Halloween party ideas 2015

��

✍��Замана кандай каары кандай кенен,
Закымдап учкан сайын түбү терең ...
деген Кылыгул атабыздын ыр саптары менен баштасак. Замандын кеңдиги тар болуп,тереңдиги канча жандын ыйманын, уятын,адеп -ахлагын жутуп жаткан учурда жашап жаткан учурубуз деп айтсак жаңылышпайт элек. Заманыбыз өнүгүп,илим -техника ушундай жетишти дейсиң, көзүң элестете албаган,кулагың угуп көрбөгөн жаңылыктары күндөн-күнгө чыгып таң калтырып келе жатат. Биздин заманды бир аз жыйырма,отуз жыл мурдараак заманга салыштырсаң асман менен жердей болуп калды. Мурда бир телефон чанда гана,түстү сыналгы (телевизор) кездешчү. "Оо аябай керемет буюм экен,зымсыз алыстагылар менен сүйлөшүп,токсуз каналдарды өткөрүп олтура берет экенсиң "-деп таң калчуубуз. А азырчы? Үй сайын ашыгы менен үч -төрт телефон,сыналгы, компиютер болуп калды. Ошол зымсыз деп таңданган интернет байлынышы бүт дүйнөгө жипсиз уулу торун жайып салды. Жипсиз(жипсиз чалынып андан чыгалбай)  дегендей, интернет деңизи суусуз  дүйнөнү каптап,канчалары чөгүп,жашоосу ууланып жол таппай адашкандары канча. "Ата -апа "-деп тили чыккан жаш баладан баштап,бир буту гөрдө,бир буту төрдө жашы анчага барып калган ата -апаларыбыздыда кишенсиз кулуна айлантты. Жаштарды айтпай эле коёолу сөз жок!  Адамзаттын руханий жактан оорусуна айланды,"мен ачка калсам да ,интернет жашасын,чөнтөктүн шору,дүкөнчүнүн жолу ,"Оо,мага интернет деген даарыңыз барбы даро колдонбосом өлүп калчуудаймын "-деген абалга келип калдык ... Бир күндө үч,төрт аз колдонгону,а болбосо тынымсыз,мүнөттөп ошо менен уктап ошо менен таң аттырып,жашообуз күндөн-күнгө максатсыз жашоого айланды. 
Маймылды көрүп калсаңыз албетте күлөсүз э..анын атына заты жарашкан турушу,ичиши,жеши айтоор  бардык кыймылы өзүнө төп келишкен. Өкүнүчтүүсү биз да ошол маймыл сыяктуу болуп калдык сырттан телефон кармаган адамдарды байкап көрсөңүз дал ошондой жүрүм туруму. Эмнени ичип,эмне айтып жатасың укпайт да сезбейт да.
Айрыкча жаштыктын жалыны күйүп,жаштык-мастык дегендей жаш жеткинчек,орото жаш курактагылар оңго ,солго буттарын тарта турган убакта бат эле интеренет кулуна айланып,жашоосунда көрбөгөн көргүлүктөр,бузукулук тасмаларды көрүп өз жашоолоруна пайдаланып өмүрүн,жаштыгын текке кетиришүүдө.

Бойдок жаштарыбыз! Кайсы жерде бойдок  кыз же бала интернет менен жалгыз калса сөзсүз үчүнчүсү шайтан болот!
Интернет бир ооруу болду атаны баладан,апаны кызынан,күйөөнү аялынан ажыратып салууга себепчи болуп ,оңой эле "Талак "-деп канчасынын үй -бүлөөсү кыйроодо.

Адамзаттын эки байлыгы бар бири ден-соолук болсо,экинчиси убакыт! Адам баласы байлыгын интернетке сарптап жатканы өкүнүчтүү!

Убакыт менен адамзаттын мээрим тамчысын уурдап ,үй-бүлөөдө ата-эне балга, бала ата -энеге көңүл бурбай,ар ким өз дүйнөсүндө өз көйгөйү менен жашап калгандай.
Туугандык мээримди үзүп бирин -биринен кабар алуу күндөн -күнгө жогулууда.
Үммөттү аалымдардан түзмө -түз сүйлөшүп маектешүүдөн  махруум кылып тосуп койду!

Ал эми жашоонун карасы,агы,жакшылыгы -жамандыгы коштолгондой интернет дүйнөсүндө ар жеринде жарытып турга жарыгы,тактап айтканда жакшы жактары да бар. Эгер билсек акылы бар адам үчүн бул -зор мүмкүнчүлүк туура пайдаланып өз издегениңди таап жашоодо ийгиликтерге жетишсең болот. Куран баян угуп издген илимиңди таап,бир аз болсо да ыйманды бекемдеп алууга  болот.

Эң чоң пайдаларды көп,ал үчүн адам ойлонуу керек..
М: Кыргызстанда туруп эле дүйнөнүн каалаган жериң менен сүйлөшүп коёсуң. Бул да Кудуреттүү Жараткандын чоң нематтыдыр ..
Болгону адамдын өзүндө кеп...
Бирок бул ачуу чындык...) акылду адамды да ,билип, сезип турса да өзүнө сыйкырлап алган сыяктуу,кирген адам убакытты уттуруп кандай өткөнөнүн өзү сезбей калат. Балким бул да Жараткандын сыноосудур Кыямат жакындаса азгырган иштер,бузукулуктар,илим -техника өнүгүшүн кабарлап өткөн хадистерде...

Сөзүбүздүн аягында эмне демекчибиз туугандар!  Ким эмне көрүп,эмне кылып,эмнени жазып,эмнени угуп,эмнени жекизип,эмне менен алек болуп жатат баарысын Жараткан Көрүп,Угуп,Байкап тураарын эч унутпаң! Бул жашоонун аягы бар,эч ким андан качып кутула албайт.
Башка акыйкатка көз жумуп коёрсуз,бирок өлүм ачуусуна көз жума албайсыз. Бир күн келет сизден сурабай эле эмнени көрсөңүз ошого көзүңүз, эмнени сүйлөсөңүз тилиңиз,эмнени кылсаңыз, кайда бассаңыз колуңуз -бутуңуз күбө болуп баарсын айтып берет.
Ошон үчүн ойлон бир тууганым ал күн али келе элек, сенде мүмкүнчүлүк бар баарысын оңдоп түзөөтүгө!
Биздин жашоо бир эшиктен кирип экинчи эшиктен чыгып кете турган жашоо. Убакытты туура пайдаланып интернет торуна түшүп калуудан өзүңүздү сактаңыз!

�� _Насиба Абдуллаева_

��‍��‍��‍��«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

Отправить комментарий

Технологии Blogger.