Halloween party ideas 2015


Пенде заты өз жашоосунун ар бир көз ирмеминде, кудурети күчтүү Кудай Таалага муктаж. Жараткан Алла Таалага сыйынып , дуба кыла кайрылып, ар кандай муктаждыкты сурап алганга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Качан пенде заты алакан жайып, оо Аллахым !-деп сурай турган болсо, демек анын суроосуна сөзсүз жараткан эгем Алла Таала жооп берет.

Муса пайгамбардын (а.с)доорунда бир бутпарас бар эле . Ал ар дыйым яаа санам мага тамак бере көр! Яаа санам мага шыпаа бере көр деп сыйынат эле. (Санам деп бутту арапча айтат). Күндөрдүн бир күнү ар дайым яаа санам деп бутпарас  сыйынчу. Ал  адашып кетип Яаа Самад!-деп жиберет.(Самад деген баардык муктаждыктар сурала турган Кудай дегенди билдирет) Ошондо Алла Таала лаббайка яаа ъабдии ( чакырыгына жооп кылдым оо пендем!)-деп жооп кыла кайрылат. Бул окуяга күбө болгон Муса пайгамбар (а.с) оо Аллахым! бул бутпарас өз бутуна яаа санам деп кайрылам деп "Яаа Самад"- деп жанылып кетип эле сенин атын айтып алды. Ошого да жооп бересинби ?-деп Алла Таалага кайрылат. Аллах Таала "Ооба оо Муса менден башка дагын Самад барбы"- деп жооп берет. Өмүр бою эч бир нерсеге арзыбаган бутка сыйынып келген бутпарастың  жаңылып кетип "Яаа Самад"-деп айтып алганына , Алла Таала "Чакырыгына жооп кылдым оо пендем"- деп жооп берсе, жүрөгүндө ыйманы бар пендесинин чакырык дубасына мындан да жогорку деңгээлде жооп берээри шексиз. Жараткан Алла Тааланын биз үчүн берешендиги чексиз экенин ушундан аңдап түшүнсөк болот.

Мукаррамов Мухаммадали

Отправить комментарий

Технологии Blogger.