Halloween party ideas 2015


1) Жолдошум “Накшибанди” жамаатында. Алар 8 шартты аткарышат экен. 8-шарт дегени 5 мүнөт «устазынан мага нур келип жатат» деп көзүңдү жумуп, элестетип олтурат экенсиң. Кеңешиңиз керек, устаз?

Жооп: Накшибанди тарыйкасындагы сегиз шарт төмөндөгүлөр:

Тооба гусулунун дааратынын ниети менен даарат алуу;
Тооба гусулун алуу. Ниетинде сыртымды суу менен аруулагандай эле, Кудай Таалам да жан дүйнөмдү өзүнүн файзы-карамы, маьрифат нуру менен арууласын деген маани болот.
Эки рекет намаз окуп,«Фатихадан»кийинбиринчисинде «кул яа айюхал каафируунду», экинчисинде «Ихласты»окуйт.Жалпы тообаны, жеке истигфарды, экөөнү теңбирге ниет кылат.
Жүрөк жана тил менен тооба кылуу. Өткөн күнөөлөрүнө өкүнүп, таштоого катуу ниет кылып тооба кылат. Башкалардын акысына кирген болсо, алардан кутулат.
Тили жана дени менен,бүтүндөй турпаты мененистигфарайтат.
Өтүп кеткен тарыйкаттын устаздарына арнап сегиз ирет Фатиха окуп багыштайт. Алардын ысымдары китептеринде даана айтылган.
Фикирге түшөт. Фикирде устаздар дубасы, алардын тилектери аркылуу Кудай Тааламдынжакшылыктары келип турат, бирок дүнүйөгө байлануу, күнөөлөрдүн көптүгү алардын берекесин жеткирбей тосуп турат деген маанилер фикирде болот. Андан башка да маӊыздуу аӊыздар аӊ-сезимди аралап жүрөт.
Рабыта. Кудайдын жолуна жетүү, акыйкатты туюнуу максатында илим менен адепте үлгү, тарбия менен таалимде алдыӊкы болгон тарбиячы пир-устазга байланат. Аны ээрчип акыйкаттын даӊгыр жолуна түшөт. Устаздан пайгамбардын жолуна түшүүнү кадиксиз үйрөнөт. Жүрөгүн устазына байлайт. Устазы анын жүрөгүн тазалоого кам көрүп, Аллах Таалага алып баруучу жолго багыттайт.
Мына ошол устазына байланган жүрөктү айтып жатасыз. Аны кээ бирлер жакшы түшүнбөйт. Жакшы түшүнбөгөндөн кийин ар нерсени айта да беришет.

2) Меккедеги кыргыздарга бекер мейманкана тууралуу маалымат билсеңиз айтып койсоңуз, устаз? 


Жооп: Ал дал ушул кыргыздарга таандык деген ачык тест менен айтылган осуят наама деле эмес. Бухара, Самарканд , Ош тараптан келген ажылар ажыга келгенде жашасын деп осуят калтырган. Ушул шаарлардан барып калгандардынвакфы десек туура болгону турат. Мурда Өзбекстандан барган ажылар турушчу, аларда саясат бир аз катаалдашкандан кийин, ал жерлер бош калып биздикилер жашап турушат. Канчалык узун сөз айтсаӊ деле ушул жоопко келип такалат туурасы жана маӊызы...

3) Врачтарга барсам, ал мени текшерип кыздыгым жок экенин айтты. Аллах көрүп турат, мен эч ким менен болгон жокмун. Бул нерсе шариатта кандай каралган. Ушундай болушу да мүмкүнбү?

Жооп: Ар кандай себептерден улам кыздык деп аталган чел кабыкча жоголуп кетүүсү мүмкүн. Же тубаса ошондой төрөлүүсү деле акылга сыя берет. Же доктурдун бир азыраак туура эмес жыйынтык чыгаруусуна таандык да болуусу мүмкүн. Андыктан ага анчалык кыжаалат боло берүү жөндүү эмес.

Шариатта кыз эмес деп мурда турмушка чыккан же сойкулукту кесип кылып алган адамга гана айтылат. Кандайдыр бир себептер менен кыздык белгиси көрүнбөсө эле аны «кыз эмес» экен, жаман жолдо жүрүптүр деп айтуу күнөө иш болуп саналат.

Кээ бир учурларда жаӊы үйлөнгөн жубайлардын ортосунда ушундай тариздеги ыӊгайсыздык жараткан окуялар жүз берип, нике түндүн эртеси эле кызды төркүнүнө жеткирип берген көрүнүштөр жок эмес. Энесинен башка эч ким өппөгөн, шамалдан башка эч ким этегин жаппаган абийирдүү жакшы кыздарды да ушундай мамиле тооруп алган учурлар кездешет. Кээде денесинин чоюлчаактыгы эле ал нерсеге себеп болуп калган болот. Жигиттерибиздин жалпы маданиятынын кем болуусу, алардын түшүнүктөрүнүн тайкы болуусу кыздардын бактысыз болуусуншарттоодо. Кудай Таалам адаштырбасын...

4) Турмуш курганыма 5 жыл болду. 2 кайненем бар. Биздин бөлүнүп чыкканыбызга 2 жыл болуп калды. Жаш кайненем шаарга иштегени кетиптир. Чоң кайненем 80 жашта. Мен анын небере келини болом. Биз барып карабасак, бизге күнөө болбойбу?

Жооп: Чоӊ кайненени кароо анын балдарына милдеттүү болот. Балдары аны кароодон кайсы бир урматтуу себептерден улам калышса, же башка бир шарттар менен кароо милдети силерге жетип калган учурда, ал кемпирди кароо силерге ваажып болуп калат.

Улгайган адамдын батасын алуу жакшы береке. Волонтер дегендер бейтааныш эле кемпир-чалдарды карап сооптуу иштерди аткарганга жан үрөшөт. А силерге бул кемпир бөтөн эмес. Жан-дилиӊерди коюп кызмат кылсаӊар береке табасыӊар. Мындай сооп табууга берилген мүмкүнчүлүк арбирөөнө эле бериле бербейт. Кемпирдин көӊүлүн көтөргүлө. Ал жаш баладай эле болуп калат. Жаш баладай кылык-жоруктарына көз жумгула...

Эч ким билбейт, кимди кандай карылык күндөр күтүп жатканын... . Эч ким билбейт, ким карылык күндөргө жетерин, же жетпей жолдо каларын...

5) Намаз окуп жатканда даарат сына берсе эмне кылуу керек?

Жооп: Намаз окуп бүтө турган убакыт өтпөстөн эле тез-тезден даарат сына бере турган болсо, ошол даарат сындырган себеп-маани, сиз үчүн даарат сындыруучу болуп эсептелбейт. Бирок, анын ордуна сиз үзүрлүү-себептүү адамдардын катарына кошуласыз. Ар бир намаздын убагына жаӊы даарат аласыз. Бул даарат менен ошол намаздын убагы чыгып кеткенге чейин парз, ваажып, нафил жана сүннөт намаздарды каалаганча окуй бересиз. Куран китепти кармап окусаӊыз да жарай берет. Жогорудагыдан башка даарат сындыруучулар жүзөгө келгенде дааратты жаӊылап аласыз. Мисалы, сиздин денеӊиздеги жарааттан дайыма сызылып кан аралаш суу чыгып турса, бул нерсе сиз үчүн даарат сындыруучу болбойт. Ар намаздын убагына жаӊы даарат алып намаздарды окуй бересиз. Кан аралашкан суу чыга берет, ага маани бербейсиз. Андан башка, мисалы: жел чыга турган болсо, анда дааратты алууга туура келет. Кудайым туура жолдон адаштырбасын...

6) Жолдошум - мугалим, жогорку билимдүү. Бирок ата катары балдарынын алдында сый-урматы жокко эссе. Кээде орчундуу деле себеби жок намазды окубай коёт. Мактангандай болбоюн, баардык жүрүм-турумун айтып турам. Акылы жаш баладай, болгондо да акылы кемирээк. Үйрөтө берип күнөөгө батып жатамбы деп ойлоп кетем. Аял катары алсыз болуп, ага жөлөнүп жашагым келет.Үйдө эркектин катуу талабы болушун каалайм. Тилекке каршы, эркектен күткөн катуу талапты, тартипти өзүм коюп жатам. (суроону устаз толук окуду, бул жакка кыскартылып берилди)

Жооп: Урматтуу бир тууганым! Ар адамда ар тагдыр болот. Ошол тагдырдагы оош-кыйышты, кыйынчылыктарды жеӊүүгө буйрулганбыз. Эгиз улакка айры шыбак дегендей, Кудай Таалам ар нерсени өзүнүн сыр-хикматы менен жаратат. Балким, сизден башкага үйлөнгөндө ал адам бул жашоодон адашып кетмек. Балким, сиз мындан башкага турмушка чыкканда, жашоо уланбай, чагылган жарк эткендей бейтаалай нике кыска өмүр сүрмөк. Балким, андай деле болмок эместир. Кандай болгондо да болору болуп, боёсу канды.

Сиздин ашкере тыӊдыгыӊыз анын үйдөгү кожоюндук кылууга жарай турганазганекей иммунитетин жоготуп да жиберген да болуусу мүмкүн.Аял дайыма эркекти аялдай ой жүгүрткөнгө өзү билбей мажбурласа, эркек дайыма аялды эркектердей ой жүгүртүүгө түртөтэкен. Эркек менен аялдын түгөнбөгөн күрөшү мына ушул чекиттен башталып, кайра ушул эле чекиттен бүтөт.

Мен сизди же башканы күнөөлөгүм келбейт. Пенденин өз жашоосунун жакшы болуусуна кылган аракет-далалаты кээде туура эмес жыйынтыкка алып келип койгон учурлар жок эмес.

Азирети Умардын сөзү бар: «Эркек өз аялы менен болгон мамиледе жаш баладай кыялдуу болуп, жумшак мамиле кылсын да, сыртта кадимки сүрдүү жана олуттууэркекке айлансын!»Анын сыӊарындай,эркектер дайыма кароого муктаж. Карабаса катын кетет, бакпаса мал кетет. “Баккан ээси жарашса күйпүл күчүк сак болот, алган жары жарашса кара катын ак болот”дейт. Ошол себептен күйөөӊүздү чоӊ балаӊыздай эле кабылдап кам көрүп, аны эркек катары иштетүүнү да эстен чыгарбаӊыз.

Күйөөӊүз жубайлык мамиле каалаган учурда өзүӊүздү көндүрүӊүз. Ал ошондо өзүн эркек катары сезет, духу чөкпөйт. Болбосо эч ким тоготпогон байкуштай сезип, ындыны төмөндөй берет. Ал эми тамакка чакырганда, жөн эле чакырбай,жетелеп келип олтургузсаӊыз жакшыраак болот. Алган тарбиясы тайкы адамдар ошондой болуп калат.

Балдардын көзүнчө аны көп эле кагып-силкип, үйрөтө бербеӊиз. Ал чүнчүп кетет. Аны мактап ишке салыӊыз.

Көпчүлүкаялдар эркектердин жакшы сөз сүйлөгөнүн каалашат, бирок табиятынан бардык эле эркектерге андай жөндөм бериле бербейт эмеспи. Эркектин көз карашынанжемамилесинен гана араӊ эле байкоого болот. Айрыкча кыргыз эркектери бул маселеде өтө эле сараӊ экендиги маалым.

Китеп окуганды сунуштайт элем. Фильмге караганда китеп көп маселени жаркын ачып берет эмеспи. Көркөм адабияты жана диний адабиятты айкалыштыра окусаңыз, сиздеги кемтик өз ордуна келет. Анан калса,сизде намаз деген керемет курал да бар тура.

Күйөөӊүз мугалим болсо, китеп окуганды, аны анализдегенди жакшы эле билет. Ага да жакшы китептерди окуганга бериӊиз.

Пайгамбарым барына азыр, жогуна кайыл. Сабыр кылыӊыз. Сабырдуу жетер муратка, сабырсыз калар уятка. Саргара жортсоӊ кызара бөртөрсүӊ. Бул жашоо арман жашоо, ар кимдин арманы ар башка. Бирок акырет-түбөлүк жашоодон үмүттү үзгөн жарабас.Үмүтсүз шайтан. Кесинди кездемеден көркөм курак жасап, көз жоосун алган буюмга айланткан аял, ар кандай эркектен чыныгы эрди жасап аларына күмөнүм жок. Бактылуу болуӊуз. Бактылуу болууга ар бирибиз укуктуубуз. Ага мүмкүнчүлүктөр баарыбызга берилген... Бактылуу болуӊуз...

7) Ырчылар өлгөндө эшектей аңгырап барышат деп айтылат. Бул нерсенин канчалык чындыгы бар? Ал эми алып баруучу журналист кыздарыбыз кандай болуп калат. Булар тууралуу куранда айтылганбы?

Жооп: Жаман маанидеги ырларды ырдоо, кулак-мээни жеген музыканы угуу жана анын коштоосунда ырдоо шариат тараптан кабыл кылынбайт. Ошондой эле сулуулугун ар кимге тартуулай берүү да күнөө болуп эсептелет. Куранда ушул маанилерге ишаарат берилген...

8) 11-классты бүтөрүм менен атам мени үйлөп коём деп жатат. Буга кандай кеңеш бересиз?

Жооп: Ата балага сынчы. Сенин баскан турганыӊдан үйлөнгүсү келип калыптыр деп жыйынтык чыгарып жаткан болсо керек ко. Эрте үйлөнгөндүн жакшы жери көп. Балдарыӊ өзүӊ менен теӊ чоӊоюп калат.Кандай болгондо да, үй-бүлөӊдү өзүӊ бага тургандай абалга келип үйлөнгөн жакшыраак болот. Ата-эненин колун карап калган уятыраак иш болот.

9) Жакында 12-13-17-18-19-майларда жалпы республикалык тест болот. Сиз да жамаат менен дуба кылып коюнузду суранабыз. Ош, Аман, Жылдызбек, Архимед, Бактыяр, Баястан, Тимурулан.

Жооп: Кудай Таалам ийгилик ыроолосун!

Мындан башка ушул сыяктуу суроолордун бардыгына дубабызды беребиз, бирок гезит бетине жарыялабайбыз, урматтуубир туугандар! Туура түшүнөсүздөр деп ишенем.

10) Жолдошум экөөбүздүн ортобузда бир кызыбыз бар. Ошол кызым эч нерседен кем болбосун деп ар дайым иштейм. Тапкан акчамды жолдошум иштетет. Ага дагы макул элем, бирок кайын-журтум киришкенин такыр койбоду. Эмне кылсам болот?

Жооп: Сиздин тапканыӊызга кайын-журтуӊуздун кийлигишүүсүнө таптакыр уруксат эмес, укуктары жок. Ал эле эмес, сиз өзүӊүз каалап бербесеӊиз, сиздин тыйынга тийишүүгө, иштетүүгө күйөөӊүздүн да укугу жок. Ал иштеп силерди багууга милдеттүү.

Кайын журтуӊуз силердин жашоого кийлигишкени кандай багытта экенин аныктап алуу керек болот. Киришүүгө тийиш жер болсо,киришкени жакшыраак. Кээде киришүү жакшы эмес болуп калат. Аны силердин жашоону билген-көргөн адамдан сураса жакшыраак болот.

Кээде ата-эне балдарын мусулманча тарбиялайт десе, таптакыр эрки жок, ата-эненин башкаруусунда болсун деген көз карашта тарбиялашат. Балдар өз бетинче жашай албай турган даражага жетип калат. Ал эле эмес үйлөнгөн учурунда да аялына мамилени ата-энесининайтуусу менен жасайт. Эми, мынчалык болбойт. Көрдиндарлык деген мына ушул....

11) Орозо учурунда ийне же капельница алса болобу?

Жооп: Ооба, андан орозо бузулбайт.

12) Адамдардын алтындары өтүшүнө жардам берип коём. Алар көңүлүнөн чыгарып акча беришет. Ошол акча адалбы?

Жооп: Далдалчылык адал жумуш. Алдоо жок болсо эле боло берет.

13) Кызыбыздын аты Айтеңир. Атын өзгөртпөй деле койсок болобу?

Жооп: Кудай Таалам айдай нурдуу кылсын деген жакшы тилек менен коюлган ат экен. Өзгөртүнүн деле кереги жоктой. Бирок, чала молдо көбөйгөн чакта, өзгөртүп койсо, ач кулактан тынч кулак болот.

14) Кичинемден эле кыздардын кийимин кийип жүргөндү жакшы көрчүмүн. Азыр деле ошондоймун. Ошентип ЛГБТнын катарын толуктап калдым. Токтотууга аябай аракет кылдым, бирок тыйыла алган жокмун. Ата-энем бир туугандарым билсе, аларды уят кылып коём деп катуу корком. Мен үйдө эң кичүүсүмүн, агам бар. Ал үй-бүлөлүү бирок үйү жок. Жок болуп кетсем, же өлүп алсам агама жакшы болор эле. Бирок агам ата-энеме жакшы мамиле кылбайт, ар дайым кагып сүйлөйт. Күнөөгө бата берип жашоодон тажап кеттим. Эмне кылсам болот, устаз? (суроону устаз толук окуду, бул жакка кыскартылып берилди)

Жооп: Сен дааватка чык. Диний таалимдерге катыш. Жакшы чөйрөгө жакын бол, өзүӊдүн чөйрөӊдөн алыста. Спорт менен алектен. Бош убактытты текке кетирбе. Намаз окуп, Кудай Тааламдан сурасаң, ал улуу Зат,жөн койбойт.Одоно жана жөнөкөй тигилген, комсоо көрүнгөн кийимдерди кийсеӊ жакшы болот. Тезек чаап, отун жар. Эркектерге тиешелүү иштерди көбүрөөк аткарсаӊ жакшыраак болот.

Колуӊдан келсе тез үйлөн. Агаӊдын кагып-силккенине аларды таштаба. Динде бактылуулук жашырылган. Аны көп адам билбей жүрөт. Дин тутунсаӊ баары ордуна келет.

Туура эмес азыктар менен тамактануу, жана башка себептерден улам гормоналдык бузулуулар пайда болот. Докторлор менен кеӊешип атайын гормондук-дарыларды ичсеӊиз да жакшы натыйжага себеп болот.

Тозоктун отуна куйкаланганды сен билбейт окшойсуӊ. Чыпалагыӊды эле отко кактап, эки минут туруп көр. Андан кийин сөздөрүӊдү ойлонуп сүйлөп каласыӊ...

15) Жолдошу аялын кантип сыйлаш керек?

Жооп: Анын курсагын ток, кийимин бүтүн, көӊүлүн жайдары кылып алып жүрсө, аялдык сезимдерине маани берсе, адам катары урматтаса, дин илимин алууга мүмкүнчүлүк түзүп берсе. Эӊ негизгиси сүйлөшүш керек, аны менен сүйлөшө билүүнү үйрөнүү керек. Жубайлар ортосунда диалог болуп, бири-биринин пикирлерин сыйлоону үйрөнүшсө, ынтымак орун алат.

Жубайлык мамилелердеги эӊ эле туура эмес түшүнүк, мен айткан пикир дайыма туура болот жана ал сөзсүз кабыл болуш керек деген пикирди кармануу болуп эсептелет. Жана акыркы сөз, жыйынтык пикир эркекке таандык болгону дурус.

16) Сайид Нурсийнин китептерин окусак болобу? 14 томдук китеби бар экен.

Жооп: Боло берет. Сайид Нурсий чоӊ аалымдардын бири.Болгону, «андан башканы окуган болбойт, ошол кишини гана окуу керек» деген пикирден алыс болуу керек.

17) Атам Теңир ата деген агымга кирип кетиптир. Мага зыяны тийбейби, эмне кылсам?

Жооп:Сага зыяны тийбейт. Бирок, атаӊдын акырети катуу болуп калат. Ал агым динсиз агым. Кудайга каапыр болгон агым. Намаз деле окуй беришет. Бирок акыйдалары туура эмес болгондуктан Исламдан үлүшү жок болгон пенделер. Сен атаӊа даават кыл.Туура багытка түшүүсүнөсебеп болгондунаракетин көр.

18) Жолдошум мага үйлөнгөндө 29 жашта эле. Мурун да иштеген эмес экен, азыр да иштебейт. Апасынын пенсиясы менен күн кечирип келет. Ден-соолугу чың, оорукчан эмес. Балалуу болуп, шарт жоктугунан баламды апамдардын үйүндө багып чоңойтуп жатам. Талагымды бер десем, же бербейт. Кеңешиңизди бериңиз, устаз?

Жооп: Карапкөр. Аялды багуу эрдин милдети. Анын иштөөсүнө шарт түзүүгө аракеттен. Бир баланы багууга да дарамети келбесе, анда кандай болду? Үй-бүлөӊ менен кеӊеш! Алар сага жаман кеӊеш беришпейт. Истихаара намазын окусаӊ, жолуӊду аныктаганга жардамчы болор.. Кудайым жакшылыгын ыроологон болсун!

19) Мен өтө жакшы кыз болоюн деп эч боло албай жатам. Эмне кылсам болот?

Жооп: Дин менен жашасаң, жакшы жана бактылуу кыз болосуӊ! Башка жолу жок. Бардай көрүнө берет, бирок алдамчы сезимдер...

20) Сыган кызга үйлөнсө болобу?

Жооп: Болот. Сен туура жазыпсыӊ. Адатта «ц» тамгасы менен жазышат. Бирок Юдахиндин сөздүгүндө сендей эле жазыптыр. Бул сөз илгертеден бери бар, ал эми «ц» тамгасы орус маданияты менен келген эмеспи бизге?! Сенден Кудай Таалам ыраазы болсун!

Сыган кызы мусулман дининде болсо, үйлөнсөӊ эмне үчүн болбосун? Болот. Бир-эки жылдык Куран курстарына окутуп алсаңандан да жакшы болот. Адатын карматып карта ачып, узун этегин тегеретип бийлеп, эл кыдырып сапарга чыгып кетпесин... Анда уят болот.

21) Бөдөнөнүн жумурткасын чийки ичсе болобу?

Жооп: Болот. Аны арам деп айтылган омоктуу ойду укканым жок. Менин оюмда чийки ичкендин зыяны тийбейт. Өрүктү так быша элегинде, короосунда жегендей эле го деп билем.

22) Жүгүнүү салты шариатка туура келеби?

Жооп:Диндегиэӊ зарыл иш-чара намаз болуп эсептелет. Намаздагы негизги тутумкыям (тик туруу),рукууь(жүгүнүү) жанасажда(чекесинжегетийгизип тооп кылуу) болуп эсептелет. Адегенде тик турупибадаткылып, андансоӊ аны жүгүнүү менен коштоп, жыйынтыгында чекесин жерге тийгизип тооп кылуу-саждаменен бүтүрөт. Көрүнүп тургандай, аракеттин баарысаждагакелип такалат. Демек,саждаэӊ негизги тутум катары саналат.Мына ушулсажданыАллахТааладанбашка үчүн арноогошариатканундарыкараманча тыюу салат. ДемекАллахТааладанбашкагасаждакылууга, ниети кандай гана болбосун, таптакыр тыюу салынат. Ал эми кыям жанарукууьаракеттери саламдашуу жана урматтоо ниетинде болсо, уруксат берилет. Мисалы улуу аксакал үйгө кирип келсе, жаштар урматтап ордунан турса, жежаӊыкелинчоӊ апаларга саламдашып жүгүнсө эч кандай зыяны жок. Бул туурасында улууханафийаалымыМуллаАлийКарыМишкаткабергеншархыМиркаттабаяндаган.

Бирок, ошондой болсо дагы, жүгүнгөндү,кээ бир адамдар, салтыбыздытүшүнбөгөн айрым бир жамааттар туура эмес түшүнбөөсү үчүн урматтоонун башка формаларын деле колдонсок жакшы болот.

23) Мамлекет тарабынан бюджетте иштегендерге (мугалим, доктурларга) үй алуу үчүн жеӊилдетилген жана узун мөөнөткө кредит берилет деген маалыматтар бар. Үйү жоктор ошол мүмкүнчүлүктөн пайдаланса болобу?

Жооп: Кредиттин бардык түрүнө уруксат берилбейт.

24) Төрөлө элек балаңа түшүңдө мындай ат кой деп айтып кетсе бул аян болобу?

Жооп: Жакшы ат болсо жакшы болот.

25) Илимим аз болуп жатат. Мен үчүн илим алуу жакшыбы же балдарымды карап олтурганым жакшыбы?

Жооп: Балдарды карап, ошол эле учурда илим алууга аракеттен. Азыр илим алуунун жолу оӊой болгон учур. Интернеттен сабактарды укса, пайдаланса болот.

26) Шайтан адамды өлтүрө алабы?

Жооп: Адаштырат, адашып барып айбан болот. Адамдын айбан болуусу өлгөнүнө тете.Шайтан ошентип өлтүрөт.

27) Кийимге кан тийип калса намаз окуй берсе болобу?

Жооп: Ийненин учундай болуп майда тийсе, намаз окуганга таасирин тийгизбейт. Бирок алакандын отуна суу токтогончолук таризде тийсе, кийимди тазалоого милдеттүү. Андай кийим менен намаз окууга болбойт.

http://saresep.kg/

Отправить комментарий

Технологии Blogger.