакыттын өтүшү менен алар Улуу Британиядан, Германиядан, Африкадан жана башка жерлерден баргандардын каада-салттары менен аралашып кеткен.

        Б.З. 20-КЫЛЫМЫ – Хэллоуин Кошмо Штаттарда кеңири тараган жалпы элдик майрам болуп калган.

      Б.З. 21-КЫЛЫМЫ – Хэллоуин майрамы дүйнөлүк соода-сатык тармагына миллиарддаган долларларды түшүргөн майрамга айланды.

Хэллоуинге байланыштуу каада-салттардын жана символдордун келип чыгышы:

           КАН СОРГУЧ, КАРЫШКЫР КИШИ, СЫЙКЫРЧЫ, ЗОМБИ: Буларды эзелтеден каардуу рухтар менен байланыштырып келишкен.

            МОМПОСУЙ: Байыркы кельттер каардуу рухтарды таттуу менен жоошутканга аракет кылышчу. Кийинчерээк чиркөө Бардык ыйыктардын кечинде майрамдагандарды өлгөндөр үчүн тиленип берерин айтып, үймө-үй кыдырып тамак сураганга үндөй баштаган. Акыры, бул Хэллоуинде кылынчу салтка айланган.

           КИЙИМ: Кельттер, каардуу рухтар адашып, тийбеши үчүн, коркунучтуу бет кап кийип алышчу. Чиркөө кийин Бардык жандар жана Бардык ыйыктар деген майрамдарына ар нерсеге сыйынган элдердин жөрөлгөлөрүн кошуп салган. Кийин андай майрамдарда ыйыктарга, периштелерге, жиндерге окшоп кийинип, үйлөрдү кыдыруу адатка айланган.

          АШКАБАК: Каардуу рухтар жолобошу үчүн, шалгамды оюп, ичине шамды күйгүзүп салып коюшчу. Шам күнөөдөн тазалануучу жайдан чыга албай жаткан жанды билдирет деп эсептелчү. Кийин ашкабак көбүрөөк колдонулуп калган.

Шарият эмне дейт?

         1-Пайгамбарыбыз саллалаху алайхи васаллам айтат: «Ким кайсы коомго окшошсо, ал ошол коомдон болот!» (Ахмад 2/50, Абу Дауд 4031, ат-Тахави 231, аль-Байхаки 1199). Мушриктердин Хеллоуин майрамын майрамдоо менен аларга окшошуп калуудан абайлоо керек.
         2-Ысраптан качуу. Аллах таала айтат: «…Жегиле, ичкиле жана ысырап кылбагыла!..» (Аъраф сүрөсү 31-аят). Бул майрамда шан-шөкөткө жана кийим-кечеге көптөгөн акча каражаттары менен убакыт талап кылынат. Акча менен убакытты ысырап кылгандыгы үчүн да чөң күнөөгө батат.
       3-Алдамчылык. Бул майрамда жок, жалган нерселер менен адамдардын ишенимине бүлүк салгандыгы үчүн да күнөө болуп саналат. Анткени, шариятта үч учурда гана жалган айтууга уруксат берет: «Күйөсү аялын ыраазы кылуу үчүн, согуш учурунда душмандарды алдоо үчүн жана адамдарды жараштырып коюу максатында жакшы, жаман сөз айтса жалганчы эмес». (Ахмад 7/459, ат-Тирмизи 3/127.)
         4-Арам ичимдиктердин ичилүүсү, баңги заттардын колдонулуусу, адепсиз бийлердин бийленүүсү бул майрамдын тыюусуна дагы да тыюу кошот.
          5-Аллах таала: «…Жакшылык жана такыбаа иштерде бири-бириңерге жардам бергиле. Душмандык менен күнөө иштерде бири-биринерге жардам бербегиле. Аллахтан корккула! Аллахтын азабы катуу!» (Маида сүрөсү 2-аят) деп айткандыктан, мындай жаман иштерди уюштурууга да жардамдашпоо керек.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.