Halloween party ideas 2015


“Исхак Раззаковдун динге көз карашы кандай болгон?” деген суроону көп угам. 
Жашоо образы, жашаган иштери менен чыныгы ИНСАНдыгын көрсөткөн атабыздын диний ишеними мен үчүн да кызыктуу болчу.

Ал кезде Советтик бийлик мамлекеттик ишмерлерди аябай көзөмөлдөп, дин темасына абдан катуу тыюу салынган. Бирок, ошого карабай, Исхак Раззаков Лейлектеги досторунан хадистерди, диний адабияттарды алдырып окучу экен. Албетте, жашыруун түрдө, өтө ишенимдүү адамдар аркылуу. Демек, Исхак Раззаков Ислам дини тууралуу кабардар гана эмес, аны терең билген Ханафий масхабы өтө өнүккөн аалымдар мектеби бар Фергана аймагынын уулу катары да динге илим катары кызыгып баш бакса керек. Ошол учурдун шартында ал динди толук жашай албаса да , анын жасаган иштери, жашоосу, адамдарга мамилеси анын канчалык ак, такыба экенин далилдеп тургансыйт.
Бул тууралуу Исхак Раззаковдун жеке “почтальону” менен маектешкен журналист, Айнагүл Базарбаева эжебиздин интервьюсунан маалымат алсаңыздар болот.

Айнагүл Базарбаева:
....-Эми кепти көптөн бери кызыгып, сизди көрсөм, бир баарлашайын деп жүргөн кепке бурсам, сизди элибиздин сүймөнчүк жетекчиси Исхак Раззаковду жакындан көрүп билип-жүргөн киши дешет. Кандайча тууганчылык жайыңыздар бар ?

Турабай Жороев, акын, КРнын Эл агартуусунун, Телерадиосунун жана маданияттын мыкты кызматкери:
- Мен ушу кезге дейре Исхак ата деп жүрөм. Өзүнө кайрылганда "ата" деп эле кайрылчумун. Кандайча ата деп калганымды айтайын. Көрсө,Исхак атам менин өз атам Жоро менен (туугандык жактан тага-жээн болуп кетишет) Ходженттеги интернатта чогуу тарбия көрүшөт. Исхак ата кийин Ташкентке окууга кетет. Атамды "менин артыман, бул жактагы мектепти бүткөндөн кийин барасың" дейт. Кийин атам да Ташкентке жөнөп жатканда жездеси Амир аксакал , "Исхактын эч кимиси жок болсоТашкентке бара берет да, сен жетим эмессиң, мына биз барбыз, тегирменибиз бар, тиричилик өтөт, эжең үйгө чакырып жатат" деп, атамды ээрчитип келе берет.Бирок Исхак ата бала кездеги досун унутпай өмүр бою катташып жүрдү. Атам согушка барып келди, жетекчилик кызматтарда иштеди. Исхак Раззаков 1969-жылы өзүнүн 60 жылдыгын өткөрүүгө Лейлекке келет. Бул тууралуу Карим Ташбалтаев 75 жылдыгына карата "Өмүр сереси" деп китеп чыгарган экен, ошондо мындай эскерүү жазыптыр: "Раззаков 60 жылдыгын өткөрүүгө өз кичи мекенине келгенде, "баарыңарга тегиз болойун, бириңдикине барсам, экинчиң таарынасың" деп, колхоздун мейманканасында жатты, бирок тагасы Молдо Маликтикинде, Балтабайдын үйүндө, молдо Жоронукунда мейман болду" дептир.Ошол күн биздин да эсибизде, алар үйүбүздө таң атканча олтурушкан. Ошондо лейлектиктердин чоң сарпайы зире-бекасам болчу, эжем зире бекасам чапанды Раззаковго жаап, атам бир жакшы кындуу, жасалгаланган бычагын белекке берди.

-Сизди Москвадагы Горький атындагы адабият институтунда окуганда Раззаковдун үйүндө жүргөн дешет го?
-Мен бул жактан окууга жөнөгөндө атам Исхак атанын дарегин берип, Москвага барып, окууга өткөндөн кийин гана Исхакка бар,-деп жөнөттү.Окуп калышыма Ороз эжем чоң себепкер болду. Атама катуу талап коюп: "Турабайды окутпасаң, өзүм окутам" деп туруп алган. Ал жакка барганда бул жакта тапшырган экзаменибизден сырткары, кайра экзамен тапшырып өттүк. Атам айткандай, окууга өткөндөн кийин гана Исхак атаны издеп бардым. Кызы Эльмира эже гана үйүндө экен. Анда ошентип жолуга албай келе бергем. Бир күн эле сабактан келсем жатакананын вахтасында кат жатат. Исхак Раззаковдун телефону жазылыптыр. Телефон чалсам, үйгө келиңиз деди. Мен барганда баягы биз берген зире-бекасамды жамынып басып жүрүптүр.

Лейлектегилер кандай, Кудайкул досум кандай жүрөт?-деп сурады. Адабият деген адеп илими жакшы окууга кирипсиз, жакшы окуңуз, каражат керек болсо мына, тартмага салып коём. Анткени биз көбүнчө дачада болуп калабыз,-деп ошого чейин айтып жөнөттү.Ошентип барып-келип жүрдүм. Каникулга жөнөгөндө бул жактагы досторуна кат берчү, бул сен үчүн тапшырма деп айтчу.Исхак ата немис тилинин согуш мезгилинде зарылдыктан улам, 6 айда толук үйрөнүп чыккан экен.Араб ,фарс тилдерин билчү.Тил билген керек деп калчу.Орусчаны айтпай эле коеюн.Чеховдун чыгармаларын, ал тургай К. Маркстын килейген "Капиталын" орус тилинен өзбек тилине которуп ушул күнгө дейре колдонулуп келишет. Каттарын өзү айткандай тапшырма катары жоопкерчилик менен алып келип колдоруна тапшырчумун. Көрсө, Исхак Раззаков досторуна жазган каттарында Араб тилиндеги адабияттарды, хадистерди сурачу экен. Достору мага аны аспиеттеп ак сурпка ороп, анан беришчү. Азамат, сен берилген тапшырмаларды жакшы аткарып келесиң деп, жакшы көрүп, экөөбүздүң өң-түсүбүздө да бир аз окшоштук бар деп күлүп койчу.

-Сиз айтып жаткан жылдар кайсы жылдар эле?
-1972-1976 жылдар. Кийин көп ооруп ооруканага жата баштады. Мен сырттан окууга которулдум.

-Акыркы жолу көргөнүңүз ?
-Акыркы көргөнүм, сентябрдын ортосу 1976-жылы күзүндө болчу. Үйүнө бардым, "Бизде сыл касал дейт, кусалык, кусалык,кусалык оорусу менен ооруп жатам, ным, аба жакпай жатат,-деди. Москва чоңдоруна өз жерине кетүүнү каалап жатканын кыйытса,"эгер кургак жер керек болуп жатса Африкага деле жиберебиз" деп, какшык иретинде айтып коюптур. Экөөбүз көпкө тиктешип калып жаттык. Улуулугун ушундан бил, баары бир Москвада сөөгү калаарын билип, ошондо эле мемуарын жазып баштап, өз керээзин калтырып кеткен тура. Акыркы көргөнүдө кармаган колдору тер баскандай болуп туруптур. Колумду көпкө кармады. Тагдыры, балалыгы оор күндөрдө өткөн улуу инсандын өмүр аягы да кусалык менен өткөнү кейиштүү . Ошол 1969 -жылы келгенде да Айыл Чарба тармагында иштесемби деп, да четин чыгарган экен. Бирок Исхак ата кыргызга бир жаралган башкача бир жан эле да.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.