Halloween party ideas 2015


Рашид  аттуу  адам  жайдын  ысык  аптабында, учу-кыйры  көрүнбөгөн   чөлдү  кезип,  алыстагы  үйүнө  бара   жатты.  Чөлдүн  ысык   куму,  күндүн   алоолонгон  оту  ушунчалык денесин   алсыратып  жиберди.  Же  бир  жорткон  жел  жок,  же  ичейин  десе  суу  жок,  абдан  суусап,  ысыктан  катуу кыйналат.Бир  аз  эс  алуу  үчүн кум  үстүнө  олтурган  кезде,  анча  алыс  эмес  жерде   куштардын   тегеренип  учуп  жүргөнүнкөрүп  калат  да;

-Куштар  жүргөн  жерде  суу  болчу  эле.  Жакын жерде  суу  бар  окшойт. Неси  болсо  да,  ошол тарапка  барып  көрөйүнчү,-деп  болгон  күчүн  жыйнап,  куштар  көрүнгөн  тарапка  бет  алат.

Ошентип  бара  жатып,  өзү  ойлогондой  эле суусу  бар  кудукка  туш   болуп,  абдан   сүйүнөт.  Бирок  тилекке   каршы   кудук   өтө  терең,  суусу   да   аз  эле  экен.  Рашид  кудуктан  суу  алуу  үчүн  идиш  таппайт.  Акыры  айласы  кетип, кудукка  түшүп  суу  ичип  чыгууну  ойлойт. өз оюн  туура  көрүп, Аллахка  тобокел  кылып, кудукка  этияттык  менен  түшө баштайт.  Ошентип   отуруп  кудуктун   түбүнө  да   жетет.

Чөк  түшүп  отуруп,  колдору  менен суудан  сузуп,суусуну  канганча  ичти, чөлдүн  ысыгынан  соолуган  денесине  да  суу  жеткирип, жүзүн  жууду  да,  денеси  сергип,  ырахаттанып  отура  кетти.  Чөлдүн  аптабынан  куткарган  Аллага  шүгүр   кылды.  Бир  аз  эс  алган  соң,  кудуктан чыкты  да,  аянычтуу  окуяга  туш   болду.  Абдан суусап,  ысыктан  тери  шорголоп   аккан, арык  бир  иттин  кудуктун  четиндеги  нымдалышкан  кумдарды   жанталаша  тили  менен  жалап  жатканын   көрдү  да,  өзүнө-өзү  мындай  деди:

-Мен  бир  аз  мурда  ысыктан  кандай   кыйналып, суусаган  болсом, чынында бул  ит  да  мага  окшоп  суусап,  чаңкаган  экен.  Аллах  адамдарды  айбандардан  айрымалап акыл,  күч  берген. Мен  акылым, күчүм  менен  кудукка  түшүп,  суусунумду  кандырып,  денемди  сергитип  алдым.А  бул  ит  кантип  чаңкаганын  басат  болду   экен.  Мендей  болуп  кудукка  түшүп  чыга  албайт.  Эмне  кылсам? Итти  ушул  бойдон  таштап  кетип  калсам,  суусагандыктан  өлүп  калышы  мүмкүн.Кой,  андан  көрө  кудукка  түшүп,  суу  алып  чыгып  берейин.

Ошентип  Рашид  кайрадан  кудукка  түштү. Бут  кийимин   чечип, ага  суу  толтурду.  Андан   соң   аны   оозуна   тиштеп   алып,эптеп  кудуктан   чыгып,   сууну  итке   берди.  Ит  куйругун шыйпандатып,  тилдерин  саландатып,    сууну   ичип   жатты.   Иттин   чаңкоосу   басылганын  көргөн  Рашид   өзүнүн   жасаган  ишине  абдан   сүйүндү. Ал  эми  бардык   нерсени  Көрүүчү  Аллах  Рашиддин   бул  ишине  ыраазы   болуп,  анын   бардык  күнөөлөрүн   кечирди.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.