Halloween party ideas 2015



Мухаммед пайгамбардын (Аллахтын салам-салаваттары болсун) жашаган ыйык үйүнө хадистердин негизинде кайрадан реставрацияланган.

Мындан 1 400 жыл мурун Мухаммед пайгамбардын жашаган үйү көпчүлүктүн көңүлүн бурууда. Музей катары да көрүүгө ачылган үйдү 3D форматында интернеттен да көрүүгө болот. Мухаммед пайгамбарыбыз (Аллахтын салам-салаваттары болсун) камыштан токулган төшөктө жатканды жакшы көргөндүгү белгилүү. Бир бөлмөдө дагы камыш төшөктөр коюлган. Жерде камыштан токулган килемдер жана дубалдагы жаа жана октору илинип турат.
Пайгамбарыбыздын (САВ) үйү эң жөнөкөй үй болгон. Ашыкча эч нерсеси болгон эмес. Эгерде кааласа падышадай жашамак, бирок Ал башка аалам үчүн жашаган. Бул дүйнөнүн убактылуу болгонун үйү аркылуу билдирген.
Түбөлүк жашай тургандай кылып үйүн буюмдар менен толтурчу эмес, жубайларын дагы буга көндүрүп койгон. Өзү дагы, жубайлары дагы андай байлыкты каалаган эмес. Ал дүйнөдөн кайткан кезде үйүндө диван, жууркан, курма жалбырактары менен толтурулган бир жаздык, тамак жей турган бир табак, суу ичүүчү чыны, жаргылчак, кумган жана бир илеген гана болгон.

Бул баалуу буюмдар Умар бин Абдулазиздин дооруна чейин жеткен. Ал адам дагы, бул аз сандагы буюмдарды көрүп сабак алган. Умар бин Абдулазиз өзүнө келгендерге бул идиштерди көрсөтүп, мындай деген:
“Мына, Аллах Элчисинин калтырган мурасы ушулар гана!”.
Албетте, бул буюмдар турган үй дагы андагы буюмдарга жараша болгон. Пайгамбарыбыздын (САВ) жубайлары жашаган үйлөр “бөлмө” маанисин билдирген “хужра” деп аталган. Кийин бул бөлмөлөр бузулуп, мечитке кошулган.




Отправить комментарий

Технологии Blogger.