Halloween party ideas 2015

«Оо,Жараткан Аллах Таалам! Айып -кемчиликтеримди жашыра көр...Көкүрөгүмдөгү корку сезимимди бейпил кыла көр...Карызымды ээсине кайтарып берсен экен (кайтарып беришимди насип кыла көр) ...»

«Оо,Жараткан Аллах Таалам! Ар бир ишибиздин акыбетин кайрылуу кыла көр ...Бизди дүйнөнүн өтүнүчүнөн(б.а..анын аракасынан сая кууп,акырында оор абалга туш болуудан) ,акыреттин азабынан Өзүң сактай көр ...»   

   «Оо,Жараткан Аллах Таалам! Кыямат күнү бизге кайгы тарттыра көрбө,бизди ал күнү жер карата көрбө....».      

      «Оо,Жараткан Аллах Таалам! Жүрөгүмдү эки жүздүүлүктөн,амалымды (амалымды жасаган иштеримди) көрсөтмөлүктөн (элге көрүнүүдөн) ,тилимди жалгандан,көзүмдү жаман ниет менен кароодон тазалай көр.... Себеби Сен жаман ниетти жана көкүрөктөгү жашыруун ойлорду баарын билесиң! »      

     «Оо,Жараткан Аллах Таалам! Мени пайдалуу илимге бай кылып ,сылык сылык мүнөз (кичи пейилдик) менен көркүмө чыгара көр.... Такыбалык менен мени жогору кыла көр.... Ден -чың кылып чырайлуу кыла көр ...»        

  «Оо,Жараткан Аллах Таалам! Өзүңдүн чексиз кудуретиң менен мага эсенчилик бере көр ....Мени чексиз ырайымыңа бөлөй көр... Ажалым сала моюн.сунган абалым да келсе экен. Акыркы демимди жакшылык иш менен алек болуп жаткан кезде ала көр... Мына ошол жакшылыгымды сообун бейишке себепкер кыла көр .... »...

Кандай соонун болгон жашообузга эң керектүү дубалар, пайдаланып кал тууганым! Пайгамбарымдын куттуу сөздөрүн жаттоо, аны ээрчүү амал кылуу,Кыяматта шафаатчың болуусуна насип болоор ин ша Аллах!

«Бактылуулук Формуласы, бактылуулукка багыт алуу. Биз менен бирге болуңуздар, бизге катталыңыздар! »...

Отправить комментарий

Технологии Blogger.