Halloween party ideas 2015


1) Жайдын күнү ажатканада жүргөн чымындар кийимиңе да конот,ошондо кийим бейнамаз болуп калбайбы?

Жооп:
Ажатканадагы чымындын кийимге конгону кийимди бейнамаз кылбайт.Анткени андай чымындардан сактануу кыйынчылыктуу турат. Андан сырткары,фыкыхый укуктук китептердин айтуусунда нажастын (булганыч) мисалы,зааранын ийненин башындай болуп чачырап тийүүсү кийимди бейнамаздыккачыгарбайт деп айтылат.

2) Москвада бут кийимдин ички капталы чочконун терисиненкапталат. Чочконун териси аралашпаган бут кийим таба албайкойдум. Эмне кылсам болот?

Жооп:
Чочконун териси ийлөө менен да тазаланбайт. Ал «нажасульайн»,тазарууну кабыл кылбаган нажас катары саналат. Ханафий мазхабтагы АбуЮсуфтун пикиринде гана бардык терилер сыяктуу эле тазарууну кабылкылат.Андан башка дээрлик бардык аалымдарга каршы пикирди карманышат.Фатва адата жумхуур(көпчүлүк)аалымдардын пикирине берилип жүрөт. Буткийим күндө эле жаӊы сатып ала турган нерсе болбогондуктан, Кыргызстангабир келгениӊде бир канчаны сатыпалсаӊ, муктаждыгыӊ чечилет деп ойлойтэлем. Мисалымен кара ботинкемди төрт жылдан бери кийип жүрөм.Чоӊ уулуматуура келсе ага берип койсом бу деп да ойлонуп жүрөм. Адамдар күн сайынкеректелүүчү адал тамак-ашты деле тергеп, тандап жешет.


3) Москвада бир цехте «Бисмилляхи Рахмани Рахим» деп баскычты басуу менен баардык тоокту өлтүрөт. Бул адалбы?

Жооп:
Эгерде мусулман адам “Бисмаланы” айтып өз колу менен баскычты басканда бир нече тооктордун башы дароо алынса, ал тооктордун эти адал болот. А бирок мусулман адам бир жолу “Бисмаланы” айтып баскычты басып коюп, кечке чейин кайра-кайра тоокторду соё берсе адал болбойт. Биринчи союлганы адал болуп, калганы арам болуп калат.

АльФатаавааль Хиндияда (5\289) айтылат: “Эки койду катарынан жыгып, “Бисмаланы” айтып,бычакты бир шилтөө менен эки койдумууздап кетсе (бир “Бисмала” эки койго теӊ) жетиштүү болот. Ошондой эле колуна бир канча чымчыктарды чогуу кармап туруп, “Бисмаланы” айтып бирден сойсо, биринчиси адал болуп, калганы “Бисмаласы” жок союлган болот. А эгер “Бисмала” айтылгандан кийин, колунда кармап турган бардык чымчыктардын башын чогуу кармап, бир жолкуда дароо сойсо, бардыгы адал болуп эсептелет”.

Тоокторду атайын автоматтык түрдө союу туурасында Мухаммад Такий Усмааний дин жакшы эмгеги бар. Ошол эмгектин бизге керектүү жерин кыскартып бердик.

Мына ушул маселеге карганда, чачма мылтык менен кекиликтерди атуу дагы дурус болуп эсептелет өӊдөнөт. Анткени бардыгы бир учурда мылтыктан чыгат. Бардыгына бир “Басмала” жетиштүү болот. Валлооху аьламу.

4) Эркек экинчи аялын билдирбей, жашырып жүрүп дүйнөдөн өтүп кетсе, мурасы кандай бөлүштүрүлөт? Биринчи жубайынан 4 баласы бар. Экинчи жубайынан бала жок.

Жооп:
Биринчиден, эркек билдирбегени үчүн күнөөкөр болору шексиз. Экинчиден,экинчи аялыөзүнүн өлгөн кишинин экинчи аялы экендигине күбөлүк келтирүүсү керек болот. Никеде күбөгө өткөн адамдарды казыныналдына алып келип, күбөлүк бердиртет. Алар намаз окуган такыба инсандар болуусу кажет. Намаз окубагандын күбөлүгү да өтпөйт. Намаз окубаган,дини тайыз адамдардын күбөлүгү нике кыйылганда жарактуу боло бергени менен, ошол кыйылган никени тастыктап берүүдө жараксыз болуп калат. Демек, нике кыйдырганда түзүгүрөөк адамды күбөгө тартуу жакшыраак болуп эсептелет.

Мурас төмөндөгүдөй бөлүнөт. Жалпы мурас байлыктын сегизден бир бөлүгү эки аялга бөлүнүп берилет. Калган байлык (сегизден жетиси) балдарга бөлүнөт. Эгер балдардын бардыгы эркек же бардыгы кыз болсо, анда, мурас аларгатеӊме-теӊ бөлүнөт. А эгер эки башка жыныстагы перзенттер болсо, анда эркектерге эки үлүш, кыздарга бир үлүштөн тиет. Мисалы эки кыз, эки уул болгон учурда, калган (сегизден жети) үлүштү алты бөлүккө бөлүп, кыздарга бир үлүштөн, балдарга эки үлүштөн берилет.

5) Унитаздын ичинде ар дайым суу болот. Ага даарат сындыруу туура эмес болуп калбайбы?

Жооп:
Туура эле болот. Пайгамбарыбыз алайхис саламдын “Сууга заара кылбагыла” деген кебинин мааниси, агып турган сууга заара кылбагыла, аны булгабагыла дегени. Азыр Ысык-Көлгө түшкөндүн баары сууга заара кылып коюп жатышат деп айтышат. Чолпон-Атадагы сууну текшеришсе, суунун итабар бөлүгү заара болуп чыгыптыр деп акыл-эстүү адамдан уктум эле.Ошондон бери көлдүн аркы бетине, же берки Чырпыктыдан эле чөмүлүп кайра артка кайтмай.Унитаздагысуу, дааратты жеӊилдетүүгө жардам берген суу.

6) Катуу тердеп иштегенде даарат сынат дешет. Өзүңө ишенген болсоң дагы көп тердегенде сынат деп айтышат. Бул абалда эмне кылуу керек?

Жооп:
Бала болуп башыма жүн чыкканы ушундай маселени окубаптырмын. Өзүӊө ишенген болсоӊ дааратыӊ сынбайт деп билем, берекем. Тердегенден, түкүргөндөн, чимкиргенден, эмчектен сүт чыккандан, шилекейи аккандан, тырмак-чачын алгандан даарат бузулбайт.

7) Тяньши компаниясынын өкүлдөрү «биздин өндүрүмдү Чубак ажы «адал» деген» деп айтып жүрүшөт. Бул кептин канчалык чындыгы бар? Сиз Тяншинин өндүрүмдөрүн «адал» деп айткансызбы?

Жооп:
Алардын өндүрүмүн составын изилдеген жерим жок. Кээ бир мамлекеттердин «Халал комитеттеринин» кагазын алышкан экен. Ошону көтөрүп жүрүшөт.Ушунча жылдан бери иштеп жүрүшөт, Муфтияттан кагаз алып-алышса деле болот эле. Менден кагаз сурашкан, бирок, берген эмесмин. Өндүрүмүн изилдей албасам, же мен тааныган бирөөнүн справкасы болбосо мен кантип агаөкүм чыгармак элем?Башка мамлекеттеги «Халал комитетине» кантип ишеничтуудура алам?Адатта,Ислам ааламындагыкөпчүлүк ушундай комитеттер– арам-адалын ылгабайакча жыйноо менен алектенгенин жакшы билем.

Жакшы кийинген балдар топтолушуп келип, жакшы маданияттүү сүйлөшсө, мен дагы маданияттуу кабыл алсам эле мен бардыгына уруксат берген болуп калбайт ко. Чогулуштарында менин атымды айтып жүрүшкөнүн угуп жүрөм. Калганын Кудайга койдум.

8) Жубайымды аябай жакшы көрөм. Бир жолу кинодон көрүп олтуруп, тамашалап аялыма 3 талак деп айтып алгам. Эмне болот?

Жооп:
Жакшы көрсөӊ ошентесиӊби? Илгери бирөө айтыптыр: «Боёкчуну боёкчу десе атасынын сакалын боёптур». Сен дагы боёкчу болуп кетипсиӊ. Талак маселесинде тамашалашуу деген кеп жок. Талактын тамашасы да, чыны да, калпы да талак болуп эсептелет.

Сенин талагыӊдын түшкөн-түшпөгөнүн тактоо үчүн аялыӊ экөөӊ жетелешип илимдүү молдого баргыла. Көчөдөн жолуккан бирөөдөн эле сурай бербей, эл тааныган, илимине баа берген аалымды таап, оозмо-ооз сураганда татыктуу жооп чыгат.

9) Жолдошуна ооруп жатканыңды айтпай койсо болобу?

Жооп:
Айта турганы бар, айтпай турганы бар. Сеники кандайы экен? Эмне себептен мындай суроо бердиӊ? Кененирээк жазсаӊ, тагыраак жооп берер белем, аттиӊ...

10) Кайнене күйөө баласын жүзүнөн өөп учурашат. Бул кандай болуп калат?

Жооп:
Кайнене карып калган болсо, анча-мынча тер жыттанып турган болсо боло берет. Анан кайнене өзүн бапестеп караган, кызы менен теӊ жасанып, фитнестен калбаган, атырга жуунган болсо, андай кайнене менен өбүшпөгөнү жакшы. Өбүшүп жатып козголуп кетсеӊиз балээ болот. Жубайлар ортосундагы никенин бузулуп калуу коркунучу бар.

11) 1 баин талак кандай учурда түшөт? Эгер 1 баин талак түшсө, анда аны жакшы көрүп бетинен сүйүп койсо, нике бекемделеби?

Жооп:
Киная талак түшкөндө бир баин талак болот. Бир баин талактан кийин жаӊы нике кыйдырбаса, жашоого болбойт. Сиз айткан «сүйүп койсо, нике бекемделген» ражьий талакта болот.

12) Толук дин менен жашоо үчүн эмне кылуу керек?

Жооп:
Ошол дин менен толук жашоо керек. Динди адамдарга жеткирүү үчүн эмгек-мээнет керек. Ал үчүн илим-билим алуу зарыл.

13) Дарыгерлер бир ооздон "ачык кургак учук" жугат деп айтышат. Шариатта оору бир адамдан экинчи адамга жукпайт дегенди уккам. Кургак учук менен ооруган адамдан алыс болуп, этияттануу туурабы?

Жооп:
Шариатта оору жукпайт деп айтылат, бирок, ошондой жаман оорулардан кач деп да айтылат. Ошол дарыгерлердин «жугат» деп айтканын, сен «кач» деп түшүнсөӊ жакшы болот.

14) Биз 4 мазхаптын ичинен эмнеге «Абу Ханифа» мазхабын карманабыз?

Жооп:
Ханафий мазхабынын ааламга жайылуусу адегенде эле Абу Ханийфанын ыкыласынын түздүгүнө, акыйкатты талап кылуудагы аракетине байланыштуу болот. Андан сырткары, ханафий мазхабынын проблемаларды чечүүдөгү ийкемдүүлүгү, бардык заман менен мекендин ыргагына туура келгендиги менен да түшүндүрүлөт.

Абу Ханийфа Кууфалык болгондугуна байланыштуу ханафий мазхабынын киндик каны тамган жер да Кууфа шаары болуп саналат. Өз убагында маданияттын очокторунун бири болуп турган Кууфадан илим алганы чар тараптан келген илим изилдөөчү талабалар өздөрү менен ханафий мазхабын жер-жерлерге алып кетишкен.

Абу Ханийфа өткөндөн кийин эле Абу Юсуфтун башкы казылык мансапка келүүсү менен ханафий мазхабынын расмий доору башталды десек жаӊылышпайбыз. Андалустан башка Ислам жеринин бардыгына ханафий мазхабынан казылар дайындалгандыктан, табигый түрдө ханафий мазхаб ошол жерлердеги таасирдүү мазхабка айланды.

Ханафий мазхабы мусулман журтчулугу тарабынан жакшы маанайда кабылкылынып,адамдар жактырып, Ислам аймагына кеӊири таралды. АллахТааланын өзүнүн оомат берүүсү менен, Азирети Абу Ханийфага икрамиретинде сыйлык берүүсү менен катар бир канча себептер мазхабтын өсүүсүнөсебеп болду.

Шейх АбуЗахра мазхаптын өсүүсүнүн себептерин төмөндөгүдөй баяндайт:

  • АбуХанийфанын шакирттеринин көптүгү жана анын илимий-фыкыхыйпикирлерин жайылтууга алардын максаттуу кам көрүүсү. АбуХанийфанынпикирлеринин кээ бирлерине каршым маанайдагы пикирде болушканыменен,басымдуумаселелерде жалпы тил табылганы үчүн дагы анынмазхабы окуучулары тарабынан колдоого татыган. АбуХанийфа негиздегенусуулий эрежелердин негизинде фыкыхый мурасты байытууга салымкошушкан.
  • АбуХанийфанын шакирттеринен кийинки муун дагы аалымдар ханафиймазхабындагы маселелердин келипчыгуусебеп-илдеттеринбаяндап,окшош маселелерди жалпылап бир эрежеге(кааидафыкыхийя) баш ийдирүү, илимий теорияларды(назарияттарды)калып касалуу боюнчааракеттердин күч алуусу.
  • Ханафий мазхабынын артүрдүү маданиятты карманган түркүн тайпаларгатаралуусу, ар түрдүү үрп-адаттагы жамааттарда пайда болгон маселердинтүрдүүлүгү жанааларга берилгенжооп-фатвалардын молдугу менен да өсүп-өнүгүүгө жол алган. Аббаасийлердин убагында өлкөнүн расмий мазхабыболуп тургандыгын назарга тутканда да айтылган пикирдин өзөктүүлүгүбайкалат.(АбуЗахра,Таарихулмазаахибилислаамийя… 386-бет, АбуХанийфа… 496-бет)

Ошентип,жогорудагы себептерден улам ата бабабаларыбыз ушул кереметмазхапты карманып калышкан, бизда ошолордун жолунда келе жатабыз.

15) Салафи жана Шафии масхабындагылар сени бидьатчы деп турса, анын артынан намаз окууга мүмкүнбү?

Жооп:
Намаз окуй бересиң, алар айтканына жооп бере берет. Ит үрө берет, кербен жүрө берет деген ушул болот.

16) Тапкан акчам үй-бүлөмө жетпей жатат. Ошондуктан ЗАГСты кырктырып, закон аркылуу ажырашып, балдарым жөлөк пул ала берсе, бирок биз шариат аркылуу никебизди сактап жашай берсек болобу?

Жооп:
Мамлекетти алдаган жакшы эмес. Бирок, жубайлар ажырашууну каалашпаса, жөн эле кагаз аркылуу ажырашты дегенди каалашса, мамлекеттик актыларды каттоо бөлүмүнөн берилген нике кагазын сот аркылуу жокко чыгартышса, аны менен шариаттык нике бузулуп калбайт. Мен сизге толук жооп бердим деп ойлоймун. Акылдууга ишаарат жетиштүү, акылы жокко токмоктосоӊ деле жетишпейт.

17) Үйдө электрди уурдап жагабыз. Бул арам болбойбу?

Жооп:
Жакшы эмес. Мен дайыма толук төлөгөнгө аракет кылам. Быйыл кышы менен ай сайын он миӊ сомдон кем эмес төлөп жаттык.

18) Союз таркап жатканда ата-энем 10 гектар жер алышкан экен. Бирок анын документтери тиешеси жок эле адамдарга жазылып калган. Жердин салыктарын өзүбүз төлөйбүз. Бул адал элеби?

Жооп:
Адал эле. Бирок, ошол документтерди өзүӊөргө каттатуунун аракетин көргүлө. Не бар, не жок. Ким бар ким жок. Ар дайым чыга турган талаштардын бардыгын кетирүүнүн аракетин көргөн шариат талабы.

19) Өпкөм ооруйт, ошого заара ичем. Мурда ичкенимде таасир берет эле. Ошондо намаздарым кандай болот, ичкеним туурабы?

Жооп:
Адал дары табыӊыз. Такыр болбогондо, уруксат берилет. Уруксат берилген нерсе менен намаз окуса боло берет. Аллах Таалам шыпаасын берсин...

Отправить комментарий

Технологии Blogger.