Halloween party ideas 2015

Гүлдүн жыты жыпарланып, кереметтүү аңкыды,

Гүл жытынан бүт айлана буркурады, балкыды.

Гүл жытына магдыраган акын сымал мен дагы

Гүлдүү сөздөн баштайынчы, жазайынчы катымды.

Үмүттөнгөн келсе экен деп, жерге тирүү көмүлгөн,

Үшкүрө албай, үнү бүтүп, кайгы-муңга чөмүлгөн.

Үстү-үстүнө кордук көргөн, алдан тайган кедейлер,

Үнүн угар жан адам жок, сөөгү сыздап сөгүлгөн.

Лаззат берген бул ааламга, жарап берген керекке,

Лаззаттанткан динди үйрөтүп, себеп болуп эбепке.

"Лаа илаха иллАллах" деп үйрөткөн ал Мухаммед Лаззат болуп келген беле пайгамбарлык себепке?

Мээнеттенип, медет болуп, мурас кылган сүннөтүн,

Медер тутуп, бек ишенген, абдан сүйгөн үммөтүн.

Мухаммеддин атын уккан бардык-бардык жандардын

Мээрим толуп жүрөгүнө, жан дүйнөсү гүлдөсүн!

Уккулуктуу анын аты бүткүл элге, жалпыга,

Уксун журтум, таанылсын ал, улутума, калкыма.

Улуулардын улуусунун уюткулуу мурасы,

Уңгусундай төп келишет кыргызымдын салтына.

Хамза сымал баатырлары, жолдоштору жандаган,

Хадичадай асыл жары өмүрүн ага арнаган.

Хадистерин, насааттарын эске сактап, чогулткан,

Хурайрадай сахабасы, досу менен жарданам.

Айта берсем эч түгөнбөйт ал жөнүндө кептерим,

Аңдап турам, эгер жазсам, аздык кылар дептерим.

Аны мактап-даңктаганга күчү жетпейт калемдин,

Аны менен кооздолду ыр саптарым, беттерим.

Мээрим төгүп, мисал болгон, үлгү болгон коомуна,

Мээлүүн соккон желдей болуп жетимди кыскан бооруна.

Мемиреген тынч жашоодо кызматыңды кылгын деп,

Мээнет кылып, жол көрсөттүң жалпы элге, дооруңа.

Мухаммед, сен бул ааламга мээрим үчүн жаралдың,

Мухаммед, сен нурдай болуп бүт дүйнөгө таралдың.

Мугалим деп устат тутат бардык момун мусулман,

Мухаммед, сен улуулуктун белгиси деп саналдың.

Эскертпесең эгерде сен, болуп калмак кыямат,

Эстери жок динсиздерди ким башкарып, тыя алмак.

Эң сүйүктүү пендесисиң жаратуучу Алланын,

Эң бир улуу пайгамбарсың, ушул – биздин тыянак.

Даярдандым сүннөт сактап, намыска бек турам деп,

Дайым жүрөк согуп турат "Алла", "Ислам", "Куран" деп.

Дайым бирге сени менен болсом деген тилекте,

Дагы бир саам салам айтам, алик алгын, Мухаммед.

Т.Сагындыков.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.