Halloween party ideas 2015

Бул дүйнөгө кимдер келип кетпеди.
Максатына кээси жетип, жетпеди.
Кээ адамдар жакшы жашап өтүшсө.
Кээ адамдар жаман жолду беттеди.

Сүйгөн менен аны  жандап жүрө албай.
Кол кармашып, катар басып күлө албай.
Канча өмүрлөр өттү өксүк арманда.
Толук кандуу бакыт эмне биле албай.

Байлык топтоп кээ бир жандар кыйналды.
Бирөөлөрү аны көрүп чыйралды.
Кээ бирөөсү башы чыкпай арактан.
Кур кетирди кайран гана жылдарды.

Адамбыз да ар кырдаалда жашадык.
Көп күнөөнү билип билбей жасадык.
Кечир Кудай суранаарым пендеңди.
Бизден кетсе пендечилик, каталык...

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

Отправить комментарий

Технологии Blogger.