Halloween party ideas 2015

Буга чейин Чубак ажынын телеканалдарда шарият айтуу маалында, ал ахмадия жамаатына карата “каапыр” деп кайра-кайра кайталап баса белгилөөсүн ж.б. кептерин ошол жамааттын өкүлдөрү өлкөнүн мыйзамын бузду, Куранга каршы кеп айтты, аалым айта турган кепти айтпады дешип кине коюп чыгышкан эле. Бул тууралуу Чубак ажы кеп салып берди. 
— Сиздин «Кашкар-Кыштакка  жихад кылгыла!. Жихад бирде Куран, бирде курал менен жасалат» дегениӊизди, ошол айылдагы баланын өлүмүнө себеп болду дегендей пикирлерди чыгарып жатышат.
— Кыргызстандан Сириядагы капсалаӊга жаштардын массалык түрдө кетип жаткандыгын эске алып, Сириядагы проблемалар, ИГИЛ маселеси туурасында жаштарга, жалпы мусулмандарга акыйкатты түшүндүрүп берүү үчүн, жеке менин чакыруум менен Кыргызстанга Сауд Аравиясынан Доктор Мууса Шариф келип, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында бир жумалык семинар, тренинг өтүп кетти. Жарандарга жүргүзүлгөн агартуу иштер максатына жетти деп ойлоймун. Анткени ошол учурдан баштап Сирияга кеткендердин саны кескин азайгандыгын ММКлардагы маалыматтардан эч кыйынчылыксыз байкоого болот. Ошол айтылынган лекцияда, Жихадтын Исламдагы мааниси туурасында кеп козголгон. Чындыгында «Жихад» түшүнүгү Исламда «намаз», «орозо» сыяктуу эле касиеттүү түшүнүк, аруу маӊыз, адеми маани. Эгерде мекенибиздин чегарасын ким бузуп кирип келген болсо, Башкы командачыбыз- Президент буйрук берсе, курал менен мамлекеттин тырмактын агындай жерин коргоп калуу жихад болуп эсептелет. Анткени биздин өлкөдө динге эркиндик берилген, мусулмандар жашаган, мусулман топурагы деп эсептелет. Сирияга барып курал менен жихадка чыгуу, Кыргызстандык мусулманга азыркы учурда туура эмес. Кыргызстанда ыймандуулукка, адептүүлүккө, акыйкаттуулукка, адилеттүүлүккө даават кылып, илим таратуу жихады бар. Кыздарыбыз сойку болуп кеткен учурлар бар, ошолордун туура жолго түшүүсүнө себеп болуу бул да жихад, туура эмес секталарга кирип кетип жаткандарга туура Исламды айтып түшүндүрүү да жихад болуп эсептелет. Мисалы Кашкар-Кыштак айылында көп адамдар Ахмадия сектасына кирип кетишкен. Ал бүткүл үммөттүн “ижмааьсы” менен каапыр деп табылган секта. Ошол адашып жүргөн пенделерге туура акыйкатты айтып жеткирүү илим менен болгон жихад. Бул сөз айтылган лекция КТРдан, ЭЛтрдан, ал эле эмес коӊшу өлкөлөрдүн ММКларынан  кыргыз жана орус тилдеринде айтылды.  Дээрлик тогуз миллион адам  Ютуб аркылуу укту.Осурган кыз осурбаган кыздын бетин тырмайт деген кеп бекер айтылган эмес. «Ошол өлтүрүлгөн адам Ахмадия жамаатына кирип, кийин анын туура эмес секта экенин билингенден кийин, тооба кылып ал сектадан чыккан. Анын чыккандыгын каалабаган мурдагы  секталаштары өлтүргөн» деген кыӊыр кеп эл арасында айтылып жүрөт. Албетте, бул кептин чындыгын сот бийлиги аныктайт. Шамал болбосо дарактын башы кыймылдабайт.
 Сиздин «каапырлык» тууралуу айтканыӊызды көп угабыз. Ахмадия жамаатын да каапыр атап жатасыз. Адамдын каапырлыгын бир кудай, анан адамдын өзү билет дейт ко. Анын үстүнө алар деле Исламдын шарттарын жасайт экен го. Жамааттар арасында каапырлыкты кантип айырмалоого болот?
— Мени «каапырлык» тууралуу көп айтасыз деген суроо акыйкатсыздык деп айтаар элем. Бир айтылган сөздү, дисктен кайра-кайра уга берсе, көп айткан деп эсептелбейт. Ахмадия сектасынын каапыр экендигин мен жалгыз эмес, сөзү этибарга алынган бардык аалымдар, муфтийлер жана муфтияттар айтышкан жана фатваларын беришкен. Ал эле эмес Пакистанда буларды «диний азчылык» катары токтомун чыгарышкан. Ахлу сунна жаматынын фатвадагы Умдасы болуп эсептелген Азхар Шарифтин 13\12\2009 жылкы 3752-фатвасында бул сектанын мусулман эмес, каапыр экендиги баса белгиленген. Андан сырткары Надвийдин, Маудудийдин, Мухаммад Хизыр Хусейиндин  Ахмадийлердин акыйдасын ката экендигин, өздөрүнүн каапыр экендигин баяндашкан. Ошол фатвадан үзүндү келтиребиз:
“…Ахмадийлердин адашкандын үрөнүн сепкен, жалганчы китептеринин айтуусунда, Аллах Таала Мирза Гулам Ахмадка  төмөндөгүдөй вахий түшүргөн: “Мени (Алла Тааланы) сүйгөн, мага таат-ибаадат кылган пенденинин баарына, сага (Мирза Гулам Ахмадка) ыйман келтирүү, сени ээрчүү милдеттүү болот. Андай болбогон учурда ал пенде Мени (Аллах Тааланы) жакшы көрүүчү  болбойт, ал пенде мага душман болот! Сени(н пайгамбарлыгыӊды) кабыл кылбагандар мына ушул айтылгандарды кабыл кылышпаса, сени (Мирзаны) жалганчыга чыгарышып, ыза-азап беришсе, аларды жаман жаза менен жазалайбыз! (Мирза ыйман келтирбеген) андай каапырларга  тозокту түрмө-камак кылып даярдайбыз!”.
Ахмадийлердин туура эмес акыйда-ишенимдеринин бири: Пайгамбарчылык Мухаммад алайхис салам менен мөөрлөнгөн-аяктаган эмес. Алардын айтуусунда, үммөттүн оӊолуусу үчүн, алардын туура жолго түшүүсү үчүн зарылчылыкка жараша Аллах Таала пайгамбарларды жиберип турат. Чындыгында бул сөз, Каадиянийлердин  Куран аяттарын , хадистерди бурмалагандыгын жана анын натыйжасында ыймандан чыгып каапыр болгондугун далилдейт. Аллах Таала ыйык Куранда айтат: “Мухаммад  силердин бириӊердин атасы эмес, а бирок ал Аллахтын элчиси, жана пайгамбарлардын мөөрү. Аллах Таала ар бир нерсени билүүчү!” (Ахзааб:40). Пайгамбарыбыз алайхис салам  айтат: “Менден кийин пайгамбар жок (келбейт)!” (Бухарий).
Ахмадийлердин чектен чыккан фаасыктыгын бири: Алар пайгамбарлардын макамына, хулафаи раашидинге, сахабаларга чабуул коюшат. Бейиш жигиттеринин мырзасы болгон азирети Хасан менен азирети Хусейиндердин да урматын ордуна коюшкан эмес. Мирза Гулам Ахмад Кадияний айтат: “ …адамдар мени Хасан менен Хусейинден фазилеттүүрөөк деп айтышат. Ооба! Мен өзүмдү экөөнөн теӊ фазилеттүүрөөк деп билемин! Көп узак эмес убакытта Аллах Таала бул фазилеттүүлүктү ачыка чыгарат”.
Ахмадийлердин  адашууларынын дагы бири: ыйык Куран аяттарынын маанилерин өздөрү каалагандай таризде жоромолдогону. Алардын бул жааттагы “эмгектеринин” баарын санап тизмектеп олтурууга узак убакыт керек.   Мисалы катары Исраа сүрөөсүнүн 1-аятына берген кыстырмасы. Кудай Таалам айтат: “Өзүбүздүн (керемет-кудурет) аяттарыбыздан көрсөтүү үчүн Харам мечитинен, Өзүбүз чөлкөмүн берекеге тундурган Аксаа мечитине, түн ичинде өзүнүн пендесин көз ирмемде  (исраа кылып) жеткирген  ( Аллах Таала ар кандай кемчиликтерден) аруу! Акыйкатта Аллах Таала угуучу да көрүүчү”.
Мына ушул аятта айтылган ”чөлкөмү берекеге тунган Акса мечити” Кадиянийдин пикиринде Кадияний кыштагындагы мечит экен!!! Пайгамбарыбыз алайхис салам ошол жерге көз ирмемде (исраа кылып) жеткирилген экен!!! Жалпы тафсирчилер, тарыхчылар бир ооздон Аксаа мечити дегенде азыркы Фалестиндеги Байт ал Макдис (Кудус) мечитин түшүнүшөт.
Аалу Имраан сүрөөсүнүн 97-аятында Аллах Таала айтат: “Кимде ким (бул Харам мечитине) кирсе, ал амандыкта болот!”. Кадиянийдин оюнда бул Кадиян кыштагындагы мечит экен???!!!… Муфассирлер, ислам аалымдарынын баары  бул мечиттин Маккадагы кадимки мечит экендигине шек санашпайт.
Фатх сүрөөсүнүн 29-аятында Аллах Таала айтат: “Мухаммад Аллахтын пайгамбары, аны менен биргелер кааапырларга катуу да, өз ара ырайымдуу (болушат)”. Кадиянийдин пикиринде бул аяттагы “Мухаммад  Аллахтын пайгамбары”  Мирза Гулам Ахмад Кадиянийдин дал өзү!!!???. Бул акыйкатсыз, туура эмес сөздөрүн ал “Таблигу рисала) китебинде жазып калтырган.
Анбия сүрөөсүнүн 107-аятында Аллах Таала айтат: “(Оо, Мухаммад!) сени ааламга ырайым (мээрим желаргысы) кылып жөнөттүк!”. Кадияний, мына ушул айтылган адам  менмин деп жар салат.
Ахмадийлердин үлкөн проблемаларынын бири, кадияний агымын тутунгандарды Каабадан жана Харам мечитинен алыстатып, анын ордуна Кадиян кыштагын аларга кааба жана кыбла кылып беришкен. Ажылык милдеттин ордуна, Кадиянда жыл сайын өтүүчү конференция-жыйналышка барууну ишке ашырышты. Мирза Гулам Ахмад Кадияний айтат: “Кадиянга келүү –ажылык!”.
Мирза Гулам Ахмадтын айтуусунда ага “Ачык китеп”  деп аталган Куран китеп  түшүп, ал эле эмес ага башка пайгамбарларга караганда көбүрөөк түшкөн. Ал өзүнүн туура эмес пикирлерин жазган “Бараахиину ахмадийя”, “Изаалатул аухаами”, “Хакийкатул вахйи”, “Сафийнату Нуух”, “Таблиигу рисаала”, “Хутбатун илхаамийя” аттуу китептерин жазып калтырган… .”
Адамдын каапырлыгын бир Кудайым өзү билет, жана ошол эле учурда Аллах Таала ыйык Куранда туура динди, таза акыйда-ынанымды баяндап берди. Ошол эле учурда туура эмес акыйданы, каапырлыкты да баяндап берди.  Ислам аалымдары ким акыйкатты бурмалап жаткан болсо, аны туурасын баяндап айтып берүүгө милдеттүү. Адам мусулман болуусу үчүн Пайгамбарыбыз көрсөтүп берген ынанымды кармануусу зарыл. Өзүн канчалык мусулманмын деп айтып, бирок туура эмес ынанымды карманса, ал адам мусулман эмес болуп таанылат. Мусулман эместердин баары каапыр деп аталат. Капыр дегенибиз мусулман эмес деген маанини туюнтат.
Исламдын шарттарын жасап, бирок Мухаммад пайгамбардан кийин да пайгамбар келди десе, Куранга каршы чыккан болуп, анын мусулманчылыгы кабыл кылынбайт. Жогоруда алардын Куран аяттарын кандай таризде бурмалагандыгына күбө болдук. Демек, кимдин ким экендиги, анын ишенимине жараша аныкталат. Динибиз кирдүү кол менен кармагыс аруу дин. Мамлекеттин чегарасын кандай карсак, динибизди да мына ошондой кармайбыз, коргойбуз. Туура эмес маалымат киргизүүгө аракеттегендердин жүзүн ачып, динибизди таза сактайбыз.
— Бирөөлөрдун ишенимине тил тийгизүү бул өлкөнүн мыйзамына каршы келип, «такфирлик» болуп калбайбы?
— Биз эч кимдин ишенимине тил тийгизген жокпуз. Болгону чыныгы таза мусулмандар катарында, динибизди бурмалап жаткандардын акыйкатын гана айтып коюудабыз.  Анткени, карапайым адамдар алардын сөздөрүнө ишенип, ыймандан чыгып каапыр болуп, түбөлүккө тозокко кирүүгө дуушар болуп жатышат. Аллахтын астындагы аманаты жеткирүү – аманат. Бүгүнкү күндө саясий өӊүт алган «Такфирчилик»  жамааты, жамаат катары катары сиз айткан мааниге ээ эмес. «Такфирчилик» — өздөрүнүн пикирине кошулбаган мусулмандарды каапыр деп атоо. Бул азыркы учурда  ИГИЛдин ишмердүүлүгүнө карата айтылганы туура болот. Ал эми Ахмадийлердин каапыр (мусулман эмес) экендиги бир ооздон айтылган.
— Эми ошол Ахмадия жамааты менен ырылдашпай, толеранттуулук, өз ара түшүнүүчүлүк менен жашаса болбойбу?
— Суроо адептин чегинен сырткары берилген. Эч ким алар менен айтышкан жери жок. «Ырылдашпай» деген сөздү башка жерге колдонсоӊуз жакшы болмок. Алардын мышыгын эч ким пыш деп айткан жок. Болгону алар өздөрүн мусулманбыз деп айтып жаткан учурда, алардын мусулманчылыкка тиешеси жоктугун гана баяндоо. Биз элибизди ар ким келип каалаган жагына тарта берүүсүнө макул эмеспиз. Жеке менин өзүмө келсек, мен эч убакта Ахмадий же башка каапыр сектанын мүчөсү менен бирге олтурууну каалабас элем.
 Өлкөдө Ханафий багытындагы Ислам гана кармалсын деп айтылууда. Бул мурда эле бизге келип калган башка Ислам жамааттарын (вахабийлик, салафийлик, шииттик, шаафийлик) укугун басмырлаган болуп калбайбы?
— Ошол айткан тараптардан сурасаӊыз жөндүү болоор эле. Ошондой болсо да айта кете турган сөз,  бир өлкөдө бир мазхабтын, же багыттын кармалуусу ынтымактын себеби экендиги баарыбызга  белгилүү. Ошондуктан бир-эки ооз мазхабты кармануунун зарылдыгы жөнүндө айта кетейин: Ислам дини тынчтыктын, адилеттүүлүктүн жана биримдиктин дини. А бирок кээ бир учурларда ушул эле касиеттүү динибизди кармангандардын ортосунда тынчтык да, ынтымак да, биримдик да жок болуп калгандыгы баамдалат. Анализдик  көз караш менен пикирленгенде көпчүлүк мусулмандар Ислам динин туура эмес карманып келе жатышкандыктарына күбө болобуз. Мына ошол туура эмес кармануунун биринчи себеби туура эмес багытты карманып алышкандыгында турса, экинчи себеби туура багытты туура эмес кармап алгандыгында болуп турат. Туура эмес багыт деп ар кандай агымдарды (шииттерди, ахмадийлерди, такфиир жамаатын, ар кандай өздөрүн Исламга таандык деп эсептеп, а бирок чындыгында Исламга коошпогон ар кандай көз караштарды) назарда тутабыз. Ал эми туура багыты деп Ахлу Сунна жолун карманган жалпы мусулмандарды айтабыз. Мына ушул туура багытты кээ бир учурларда туура эмес карманып, натыйжада туура эмес жыйынтыктарга кептелип жатабыз. Эӊ негизги мисал катары «мазхабсыздык», же мазхаб тутунбай коюуну айтаар элем. Чындыгында жыйырманчы кылым менен жыйырма биринчи кылымдын айкашкан учурундагы Ислам үммөтүнүн башына келген эӊ оор проблемалардын орчундуусу мына ушул «мазхабсыздык» болуп калды. Бул туурасында Ислам аалымдары бир канча китептерди жазышып, мазхаб тутунбай коюунун туура эмес экендигин, эӊ туура жол мазхаб тутунууда тургандыгын баса белгилеп кетишкен. Сириялык үлкөн аалым Мухаммад Саьиид Рамазан Бутий  «Мазхабсыздык Ислам шариатына коркунуч туудурган эӊ чоӊ бидьат» деген баалуу китебин окурмандарга тартуулаган. Китеп өзбек окурмандарына Орто Азиянын мурдагы муфтийи Мухаммад Саадык Мухаммад Юсуф тарабынан которулуп тартууланган. Ошондой эле замандаш аалымыбыз Абдуллфаттаах аль Яафиьийдин калемине таандык «ат Тамазхуб» (мазхаб тутунуу) деген баалуу китеп жарык көрдү. Осмон империясынын акыркы наиб муфтийи  Мухаммад Заахид Каусарийдин «Мазхабсыздык динсиздиктин башаты» аттуу баа жеткис илимий макаласы бул темадагы эмгектердин бараандусу болуп саналат.  Санай берсек тизме бир кыйла узун болот.
Эзелтеден элибиз мусулманчылыкты Ханафий мазхабы аркылуу кармап келген. Дин тутунуудагы максаты ишке ашкан. Ар бир элдин динден ала турган пайдалардын бардыгын кыргыз эли да кемчиликсиз, эбегейсиз зор өлчөмдө алган. Акыркы убактагы мазхаб тутунбай коюу, же башка туура эмес мазхабтарды таӊуулоо сыяктуу иш-жараяндары жүрүп жаткан убакта, мурдатан карманып келген мазхабыбызды алдыӊкы орунга коюу, анын артыкчылыктарын жана өзгөчөлүктөрүн үйрөнүп билүү учур талабы болуп саналат. Ошол талаптардын башында өлкөбүздөгү Ханафий мазхабына берилген колдоо турат деп тереӊ ишенемин.
 Упел АНАРКУЛОВА, "Эл деми"

Отправить комментарий

Технологии Blogger.