Halloween party ideas 2015


1) Эмдетсе болобу? Дарыгерлер балага эч кандай зыяны жок дешет.

Жооп: Албетте дарыгерлердин жеген оокаты ошол болгондон кийин алар аны “туура, эч зыяны жок” деп айтышат. Анткени аларга ошентип үйрөтүшкөн. Анан калса ошол эмдөөгө бериле турган дарылардын сыртына да жакшы сөздөр гана жазылган.

Кээ бир медицина аалымдары бул эмдөөлөрдүн кээ бирлерин зыяндуу деп айтышат. Мисалы Галина Цареванын “Биологическое оружие: Яд от элиты” деген документалдык тасмасын көрүүнү сунуштайт элем. Ошондо толук маалымат бар. Ал маалыматтарды кыскача айтканда төмөндөгүдөй жыйынтык чыгат: “Ар бир эмдөөдө “ ртуть-сымап” бар. Ал мээни зыянга учуратат, жаш балдар андан “Даун” оорусу менен ооруп калуу коркунучу бар. Адамзаттын санын кыскартуу үчүн чыгарылган нерселер...ж.б.".

Жеке мен өзүм балдарга эң жакшы каражат катары эненин сүтүн айтмакчымын. Эгер бала 2 жаштан 2,5 жашка чейин эме турган болсо эч кандай эмдөөнүн кереги жок болот.

2) Сүмөлөк жөнүндө маалымат берип коёсузбу? Кайненем бир кылганда 5-6 жолу кылдырат, шартыбыз туура келбесе дагы.

Жооп: Сүмөлөк мен жакшы көргөн оокаттардан. Ким колунан келсе жасай берсин. Шарты туура келбеген адам өзүн кыйнабай эле койгону туура болот. Сүмөлөктү касиеттүү деп пикирленүү туура эмес. Сүмөлөктөн башка оокатты жасап эл чакырып той берсе да боло берет. Сүмөлөк бышырганда гана дуба жакшыраак кабыл болот деген ойдон алыс болуу керек. Белгилүү бир күнгө байлабай бышырса боло берет.

3) Бейиште эркектер үчүн хүр кыздар болсо, аялдар үчүн да хүр балдар болобу?

Жооп: Эркектер үчүн хүр кыздар болот да, бул жашоодогу аялы ошол кыздарга ханыша болот. Алардан да ашкан сулуулук өз аялына ыйгарылат. Ал эми аялдар үчүн өздөрүнүн күйөөлөрү эң сымбаттуу, көркөм жигиттер болуп жыргалчылыгына шерик болушат.

Негизгиси, Бейиш ар бир пендеге жага турган жай болот. Ал жакпаган пенденин өзү жок. Инсан бейиште эмне бар экендигине эмес, ошол бейишке кантип бара ала тургандыгы тууралуу ойлонгондугу эп.

4) Намазды окуп жүрүп таштап коюу канчалык күнөө?

Жооп: Арам жумуш. Кудай Таалам сактаган болсун. Кайрадан окуп баштоосу милдеттүү. Адашкандын айбы жок, кайтып үйрүн тапкан соң.

5) Телефондогу Куранды дааратсыз окуса болобу?

Жооп: Эң жакшысы аны да даарат менен окуганга аракет кылуу. Негизгиси телефонду дааратсыз кармоого тыюу салынбайт.

6) Шариатта кандай учурда арам нерсени жегенге руксат берет?

Жооп: Өлүп бара жатканда өлбөй кала турганчалык жегенге уруксат берилет.

7) Жолдошума экинчи аял болуп тийгем. Бирок күйөөм тараптан мени эч ким билбейт. Тойлорго мени менен барбайт. Элдер: “Жолдошуң кана?” деп сурай берип тажатат. Менден эки жаш кичүү. Эртең төрөсөм дагы баламды өзүмө жаздырат экенмин. Жообумду алып кетип калгым келет. Кеңешиңизди бериңиз, устаз?

Жооп: Анын да, сенин да кылганың туура эмес. Анын туура эмес жери эч кимге билдирбегени, сенин туура эмес жериң ошону талап кылбаганың. Жооп алып кеткенге шашпа! Баланы сойкулар гана өз атына жаздырат. Же аталары менин балам эмес деп чанганда өз атына жаздырат! Сен антпе, ага жол бербе!

8) Бала багып алууга шариат кандай карайт?

Жооп: Кайсы бир бала жетим калса, же багылбай кароосуз калса, ал баланы багып алууну шариат жылуу кабыл алат. Бирок, баланы сатып алууга, же сатууга, же башка нерсе менен соодалашууга, баланы башка диндегилерге багууга берүүгө болбойт. Колдон келишинче жакшы тарбия берип, кем кылбай багууга аракет болсо баары жакшы болот.

9) Жолдошумдун мурунку турмушунан 3 бала, менде 1 бала бар. Ортобузда бала жок. Азыр ооруп жатып калдым. Жолдошум менен балам карап жатат. Кайын журтум мени мурун эле жактырчу эмес, азыр оорукчан болуп андан бетер жаман көрүшүп жаткан учур. Ажыраштырабыз дейт, бирок жолдошум макул болбойт. Мен күнөөкөр эмесминби, устаз? (суроону устаз толук окуду, бул жакка кыскартылып берилди)

Жооп: Капа болбоңуз, насип болсо баары ордуна келет. Эң негизгиси Кудайды нааразы кылбаңыз, намазыңызды окуңуз. Жолдошуңузду капа кылбаңыз. Кайын журтка капа болуунун деле кереги жок. Ар ким өзүнүн баласынын бактылуу болушун каалайт. Ошондуктан алар да аны-муну сүйлөшү толук мүмкүн. Оорулуу болуп калганыңыз үчүн өзүңүздү күнөөлөбөңүз. Ден-соолук калыбына келип, бардыгы ордуна түшкөндө түш көргөндөй болуп эстен чыгып кетет.

10) Мен үйлөнгөн эмесмин. Бирок турмушка чыккан, бир кызы бар келинди жубай кылып алсам болобу?

Жооп: Болот. Сен эмес Пайгамбарыбыз алайхис салам деле өзүнөн улуу, мурда турмуш көргөн, балалуу Хадийжа энекебизге үйлөнгөн. Бирок ошол эле Пайгамбарыбыз алайхис салам мурда турмушка чыкпаган кыздарга үйлөнүүнү жакшыраак деп айтып, үндөгөн. Анткени жубайлардын жаңы жашоосу жаңы барактан башталганы жакшыраак болот.

11) Дос кызым сеанска деп эле бир жерге бара берет. Андан да тиги тигиндей болот, бул мындай болот экен деп эле ойду буза берет. Чубак устаз сабагын туура эмес өтөт жана Пайгамбарыбыздын өмүр баяны китеби туура эмес деп көп айтат. Акыркы күндөрү жек көрүү пайда болду. Эмне кылсам болот? Чыдамсыздык менен жооп күтөм. (суроону устаз толук окуду, бул жакка кыскартылып берилди)

Жооп: Сенин айтканың туура. Кээ бир адамдар менин кээ бир сөздөрүмдү туура эмес деп айтышат. Анткени алардын сөзүнө окшошпойт. Кээлер өзүнө окшобосоң эле ката деп айта беришет. Сөз качан туура болот? Сөз Куранга жана Сүннөткө туура келгенде гана туура болот.

Адатта бекинип сабак бергендер мандемдүү болот. Айткан сөзүн эч кимден жашырбай айтса, ишенич туулат. Ката кеткен жери болсо, эл айтса ошого карап түздөнөт.

Биздин сабактарыбыз Ханафий мазхабынын жана Ахлу Сунна (матуридия ) мектебинин негизинде жүргүзүлөт. Тасаввуфту жакшы көрөбүз. Мен деле ката кетирип алуум толук мүмкүн. Эгерде жогорудагы багыттын негизинде туурасын айтып бергендер болсо, сүйүнүп кабыл алмакмын.

Акыйкат ар дайым айтыла берет. Мени жамандагандар, же жашынып алып жамаатына сындагандарга айтарым, сынчынын сыңар өтүгү майрык деген кеп бар. Ар ким өзүнүн өтүгүнүн түздүгүн караган жакшы болор.

12) Кара дубанын таасири тиеби, же баары Алладанбы?

Жооп: Кара дуба сыйкыр деген эле сөз. Анын терс таасири бар. Адам өзү зикир жана дубалар менен сактануусу кажет. Бардыгы Кудайдын гана буйругу менен болору шексиз. Кудай Таалам пенделерин сыноо үчүн ушундай нерселерди да бул ааламда бар кылган.

13) Дезодоранттын (атыр, духи) курамында спирт болсо колдонууга болобу жана ибадаттарга тиешеси кандай?

Жооп: Спирт кошулмасы бар атырларды колдонуунун эч зыяны жок. Ибадатка терс таасирин тийгизбейт. Азыркы учурда фатва ушул сөзгө берилет.

14) Эрежесиз эр уруш (ММА) менен алектенүү динибизде кандай каралган?

Жооп: Короз уруштуруу, ит талаштыруу, бука сүзүштүрүү жана адамдарды эрежесиз уруштуруу жакшы эмес. Арам иш деп табылат. Анткени адамдардын инвалид болуп калуусу, кээде өлүп калуусу ыктымал болгон катаал оюндарга тыюу салынат.

Ооба, адамдын башына эмнелер келбейт. Ат башына күн түшсө ооздугу менен суу ичет, эр башына күн түшсө өтүгү менен суу кечет дегендей, кээде эрежесиз эр уруштун бардык ыкмасы ишке жарап калуусу мүмкүн. Ошондуктан ага машыгуунун туура эмес дегендин өзү туура эмес. Бирок, иш чара катары уюштуруу, аны даңазалап жайылтуу, аны көргөнү баруу туура эмес.

15) Урматтуу ажым! Мен айыл жеринде мечитте имам болуп иштейм. Көңүлүмдү чөктүргөн амалдардын бири фидья-давра маселеси. Илимим алхамдулиллах жакшы эле, бирок жалпы айыл эли (жети миңден көп) мурда көнүп калгандыктан дооран талап кылып келишет. Эки-үч жылдан көбүрөөк уруксат бербедим. Эми “аш көбөйсө, каада көбөйөт” болуп, бардык өлүм-житимдеги бидьаттар күчөдү. Мен фидьяны бергиле, кембагалга дооран кылалы деймин. Эл дооран кылса, мен каршы болгонум үчүн күнөөкөр боломбу?

Жооп: Фидия берүү бар маселе. Карылык себептен окулбай калган намаздар, тутулбай калган орозолор үчүн ар бир күнкү орозого, ар бир намазга орозо битир өлчөмүнчө фидия кайыр катары жардыларга берилет.

Давра дегени, ошол фидиядан кутулуунун жолу катары тутулган айла-амал деп айтсак туура болот. Аны кыргызча эле айтса болот. Бизде жигит өлгөндөргө деле фидия берип, давра окулганы туура эмес. “Шейх фаани”, жедеп улгайган кары адам деген түшүнүк каралбай жатканы өкүнүчтүү.

16) 11-класстын аттестатын сатып алса арам болбойбу?

Жооп: Окубай туруп сатып алсаң албетте арам болот. Окубай туруп, бирок ошол программаны билсең, анда аны колго алсаң, айла жоктун иши катары бааланат.

17) Чет жакта иштеймин, өз саатымдын убактысы менен гана намаз окучумун. Бир күн башка саат менен намаздарымды өз убактысынан башка эле убактарда окуп алыпмын. Ошондо ал намаздарымды кайра окуп берүүм керекпи?

Жооп: Башка саат менен окуса сөзсүз ката болуп калат деген жери жок. Негизи календардагы намаз убакыттарынан адашпаса эле туура боло берет. Ошого салыштырып карап, тактап алыңыз. Туура келбесе, казасын окуп берүү милдеттүү болот.

18) Оштогу жин чыгарган мыкты молдолордун дарегин берсеңиз устаз?

Жооп: Ошто ким жин чыгарганын билбейм.

19) Жолдошум менен жашаганыма 8 жыл болду. Ал Москвага кеткенде, мен бир байке менен жакын мамиледе болуп койдум. Ал кезде жолдошум менен урушуп жүрөт болчумун. Жолдошум чакырып калды, үйдөгүлөрүмдүн айтуусу менен араң бардым. Ошентип уруш-талаш коштолгон жашоо уланды. Кийин боюмда болду, төрөдүм. Эң өкүнүчтүү жери, уулум жанакы байкеге окшоп төрөлгөнү. Күнөөкөрмүн, устаз. Эмне кылсам болот?

Жооп: Бала сиздин жолдошуңузга катталат. Ошонун баласы деп эсептелет. Анткени аны менен никеңиз сакталуу. Өткөн күнөөлөргө өкүнүңүз, тооба кылыңыз. Андай терс иштерди кайталабаңыз. Ал эми бул маселе жабылуу бойдон калганы туура болот.

Жолдошуң менен ынтымакта жашоонун аракетин көр. Балдарыңды атасыз калтырба... Намаздан калба! Бул убактылуу жашоодо татыктуу жашоого аракет кыл. Сыноо дүйнөнүн сыноосун көтөрө алгандар гана бейишке барарын унутпа.

20) Жолдошум экөөбүз 7 жылдан бери дарылансак да балалуу болбодук. Бир врачтын кеңеши менен жер алмаштырып, баарынын ыраазычылыгын алып Екатеринбурга кеттим. Келген соң жарым айдан кийин эле телефондон жолдошум талагымды берди. Ушундай да болобу, устаз? (суроону устаз толук окуду, бул жакка кыскартылып берилди)

Жооп: Болгонун сен айтып берип жатпайсыңбы? Шариат талакты жакшы көрбөйт. Болор иш болуптур, эми сен дагы өткөн ишке ойлонуп кыжаалат боло бербей, келечекке түз кара. Намаз оку, оромол салын. Бактыңды Кудайдан тиле. Кудайым берсе бактыңды, аны эч ким тартып ала албайт. Кудайым бербесе, сени эч ким бактылуу кыла албайт. Кудайдан калба....

http://saresep.kg/

Отправить комментарий

Технологии Blogger.