Halloween party ideas 2015


Кийинки кезде өлкөбүздө бөйрөгү ооругандар, ал тургай бөйрөгү иштен чыгып, аны алмаштырууга, ага алы жетпесе гемодиализ аппаратына көз каранды болгондордун саны өсүүдө. Буга себепкер эмнелер? Окумуштуулар бул жаатта негизги 10 факторду көрсөтүшөт. Аларды билип, бөйрөгүңүздү мүмкүн болушунча эрте сактоого тырышыңыз.


ЭТТИ, СҮТ-АЙРАНДЫ КӨП ИЧИП-ЖЕШ
Күндөлүк менюга белоктуу азыктарды, алып айтсак, этти, жумуртканы, сүт-айранды көп колдонууда бөйрөктүн иштеши начарлайт. Тамакты түрлөп, жашылча-жемишти кошуп жеш керек.

ГАЗДАЛГАН ТАТТУУ СУУСУНДУКТАРДЫ ДАЙЫМА ИЧҮҮ
Заарада белок пайда боло баштайт (буга суусундуктардын курамындагы жыт жана даам берүүчү заттардын да тиешеси бар). Бул бөйрөк канчалык бир деңгээлде сезгенип, иштеши кыйындаган деген белги. 

УБАГЫНДА ЗААРА УШАТПОО, СУУКТА ЖУКА КИЙИНҮҮ
Толгон табарсыкты убагында бошотпоодон бөйрөктүн басымы көтөрүлүп, начар иштей баштайт.Суукта, өзгөчө кышта жука, белди жаппаган кийимди кийүүдөн бөйрөк суукка урунат. Тамандан сыз өтсө, муздак бассейнде сүзсө да бөйрөк жабыркап, сезгенерин эске алыңыз.


АЧУУ, ЫШТАЛГАН АЗЫКТАР ЖАНА ТУЗ
Туздалган, ышталган азыктарды көп жегенден жана тамакка туз, калемпир, мурчту ашыкча салып ичкенден бөйрөккө күч келип, акырындап иштен чыгат. Химиялык жер семирткичтер колдонулуп өстүрүлгөн жана гени өзгөртүлгөн (ГМО) жашылча-жемиштерди жегенден да бөйрөктө оору жараларын унутпаңыз.

СУУНУ АЗ ИЧҮҮ ЖАНА КИР СУУНУ ИЧҮҮ
Сууну (таза) аз ичсе, бөйрөктүн иштөөсү бузулат. Күн ысыкта 1 күндө 2-3 литрге жакын суу ичүү керек. Кир сууну ичкенде суу менен кошо организмге бактерия, вирус, уулуу заттар жана башкалар кириши мүмкүн. Аталгандар бөйрөктү сезгентет.


B6 ВИТАМИНИНИН ЖЕТИШСИЗДИГИ
Аталган витаминдин организмде жетишсиздиги бөйрөктө таштын пайда болуу коркунучун жаратат. B витамини авокадо, жүгөрү, гречка, сабиз жана малдын ич эттеринде бар.

АЗ КЫЙМЫЛ
Кечке компьютердин же сыналгынын маңдайында отуруу, спорт менен машыкпоо же үйдө жумуш жасабагандан, кыскасы, кыймылдын жоктугунан бөйрөктө таш жаралуусу мүмкүн.

ИЧКИЛИК, ООРУЛАР
Ичкиликти ашыкча ичүү бөйрөктүн иштешин бузат.
Жогорку кан басымда, кант диабетинде бөйрөктүн тамырлары ичкерип, иштөөсү оорлойт. Циститте табарсыктагы оору козгогучтар заара түтүкчөсү аркылуу бөйрөккө барып, аны сезгентет. Ангинада, тиштин ириңдөөсүндө да оору козгогучтар кан жана бездер аркылуу бөйрөккө өтүп, аны сезгентет. Андыктан убагында дарыланыңыз.


МАГНИЙДИН ЖЕТИШСИЗДИГИ
Бул химиялык элементтин жетишсиздиги бөйрөктө ташты пайда кылат. Магний кешью, соя, бадам, күрүч, сулу, шпинат жана какаонун курамында камтылган.

БАҢГИЗАТТАР ЖАНА ДАРЫЛАР
Дары-дармекти, өзгөчө ооруну басаңдатуучу каражаттарды өз алдынча ичүү, баңгизатты колдонуу бөйрөктүн иштешин начарлатат.


БӨЙРӨКТҮН МИЛДЕТИ
Адамдагы 2 бөйрөк артериалдык басымды жана организмдеги суу-туз алмашууну жөнгө салат.
Эритроциттердин (кызыл кан денечелери) жана сөөк ткандарынын жаралышына салым кошот.
Кандын курамынан заараны жана башка азоттуу шлактарды бөлүп чыгарып турат.

Канымжан Усупбекова

Отправить комментарий

Технологии Blogger.