Halloween party ideas 2015

СУРОО: Аялдын чачы кыска болсо жаназа окулат, бирок жаназа түшпөйт деген чынбы?

ЖООП: Мен ушуну биле албайт экенмин. Каяктан таап аласыңар ушундай маселелерди. Мен өмүр бою китеп окуп, сакалыма ак кирип калды. Мен таба албайм, анан кайдан табасыңар, акылым айран...

СУРОО: Бизде бир кыз иштейт, оронот, бирок багымдат окубайт. Калган намаздарын окуйт. Чогуу жашайбыз. Күйөөсү бар. Бирок аяшы менен жүрөт. Эри телефондо талак берди деп айтты, чынбы билбейбиз. Биз канча жолу айтсак да «Мен жашмын, аяшымды сүйөм»,- дейт. Багымдат окубай, калгандарын окуса болобу? Хижап кийип жүргөнүчү? Ке-чирип коюңуз суроом үчүн.

ЖООП: Багымдатка кара басып уктап калып жатса керек го. Садагасы кызым! Сен ал досуңа карап түздөнбө! Ал өзү түздөнө албай жүргөн неме экен. Сен шариятка карап түздөн. Дин жөнүндөгү маалыматтарды китептерден окуп үйрөн. Жоолук салын, намаз оку. Бактылуу бол, тиги карындашым да бактылуу болсун. Кудайым пенделерин бактылуу кылсын.

СУРОО: Гезиттин өткөн санында «...кээде жыныстык байланыш болуп, бирок уруктук чыкпай калса, гусул алынбайт..», деп жаздыңыз эле. Андан мурунку берген маалыматтарыңызда гусул бузулат деп окугандай болдум эле. Тактоо берсеңиз...

ЖООП: Аллахым ыраазы болсун. Сиздин билген маалыматыңыз туура. Жыныстык байланыш болуп, бирок уруктук чыкпай калса деле гусул важип болот. Жыныстык байланыштын өзү гусул важип болууга жетиштүү. Ал эми менин жазганыма келсек, калемим тайгаланып кетсе керек. Көбүнчөсү жооп жазганда кайрадан көз жүгүртпөстөн туруп жиберем гезитке, убакыттан кызырканып. Ошондуктан кээ бир сүйлөмдөрүм адабий тилдин нормасына түшпөй калат. Андыктан кечирим сурайм. Күнөөнүн баары менде, жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбос.

Эң эле кызык факт: өлкө боюнча көптөгөн молдокелер, аалымдар мага телефон чалып ушул маселенин чоо-жайын сурашты. Демек, үммөттүн аалымдары уктап жаткан жери жок, адашсак, тайып кетсек түздөөрүбүз бар деп абдан сүйүндүм.

Аллах бардыгыбыздан ыраазы болгой...

СУРОО: Мурда талак жөнүндө түшүнүк жок болчу. Күйөөм талак айткан эмес. Жарашам деп келген, бирок уруша кетип жарашкан жокпуз. Урушканда ал: «Сени бирөө кармап турдубу, эрге тийип ала бербейт белең? Азыр деле тийип ала бер, мен айтып жатам»,-деди. Бул сөзү талакка жатабы?

Мени түшүнгөн адам болсо турмушка чыксам болобу? Мен анын алдына талак сурап баргым келбейт.

Мени кармап турган кызым. Өгөйдүн көзүн караткым келбейт.

ЖООП: Сенин бир сөзүң экинчисине карама-каршы келет экен. Турмушка чыксам болобу дейсиң, ана кайра өгөйдүн көзүн карткым келбейт дейсиң. Эгерде күйөөң ушул айткан сөздөрүн ажырашуу ниетинде айткан болсо, сага бир талак боин түшкөн, турмушка чыга берсең болот. Кудайым бак айткан болсун. А бирок андай ниети жок болгон болсо башың дале бошой элек.

СУРОО: Жолдошумдун көзү  өткөнүнө 3 жыл болду. Атасы жок балдарыма кантип татыктуу тарбия берем деп көп ойлоном. Балдарым мени жакшы угушу үчүн кайсы дубаны окушум керек? Сиз да дуба берип коёсузбу, жакшы укпай жатат.

ЖООП: Кудайым бактылуу кылсын! Балдарыңы жайкы мусулман лагерлерине, эркек туугандарынын үйлөрүнө жөнөтүп тур. Кудайым элдин, жердин, диндин керегине жараган азаматтардан кылсын. Апасынын сөзүн уккан, жакшы окуган балдар болгонун Кудайым насип этсин!

СУРОО: Биздин шаардагы медреседе мектеп жашындагы балдарды тарбиялашат. Билишимче, аны түрктөр каржылашат. Бирок шарттары эң жакшы.

Сурайын дегеним, дүкөндөрдөн, базарлардан жардам сурашат. Анан чоң-чоң дүкөн, дарыканаларга жардам сураган «Ихсан кутусу» деген жазуулары бар кутучаларды койгон. Шариятта барбы? Жардам берсек сообу тиеби?

ЖООП: Албетте, сообу тиет. Сооп алам дегендерге көрсөткөн жардамдары болсо керек.

СУРОО: Жездемди өлтүргөн кишини эжем сотко бербей, Аллах ыраазычылыгы үчүн кечирсем дейт. Өлтүргөн киши кечир деп жалдырайт, кунун берейин дейт. Анын бергенин алса шарият уруксат береби?

ЖООП: Шарият уруксат берет. Алганы жакшы. Аны каматкандан байпагыңар манат болуп кетпейт. Берген тыйынын алып балдарын баксын.

СУРОО: Багымдатты окугандан кийин жыныстык катнашка барса болобу? Таң аткандан кийин күнөө болбойбу?

ЖООП: Багымдат окугандан кийин орозо учурунда жыныстык катнашка барса болбойт. Орозо бузулуп калат. Ал эми орозодон сырткары учурларда беш маал намаздын бардыгынан кийин жыныстык мамиледе болсоң жарай берет.

СУРОО: Мага түнкүсүн бир элес келип, мени менен жатып кетет. Ал келип кеткен күнү жеңилдеп калам. Бул түш эмес. Турмушка чыга элекмин. Бул эмне болушу мүмкүн?

ЖООП: Бул - эркек жин деген сөз. Намаз окуп, кечки, эртең мененки дубаларды окусаң келбей калат.

СУРОО: Сиздин жоопторуңуз мээге ок аткандай. Кандай аял тууду экен сиздей уулду. Сизди муфтий кылып алсак кана!Сиздей илимдүү баланы Аллах бизге да насип кылса экен. Бейиштин төрүнөн Аллахым сизге жай кылган болсун.

ЖООП: Сиз айткан бейиштин төрүндө баарыбызды кошуна кылсын Кудайым. Тилектериңиз кабыл болсун!

СУРОО: Зекет деген эмне? Такыр түшүнүк жок. Кененирээк түшүндүрүп бериңизчи.

ЖООП: Кененирээк айтыш үчүн эки томдук эмгек жазыш керек болоор. Аллаама Юсуф Кар-даавийдин зекет туурасындагы китеби эки томдук үлкөн эмгек. Сен жакшысы зекет туурасындагы китептерди таап оку, түшүнбөгөн жериңди сурасаң жардам берели...

СУРОО: Мен былтыр турмушка чыккам. Ала качып келишкен. Ошондо тууган-уруктун алдында кайнатам: «Той кылып берем»,- деп сөз берип, той өтчү күндү да белгилешкен. Кийин ошол күн келгенде «Мен андай деген эмесмин»,- деп жеңип кеткен. Ушул туурабы?

ЖООП: Туура эмес. Бирок сен тилиңди тишиңе катып жашай бер. Утуш сеники болот.

СУРОО: Азыр биз жеп жаткан Орусиядан чыгарылган шоколад, момпосуйларына чочконун майы кошулган экен. Аларды жебеш керек дешет, ушул чынбы?

ЖООП: Негизи чочконун майы өтө эле арзан болуп бекерге туруп калган жери жок. Ошондуктан, орустар чыгарса эле чочконун майын сөзсүз кошот деп түшүнүү да туура эмес. Ошондой болсо да айта кетчү маселе, чочконун майы, же эти кошулган азык-түлүктөрдү оозго алуу арам болот. А түгүл чочконун кээ бир продукциялары кошулган дарылардан дарылануу да арам болот. Жаш балдарга берилчү эмдөөлөрдүн кээ бирине чочконун мээсинен алынган заттарды кошот деп укканым бар. Эгер бар болсо, ошол эмдөөлөр да жакшы эмес болуп калат.

СУРОО: Быйылкы окуу жылында мектепти аяктаган эжемдин баласы Арча-Бешик конушундагы медресеге окууга кирди. Ушул медресе тууралуу канчалык деңгээлде маалыматыңыз бар? Болсо кандай медресе, муфтиятка карайбы?

ЖООП: Абдулла бин Масьууд атындагы медресеси муфтияттын карамагында.Туура багытты окутат. Медреседе кыргыздын белдүү азамат аалымдары сабак берет. Максат дамбылда, Сражуддин дамбылда, Макбул дамбылда сыяктуу үлкөндөр ошол жерде.

Мен өзүм да көп учурда медресеге зыяратка барып, кээде студенттердин сынактарына катышып турам.

Окуган балдардын мутаалаьасы жакшы чыгат. Кээ бир бүтүрүүчүлөрүн муфтиятка жумушка да алгам учурунда. Балаңар жакшы медресеге кириптир, Кудайым ооматын берсин.

СУРОО: Мен беш убак намаз окуйм, жолдошум болсо окубайт. Анан кыштын айрым суук күндөрүндө, гусул ала турганга мүмкүнчүлүк жок учурда мени төшөккө чакырган учурлары болот. Мен болсо гусул алууга мүмкүн болбой калат деп кээде баш тартып коём. Бул үчүн периштелердин наалатына калбаймынбы?

ЖООП: Каласың наалатка. Гусул алууга суук тоскоол боло турган болсо, таяммум кургак даарат деген бар. Ошону менен гусулдансаң болот. Асты күйөөңдүн өтүнүчүн четке какпа, кем болбойсуң.

Эр сыйлаган эшикте калбайт, ат сыйлаган жөө калбайт.

СУРОО: Намаз окуп жатсам алдымдан кичинекей балдарым өтүп кеткен учурлары болот. Бул намазды бузбайбы?

ЖООП: Жаш балдардыкы эч нерсе деле болбойт. Анткени алар мукаллаф (балагатка жете элек наристелер) эмес пенделер. Болгону сен дагы тогуз жолдун тоомуна туруп намаз окубай, кичине ыңгайына карап, жайлуу жерде окусаң көп деле чуркай койбос. Ага деле болбой чуркаса эч зыяны жок. Көңүлүңдү бир аз алагды кылганы болбосо...

СУРОО: Саламатсызбы? Сизди салык төлөбөй койду дегендей кылып күнөөлөп жүрүшпөдү беле? Ошол иштин аягы эмне болду? Сизди сыйлаган адам катары мени тынчсыздандырат?

ЖООП: Урматтуу Бактыбек! Кудайым шерменде кылбасын, тукумуңуз жамандык көрбөсүн. Бул нерсе менин ыйманыма сыноо болду. Чындыгында төлөнө турган салык болбош керек эле. Салык төлөгөн адамдар мусулманчылыктын өсүп-өнүгүүсү үчүн берген кайрымдуулук каражаттардан салык төлөгөн болсом Кыяматта Кудайдын алдында кантип жооп бермек элем?!

Кыяматтын күнү жалпы Кыргызстандын мусулмандары менден доолашса кантип кутулат элем?!

Ошондуктан төлөгөн эмесмин. Кайрадан муфтий кылып шайлашса деле төлөмөк эмесмин. Биздеги мыйзамдар чалакайым болсо эле шарият бузула бериш керекпи? Кудайым бар! Баарын көрүп, билип турат.

СУРОО: Саламатсызбы? Мен ушул гезитке окшогон бир гезитте журналист болуп иштейм. Жакында бирөөдөн журналистик кесипте иштеп, ар кимдин тагдыры, жашоосу тууралуу гезит бетине жарыя кылган күнөө деп уктум. Ушул чынбы? Кенен маалымат беришиңизди суранам.

ЖООП: Эгерде өрнөктүү өмүрү болсо, адамдарга үмүт тартуулап, жакшы багыт бере турган жашоосу болсо эмне үчүн болбосун? Эгерде жашоосу акмакчылык менен алдамчылыкка толсо, жакшылыктуу жери жок болсо, аларды айтуунун кереги бар беле деп ойлойсуң. Кээ бир бактысыз окуяларды айткан учурда, ошондой жамандыктан сактаналы деп коңгуроо катары айтылса жакшы кеп, бирок жеке адамдардын аттары айтылбастан, адамдык беделин түшүрбөстөн болуусу зарыл.

СУРОО: Мен турмушка чыга элекмин, бирок кыз эмесмин... Жигитим башка кыз менен кетти, мен өзүмдү тыйсам да болбойт жатат, эмне кылышым керек?

ЖООП: Сен жакшысы тообо кылып намаз оку. Кудайдан сура, адамгерчиликтүү жигитке башыңды кошсун. Ала жипти аттабай, алаңдабай, алактабай, мурдагы жолоюңа түшпөй жакшы жаша. Күйөөгө тийип, төрт-бешөөнү дароо чуурутуп төрөп жиберсең баары унутула түшөт. Жамандык оюңа да келбей калат. Намаз оку. Намаз бактың, намаз базарың!

СУРОО: Биздин айылда эски мүрзөнү түрттүрүп, ордуна мечит салабыз деп жатышат. Бул маселени көтөрүп чыккан киши мүрзөнү түрттүрүп баштаган күнү ооруп жыгылып, денесин кара-көк басып, Бишкекке ооруканага алып кетишти. Араң жан болуп калыптыр дешет... Негизи эле эски мүрзөнү түрттүргөн болобу? Арбактардын тынчын алуу болбосо керек эле?

ЖООП: Акыркы маркум көмүлгөндөн кийин, ошол маркумдун сөөгү чирип, топуракка айланып кеткенден кийин, ошол жерди иштетүүгө муктаждык жаралса, анда ал жерди пайдалануга уруксат берилет. Куран жаттаганы себептен, же такыба болгон себептен сөөгү чирибей калгандар болсо, аларды жаңы мазарга которуп коюшат. Адегенде, Куран окуп андан кийин гана иштетишет. Менимче силерде жогорудагы шарттардын бири сакталбай калса керек, же сакталган күндө да тиги адамдын ооруп калуусу жөн эле дал келген болуу керек. Мечит сала турган жер Кыргызстанда көп эле го. Мазардын жерине муктаждык жаралгандай абалга жетише элекпиз го, али...

СУРОО: Уулум үйлөнгөнү тез өзгөрүлүп, мүнөзү катаал болуп калды. Көзү ачыкка барсам “Уулуңуздун башын келин айландырып коюптур”,- дейт. Дубасын чыгара турган дуба барбы? Эмне кылышым керек? Уулум ооруп калабы деп корком.

ЖООП: Уулуңузга дем салдырыңыз. Көзү ачыкка барбаңыз. Ыймандан ажырап калууңуз мүмкүн.

Базарда «Манзил» деген китепче бар. Ошону эртели-кеч окуп турса уулуңуз, баары жайына келет. Деги эле ысытма кылган аялдар эсинен чыгарбаш керек, ошентип жүрүп күйөөлөрүн оорукчан, абжип, акыл эси кирди-чыкты кылып алышат. Ысытма кылуу арам. Ал жиндердин аракети менен ишке ашчу нерсе. Эч бир туура жолдогу молдоке ысытма кылып бербейт. Эгер кылып жаткан болсо, молдонун кейпин кийген алдамчы деп билсеңиз адашпайсыз.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.