Halloween party ideas 2015

Имам Малик өзүнүн “аль-Муватта” хадистер жыйнагында риваят кылды:

«Күндөрдүн биринде Умар ибну аль-Хаттаб, радыяллаху анху, Сулайман ибну Абу Хасманы багымдат намазынан көрбөдү. Кийин Умар, радыяллаху анху, таң эрте базарга жөнөдү. Ал эми Сулаймандын жашаган жери базар менен Пайгамбардын мечитинин ортосунда эле. Ошондо Сулаймандын апасы Шифаа бинт Абдулланын жанын өтүп калып, андан: «Сулайман таңкы (намазда) көрүнбөдү го?» – деп сурады. «Ал түнү менен намаз окуду. Ошол себептен уктап калып багымдатты (мечиттен окуганга) жетишпей калды»,– деп жооп берди. Ошондо Умар, радыяллаху анху, айтты: «Таңкы намазды жамаат менен окуу – мен үчүн түнү бою намаз окугандан да сүйүктүүрөөк».   (“аль-Муватта”)

Умар, радыяллаху анхунун, бул айткан акыл-насааты жана терең түшүнгөндүгү жөнүндө ойлонуп көрүңүз.

 

Ал эми айткан акыл-насааты:

Бул намазга келбей калгандарды сураштыруусу жана аларга көз салып, намазга келбегендери же кечиккендери болсо, аларга насаат айтып, эскертме берүүсү. Умар, радыяллаху анхуга, бул нерседе Алланын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, өзү үлгү эле. Убай ибну Каъаб, радыяллаху анху, айтты:

«Күндөрдүн биринде Алланын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, биз менен бирге таңкы намазды окуп (бүтүп): «Баланча (намазга) келдиби?» – деп сурады. «Жок»,– дешти. «А баланчачы?» – деп сурады. «Жок»,– дешти. Ошондо ал айтты: «Чындыгында, бул эки намаз (багымдат менен куптан) – мунафыктар үчүн эң оор намаздар. Эгерде бул эки (намазда) кандай (сооптор) бар экендигин билгениңерде, анда ал экөөсүнө жөрмөлөп болсо дагы келмексиңер».   (Имам Абу Дауд)

 

Ал эми терең түшүнгөндүгү:

Багымдат намазынын диндеги ээлеген орду ушунчалык бийик жана аны сөзсүз аткаруу керектигин башкаларга эскертүү. Ал өз сөзүндө: «Таңкы намазды жамаат менен окуу – мен үчүн түнү бою намаз окугандан да сүйүктүүрөөк»,– деп айтты. Буга Имам Муслимдин риваят кылган хадиси далил болот. Усман ибну Аффан, радыяллаху анху, айтты:

«Алланын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын уктум: «Ким куптан намазын жамаат менен окуса, бул анын түн жарымына (чейин) намаз окуганына барабар. Ал эми ким таңкы намазды жамаат менен окуса, бул анын түнү бою намаз окуганына барабар». (Сахих Муслим)

Мына бул багымдат намазы жана анын диндеги ээлеген орду. Балким бул айтылгандар анын ушунчалык маанилүүлүгүн, бийик ордун жана сооптуу экендигин билдирген маалыматтардын аз гана бөлүгүдүр. Азыркы күндө биздин бул намазга болгон мамилебиз кандай? Бул фарз амалынын сооп-сыйлыгынан канчалык денгээлде үлүшкө ээ болуп жатабыз? Бул намазды калтырбай окуп жатабызбы? Же дагы эле кайдыгер мамиледебизби?

Жогорудагы сөздөрдү айткан Умар, радыяллаху анхунун, өмүрүнүн акыркы көз ирмемдеринде бул намаздын улук экендигин жана ага кылган мамилесин кийинки хадистен окуп көрүңүз.

Мисвар ибну Махрама, радыяллаху анху, айтты:

«Умарды сайып кеткенден (кийинки) түнү аны багымдатка ойготкону кирдим. Ошондо ал: «Намазды таштаган адамдын Исламдан эч кандай үлүшү жок»,– деп айтты. Кийин багымдатты окуду, ошондо анын жаратынан кан диркиреп агып турду».   (“аль-Муватта”)

Аллага мактоолор болсун! Кандай гана улуу намаз! Бул намаз алардын жашоосунда эң негизги орунда турган. Мына ушул себептен бул намазга бекем болушкан, кандай гана абал болбосун, ага ушунчалык көңүл бурушкан. Жадагалса, душман менен беттешкенде да Умардын абалына окшоп жаратынан кан шорголоп агып турса дагы бул намазды калтырышкан эмес.

А биз багымдат намазынын акысын талаптагыдай аткарып жатабызбы? Ар бирибиз өзүбүздү бул фарз намазына кылган мамилебизди дайым көзөмөлдөп турушубуз керек. Кимде-ким бул намазды өткөрүп жиберсе, анда көптөгөн сооп-сыйлыктан, жакшылыктардан сөзсүз куру жалак калат. Умар, радыяллаху анху, айткандай намаздарын таштаган адамдын Исламдан эч кандай үлүшү жок.

Чындыгында, азыркы заманда абал өтө оор, адамды ар тараптан алаксыткан тиричилик иштери дагы сансыз. Умар, радыяллаху анху, түндөсү намаз окуганы себептүү уктап калып багымдатты кеч окуган адамга мындай кылуунун туура эместигин айтып эскерткен болсо, анда түнү бою уктабай күнөө иштерди кылып, багымдатты кечиктирип же такыр эле окубай жүргөндөр туурасында эмне деп айтсак болот? Мейли, кээ бирлери түнү бою уктабай жакшылык иштерди кылсын дейли? Эгерде түнү менен ибадат кылып, тахаджуд намазын окуп же Куран окуп, бирок багымдат намазын калтырган болсо, анда ал күнөөкөр. Эгерде ибадат менен өткөргөн адамдын абалы ушундай болсо, анда түнү бою уктабай, анысы аз келгенсип күнөөлөрдү кылган адам туурасында эмне деп айтабыз?

Багымдат намазы менен күн башталат. Аны дайым аткаруу – бул адамдын ошол күндөгү ийгилигинин жана бактысынын ачкычы. Ал эми аны калтыруу – ошол күндү толугу менен жоготкону жана берекеден куру калганы.

Бул хадистин үстүндө ой жүгүртүп көрүңүз, Абу Хурайра, радыяллаху анхунун, риваятынан, Алланын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:

«Качан силерден бириңер уктаганда шайтан анын желкесине үч түйүн түйөт. Ар бир түйүндү (чечилбеши үчүн) уруп: «Түнүң узун, уктай бергин»,– дейт. Эгерде ал ойгонуп Алланы эстесе, бир түйүнү чечилет. Эгерде даарат алса, (экинчи) түйүнү чечилет. А эгер намаз окуса, (үчүнчү) түйүнү чечилет жана ал уйкусунан сергек, жайдаары турат. А эгер мындай кылбаса, анда ал уйкусунан эч нерсени жактырбай, жалкоолонуп турат».   (Сахих аль-Бухари)

Мына бул багымдатка турбаган адамдын абалы. Ал тургандан баштап көңүлсүз, эч кимди жактырбай жана ошол күнүн шалдырап, жалкоолукта өткөрөт. А эгер багымдатка бекем болуп, өз убактысында жамаат менен окуганда, анда ал берекеге, жакшылыктарга жана бактылуулукка жетишмек.

Имам аль-Бухари жана Имам Муслим риваят кылган хадис туурасында да ой жүгүртүп көрүңүз. Абдулла ибну Масъуд, радыяллаху анху, айтты:

«(Арабыздан) бирөө Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, көзүнчө бир адам тууралуу: «Ал түнү уктап, таң атса дагы (намазга) турган жок»,– деди. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Ал адамдын кулагына шайтан заара кылып койгон».   (Сахих аль-Бухари)

Бул хадистин негизинде аалымдар шайтан дагы адамдын кулагына кадимкидей заара кылаарын айтышкан. Эми дайыма ушундай кылып жүргөн адамдын абалын элестетип көрүңүз, уйкудан турса кулагы шайтандын жийиркеничтүү заарасына толгон. Бул багымдат намазына уктап калган адамдын абалы.

Самура ибну Жундуб, радыяллаху анху, риваят кылган узун хадисте Пайгамбарыбыз өзү көргөн түшүн сахабаларга мындай деп айтып берди:

«Бүгүн түнү мага экөө келип: «Кеттик»,– дешти. Мен алар менен жөнөдүм. Андан соң чалкасынан жаткан бир адамга келдик, анын үстүндө колунда таш кармаган башка бир адам туруптур. Ал (жаткан) адамдын башын таш менен урганда, анын башы жанчылып, таш четке тоголонуп кетти. Ал адам таштын артынан барып, аны (кайра) алып келгиче (жаткан) адамдын башы мурдагы калыбына келип калды. Кийин ага кайтып келип, ага биринчи жолу кылганындай дагы кылды...».

Хадистин аягында айтылган: «Ал экөөсү айтты: «Жанагы сен жанына барган башы таш менен жанчылган адам – ал Куран жаттап (окубай) таштап койгон жана фарз намаздарды (окубай) уктап калган адам».   (Сахих аль-Бухари)

Ага жаза катары башы жалчылганынын себеби – фарз намаздарды окубай уктап калгандыгынан болду. Ал эми уйкунун орду адамдын башында болот.

Ошондой эле Умар, радыяллаху анхунун, намаз жана аны жамаат менен окуу туурасындагы дагы бир окуясы жөнүндө Имам аль-Хаким өзүнүн “Мустадрак” хадистер жыйнагында Абдулла ибну Жаъфардан риваят кылды:

«Саид ибну Ярбунун көзү көрбөй калганда Умар ибну аль-Хаттаб анын үйүнө зыяратка келет. Ошондо Умар ага айтты: «Жума намазын жана Пайгамбардын мечитинде намаз окууну калтырбагын». «Мени (мечитке) алып барганга эч ким жок»,– дедим. Умар айтты: «Сени алып барганга бирөөнү жиберебиз». Кийин ал туткун жаш баланы ага жиберип турду».   (“Мустадрак”)

Кандай гана камкордук! Ошол учурда Саид ибну Ярбунун жашы жүзгө жакындап калган кези болчу. Ушул жашка келип жана көзү көрбөй калса дагы Умар ага: «Жума намазын жана Пайгамбардын мечитинде намаз окууну калтырбагын»,– деп насаат кылды.

Эгерде Умар, радыяллаху анху, жүзгө чыгайын деп калган, көзү көр, карыган адамга ушундай деп айтып жатса, анда күчкө толгон, ден-соолугу чың, көзү да көргөн азыркы жаштарга эмне деп айтабыз?

Ошондуктан баарыбыз дайыма Аллага таквачылык кылышыбыз керек. Ушул күндөн баштап ниетти бекемдеп, белди бекем бууп, намаздарыбызга бекем болуп, Алладан гана жардам сурап туура жолго түшөлү. Кайдыгерликти жана кийин кыламын же карыганда деле жетишем деген себепсиз кечиктирүүнү таштайлы. Канчалаган адамдар эртең-эртең деп жүрүп, ошол абалында дүйнөдөн өтүп кетти. Алар беш маал намазды аткарбай, Кыяматта Алланын алдына окубай баргандар.

Чындыгында, багымдат намазына бекем болуп, аны жамаат менен окуу – бул адамдын ыйманынын бекемдигинин жана ыхластуулугунун белгиси.

�� «БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

БИЗГЕ КАТТАЛЫҢЫЗДАР:

�� Одноклассники: http://ok.ru/formulasy

�� Facebook: http://facebook.com/formulasy

�� Вконтакте : http://vk.com/formulasy

�� Instagram : http://instagram.com/formulasy

�� Блог : http://formulasy.blogspot.com/

�� Twitter : http://twitter.com/formulasy

�� Google+ : http://plus.google.com/+formulakg

 YouTube: http://www.youtube.com/formulakg

Отправить комментарий

Технологии Blogger.