Halloween party ideas 2015


Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) күндөрдүн биринде түн ортосунда Харам мечитинен (Кааба) Акса мечитинде, ал жерден Аллах Тааланын алдына барган миӊ бир сырлуу куттуу түн. Бул улуу сый дүйнөлүк баардык көшөгөлөр алынып, толугу менен Жараткандын чен-өлчөмүнүн негизинде жүзөгө ашкан өзүнчө баа жеткис белек болгон. Биздин ааламдагы «жер» жана «убакыт» деген түшүнүктөр токтоп, миллиарддаган адамдардын жашоосуна сыйбай турганчалык узун сапар өтө кыска убакыт аралыгында жүзөгө ашкан. Ошентип сүйүктүү Пайгамбарыбыз аалам-апайды, курсийди, Аршты жана сидратул-мунтахааны ашып, Жараткан Аллах Таала менен ортомчусуз сүйлөшүп, Жараткандын өзгөчө жакшылыгына туш болгон.

Антыктан мына ушундай тарыхий белгилүү күндөрдү билүүбүз зарыл. Ушул түндө Жараткан Аллах Тааладан Ислам дүйнөсүнүн жана мамлекетибиздин биримдигин, ынтымагын бекемдөөсүн сурап кетмекчибиз.

Быйыл Мираж түнү .Ражаб айынын 27- түнү. 2016-жылдын 3-майынан 4-майына караган түнгө туура келди.

http://muftiyat.kg/

Отправить комментарий

Технологии Blogger.