Halloween party ideas 2015

Лондондун мэри болуп Садик Хан шайланды.  Ал мындай кызматты аркалаган биринчи мусулман катары тарыхта калмай болду.

Хан добуштардын 44%ын алса, атаандашы – мультимиллионер Зак Голдсмит 35% колдоо тапкан.

Ошентип, Хан консерватор Борис Джонсондун ордун ээлемей болду. Экс-мэр парламент депутаты бойдон калып, өкмөт башчылыкка негизги талапкерлердин бири экени айтылууда.

Теги пакистандык 46 жаштагы Хан жумушчулардын баласы. Атасы 25 жыл бою автобус айдаган.  Көп балалуу үй-бүлө Лондон четиндеги социалдык батирде күн кечирчү.  Жаңы шайланган мэр адам укуктарын коргогон юрист. 2008-жылдан бери мамлекеттик кызматтарда жүргөн.

Ханды шайлоо өнөктүгу маалында атаандаштары кескин сындап, “экстремисттердин жанында жүргөн лейборист бул кызматка татыксыз дешкен” жана Хандын “террорчулуктун күч алышында Британиянын тышкы саясаты айыптуу” деген сөзүн аргумент катары колдонушту.  Ушундай эле маанидеги сөздөрдү премьер Девид Кэмерон да айткан.

Булак: "Ынтымак"

Отправить комментарий

Технологии Blogger.