Halloween party ideas 2015

  ✍ Жашообузда жакшы адамдар көп болгондо жашоо нугу түп башкача болмок,"беш кол тең эмес ","дүйнөдө адам деген толтура адам болуп жашагандар аз санда "дегендей,адамдар арасында жакшы болуп,жакшынын асылы болуп жашаган инсандар эсептелүү десек да болот. Ким жакшы болгусу келбейт? "Жакшы болуу аста -аста,жаман болуу бир паста ". Эгер билсеңиз жакшы адамдын атын уксаңыз көргүңүз келет,жанына барсаңыз аны менен көп -көп маектешип, акыл кеңештерин уккуңуз келет,айткан жанга жагымдуу сөздөрүнөн ыраахат алып,жан дүйнөңүздү тазартып,жүрөгүңүз дем алат.

Жакшы адамдын абалы кадимки бал аарыдай, же болбосо даарыканада сатылган даарыдай деп айтаар элем.
«Момун бал аарыга окшош,жакшыны жеп жакшыны чыгарат,эгер бутаккка консо,анын сындырбайт»(хадис) .
Жакшы адам болуу үчүн сизге кеңештер: .

1. Жакшы болуу үчүн биринчи кадамды өзүң башта,айлана -чөйрөңдөгү адамдарга көңүл бур, айрыкча досторго.  Ким менен олтуруп,ким менен жүрүп кимдерден кеңеш сурап жатасың? Адам өзгөрүүсү үйдө кандай тарбия алса деле, ага карабай кимдер менен көп жүрсө ошо айланага карап өзгөрө баштайт.

2. Жакшы достор менен болгун,ыймандуу,намазы,адеб ахлагы,жакшы болсун. Жаман жолдо жүргөн достордон (ичкилик,оюун зоок,динге каршы келген жолдо) болсо алыс бол,алар "күн тийгенде пайда болуп,күн бүркөлсө жоголуп кетет ",өзү менен сени да баткака кошо алып кетет.

3. Адамдардын асылы,Пайгамбарлардын мураскору, жакшылыктын үрөөнүн сепкен  аалымдар, устаздар менен бирге бол,мүмкүнчүлүк болсо зыярат кылып кеп -кеңештерин ук,сабактарына бар. Андай мүмкүнчүлүк жок болсо азыр эмне көп интернет деген  калооңду аткарат,ошондон көп -көп көр сабактарын калтырбай,угуп ыйманыңды жаңылап тур. Анткени адам жүрөгү бат карарып, бат адашууда,аны тирилтип, суугаруу да өз колуңда! Жакшылар менен жүрсөң шарапаты жугат,жамандар менен жүрсөң карасы жугат!

4. Аллах Тааламдын аяттарын окуп,илимиңди жогорулат,Пайгамбарыбыздан үлгү алып,  жаша эч качан адашпайсың.  Аны ээрчип анын адеп -ахлагынан,мээриминен,кечириминен,сабырдуулуган өзүңө камтып жашооңо пайдалан бактылуу болосуң!

6.  Жакшылык иштердин артынан чурка,канча болсо садака бергенди унутпа.  Садака ырыскыны,берекени эселеп алып келет.  Аллах Таалам жакшылык кылуучуларлан жакшылыгын эч качан аябайт Андан өткөн Мээримдүү,Боорукер,Кечиримдүү зат жок!
       Пенденин бактылуу болуусу инсандар менен жакшы мамиле жамай билгендиги,алардын сүйүүсүн жана жумшактыгын өзүнө тарта билүү. Ибрахим Пайгамбар Роббисине кайрылып мындай деди: «Оо,Роббим! Мени кийинки келгендерге жакшы үлгүлүү кылгын ».

Сени ким көрсө да жакшы көргөндөй болгону абзел. Пайгамбарыбыздын (С.А.В.) хадистеринде ушундай келет:

«Силер Аллахтын жер бетиндеги күбөлөрүсүңөр. Жабреил периште асмандагы периштелерге айтат экен:  Аллах бул пендесин жакшы көрдү, силер да аны жакшы көргүлө,ошондо алар жакшы көргөндөн кийин жердегилер да аны жакшы көрүшөт экен».
Боорукерликтин себептери:  Инсан дайыма маанайын ачык кылып жүрүү,сылык сөздөрдү сүйлөө,жана адептүү болуу.

«Ким сылык мүнөз болбосо бардык жакшылыктан (сооптон) кур калат »(хадис) . Бир даанышман: "Жакшы сөз жыланды да ийининен чыгарат "...

    Мына тууганым жакшы болуу кандай жакшы,сен ушундай жакшы болгуң,Аллах Таалам жакшы көрүп,ырайымына бөлөп,периштелер курчап жүрсүн,сен ушундай жакшы болгуң артыңдан дос,тууганың чуракап,издеп жүрсүн,сен ушундай жакшы болгуң ата-энең,дубасы үзүлбөсүн,сен ушундай жакшы инсан болгуң жубайың,балдарың,сүйүп,сыйлап,урматтап,күтүп алсын!   Аллах Таалам  пендесине эркти берген туура жолду тандоо да,адашууда өзүңдөн. Жакшы адам болуда өзүңө байланыштуу.

Насиба Абдуллаева.

‍‍‍"Бактылуулук Формуласы,Бактылуулуктун ачкычы,биз менен бирге болунуздар, бизге катталыныздар!".

Отправить комментарий

Технологии Blogger.