Halloween party ideas 2015

Дин иштери жана салт-санааларды жөнгө салуу комитети чет өлкөдө диний билим алган имамдарды иштен бошотуу чечимин кабыл алды. Бул арада комитеттин төрагасы Сулаймон Давлатзода менен уламалар кеңешинин башчысы Саидмуккарам Абдулкодирзода өзүлөрү чет жактан билим алышкан.

Саидмукаррам Абдулкодирзода Тажикстан мусулмандарынын тынчтыгы үчүн кайсы учур болбосун кызматын таштоого даяр экенин айтты.

“Тажикстанда тыюу салынган агымдарга кошулуп кеткен бир нече имам-хатибдер камалып, жазага тартылды. Эгер бул демилге мага байланыштуу болсо, өлкөнүн бейкуттугу үчүн отставкага кетүүгө даярмын. Себеби мен 1990-жылдардагы окуялардын кайталанышын каалабайм”, — деди ал.

Бул арада комитеттин басма сөз кызматы бул чечим чет өлкөдө мыйзамсыз окуган имам-хатибдерге гана тиешелүү экенин билдирди.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө Дин иштери боюнча комитет менен аймактагы башкармалык жетекчилеринин телефондук сүйлөшүүлөрүнүн көчүрмөсү жарыяланган. Анда чет өлкөдө билим алган имам-хатибдерди эки апта ичинде бошотуу, алардын ордуна “татыктуу талапкерлерди” коюу тапшырмасы берилген.

Запись Тажикстанда чет өлкөдө билим алган имамдар жумуштан бошотулууда впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.