Halloween party ideas 2015

Европа өлкөлөрү ислам дүйнөсү менен тил табыша албай жатканда Британ баш калаасынын тургундары шаар башчылыгына теги пакистандык Садик Ханды шайлап алышты. Financial Timesгезити "бул эмнени билдирет?" деген суроого жооп издеген.

"Мусулман динин туткан адамга 1 миллион 300 миңден ашык лондондук өз добушун берип, Европа жана АКШдан айырмаланып, Британия көп маданияттуу жана ар бир динге сый мамиле жасай турганын далилдей алды.

Париждеги жана Брюсселдеги диний радикалдардын чабуулунан кийин эле дүйнөдөгү эң ири Батыш калаасына исламчыл адамдын башчы болуусуна азыр баары таң калууда. Пакистандык мигрант-айдоочунун баласы 8 бир тууганы менен мамлекеттик чакан үйдө чоңойгон. Шайлоо кампаниясы учурунда Хан мырза өзүнүн динин жашырбай, ал тургай ант берүү аземинде колуна Куран китебин кармады.

Садик Хан радикалдашууга каршы иш алып барарын айтып келет жана ал Британ парламентинде кумсалардын никелешүүсүн жактаган добушунан кийин дал ошол британиялык радикалдардын куугунтугуна кабылды".

"Британиянын келечеги" аттуу аналитикалык борбордун директору Сандер Катуала: "Европанын башка шаарларына салыштырмалуу Лондон жашоосуна, саясатына жана экономикасына этникалык азчылыктар оңой эле көнүп, өз ордун таап кетишет. Кайсы жакты карабаңыз англис борборунда ар кайсы улут жана дин өкүлдөрү азыр бардык тармакта лидерликти ээлөөдө», - десе, Британиянын Лейбористтер партиясынын дагы бир өкүлү Тулип Сыддык: «Садик Хан беш маал намазга жыгылат, орозо кармайт жана ажылык сапарга барган. Бирок биз аны мусулман катары эмес, лейборист саясатчы катары гана кабыл алабыз»- деген Financial Times басылмасына.

"Азаттык"

Отправить комментарий

Технологии Blogger.