Halloween party ideas 2015

Сенин мансабың же байлыгың үчүн дос болгон адам, күндө бассаң артыңда басып, түндө бассаң жоголуп кетчү көлөкө сыяктуу.

Адамдар кээде сенин башыңдагы жараны көрүшөт, бирок жаранын ооруткан оорусун сезишпейт.

Кетирген каталарың убагында чоң зыян алып келсе, убакыттын өтүүсү менен ал "Тажрыйба" - деген атка айланат.
Ушак-айыңды сага көрө албастык кылган адам ойлоп табат, акмак адам жайылтат, келесоо наадан адам аны тастыктайт.

Эң жаман дос - адамдар сени маскара кылып, абийириңди төгүп жаткан учурда унчукпай турган адам.

Сулуулук түбөлүк эмес, карыган сайын жоголот. Мансап өмүр бою турбайт, сенин ордуңду башкасы ээлейт.

Рухуңду, ички дүйнөңдү адеп-ахлагыңды кооздоп оңдо,ошол нерсе сенин атыңды түбөлүк тарыхта калтырат.

Кээде акырын сүйлөө, кыйкырганга караганда күчтүүрөөк таасир берет.
Туура тарбия берүү, бузукулуктун алдын алат. Жөнөкөйлүк текебердикти кетирет.

Сен эч кимге ызаа бербесең да, сага ызаа бергендер болот. Жашоо ушундай, сарсанаа болбо.
Бир күндө жүзүн бир канча жолу жууп, жүрөгүн жылына бир жолу тазалабаган адамга таң каламын.

Nasaat.kg

Отправить комментарий

Технологии Blogger.