Halloween party ideas 2015

Абдишүкүр ажы Нарматов

Бисмил-лаахир-рахмааниррохиим. Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын аты менен баштаймын. Алла Таалага мактоо айтабыз, андан жардам сурайбыз жана күнөөлөрүбүз үчүн кечирим тилейбиз.

Күбөлүк берем Ал, Алла жалгыз, Анын эч кандай шериги жок. Ал, Алла бир айдан экинчи айды фазилеттүү кылып жараткан. Ал, Алла улуу Рамазан айында орозо кармоону парз кылган жана ушул айда ыйык Куранды түшүргөн. Рамазанда орозо кармаган адамдарга чексиз соопторду убада кылып: «орозо кармоочунун сообун мен гана билем, ал мен үчүн тамак жана суусундук ичүүдөн ошондой эле кумар каалоосунан тыйылды» деп айткан.

Күбөлүк берем Мухаммад (Ага Алланын салам-салаваты болсун) Алланын кулу жана акыркы элчиси. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) улуу Рамазан айынан кандай тарбия алуу керектигин бизге үйрөткөн жана бул айды туура пайдаланууга чакырган. Рамазан сабактарын окутуучу улуу мугалим Мухаммад пайгамбарыбызга, анын үй-бүлөөсүнө жана сахабаларына Алланын саламы жана салаваты болсун.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Кайрадан эшигибизди кагып улуу Рамазан айы кирип келди. Улуу Рамазан башталардан алдын, бул ай тууралуу кыскача түшүнүк берели.

Эмне үчүн Рамазанды ыйык деп санайбыз? Рамазан айында кандай ибаадаттарды аткарып, кандай иштерден тыйылуу керек? Алла Таала бир орунду экин орундан же бир айды экинчи айдан жөндөн-жөн эле ыйык кылып койгон эмес. Мисалы Мекке шаары ыйык шаар. Анын ыйык болуусунун себеби, бардык мусулмандардын кыбыласы болгон Каьба ошол жерде. Рамазандын ыйык болуусунун себеби, бул айда кадыр кечеси бар. Ал эми кадыр кечесинин ыйык болуусунун себеби, бул кечеде Куран түшүрүлгөн.

Демек, урматтуу мусулман бир тууганым. Рамазан айы Куран түшүрүлгөн ай. Куран түшүрүлгөн айда Куранда тыюу салынган күнөөлөрдү таштап, аткарууга буюрулган амалдарды аткарууга үйрөнүү керек.

Шаабан айынын аягында Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) сахаабаларына кайрылып:

– «Оо, адамдар! Силерге улуу ай жакындап келе жатат. Алла Таала бул айда орозо кармоону парз, түндөсү намаз окууну нафил кылды. Кимде-ким Рамазан айында нафил ибаадатты аткарса парз ибаадатты аткаргандай сооп берилет. Ал эми ким парз ибаадатты аткарса, башка айлардагы жетимиш парзды аткаргандай сооп алат. Кимдеким адамдардын оозун ачтырып курсагын тойгузса, тозоктон жетимиш жылдык аралыкта алыс болот» – деп айтканда, сахаабалардын кээ бирөөсү:

– «Кимде-ким бир жутум суу же бир курма менен ооз ачтырса, тозоктон жетимиш жылдык аралыкта алыс болот» – деп жооп берди. Мына ушул эсепсиз сооптор берилүүчү Рамазан айында Алла Таала, башка айларда адал болгон үч ишти аткаруудан тыюу салды. Тамактануудан, суусундук ичүүдөн жана аял менен эркектин жакындашуусунан. Ар бир акылдуу адам Алла Тааланын адал иштерге тыюу салганын көрүп туруп, Рамазан орозосунун эмне үчүн парз болгондугун түшүнө алат. Рамазан бизди адал иштерден тыюу менен бирге, арам иштерди толук таштоого тарбиялайт. Албетте Рамазандын бул тарбиясын Аллака чындап ыклас кылган, орозону эмне үчүн кармап жаткандыгын билген адамдар гана ала алат. Алла Таала Куранда :

– «Оо, ыйман келтиргендер! Силерден мурунку элдерге парз кылынганы сыяктуу, силерге да орозо кармоо парз кылынды.Такыбаа болушуңар үчүн» – деп айткан. (Бакара. 183-аят.)

Ушул аятта Алла Таала жөн гана орозонун парз болгондугун айтпастан, өтө маанилүү болгон үч нерсени айткан. Аяттын башында Алла Таала ыйман келтиргендерге кайрылып жатат. Демек орозону ыймандуулар гана кармай алышат. Ал эми ыймандын орду кайда? Албетте ыймандын орду жүрөктө. Аяттын уландысында, орозо кармоо парз кылынды деп айтылган. Чындыгында орозо кармаган адамды сырткы келбетинен билүүгө болбойт жана анын кандай ниет менен кармаганын да билүү мүмкүн эмес. Демек орозонун орду да жүрөктө экен. Аяттын акырында орозо кармоонун негизги себеби такыбаа болуу экендиги айтылат. Такыбаалык деген эмне? Такыбалык Аллака чын ниеттен ишенип, Ал буюруган ишти аткаруу жана тыюу салган иштен тыйылуу. Демек такыбаалуулуктун орду да жүрөктө.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Жогорудагы аяттан түшүнүктүү болгондой Рамазан бул жүрөктү тазалоонун айы.Жүрөктү эмнеден тазалайбыз? Албетте жүрөктөрүбүздөн орун алып жайланышып алган күүнөлөрдөн тазалайбыз.

Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) бир хадисинде:- «Орозо кармап, бирок жалган сүйлөөдөн, кыйбат кылуудан, ушак таратуудан өзүнү тыя албаган адам ачка жүргөндөн башка эч нерсеге жете албайт» – деген. Эртеден кечке тамактанбай, суусундук ичпей жүрүп бирок күнөө иштерден өзүн тыйбаса, кармаган орозодон эмне пайда? Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) экинчи бир хадисинде сахабаларына кайрылып:

– «Куру жалак калуучу адамдын ким экенин билесиңерби» – деп сурады. Сахабалар:

– Колунда тыйыны да, буюму да жок адам, куру жалак калуучу болот – деп жооп беришти. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) аларга:-

«Жок, куру жалак калуучу адам, ал менин үммөтүмдөн бир адам кыяматта окуган намазы, кармаган орозосу, берген зекети жана аткарган ажылыгы менен келет. Бирок ал бирөөнү сөгүп койгон, бирөөнүн малын тартып алган, бирөөнүн абийирин ачкан, бирөөнү урган, бирөөнүн канын төккөн. Бул кылгандары үчүн анын кылган жакшылыктары тигилерге алынып берилет, эгер жакшылыктары жетишпей калса, тигилердин күнөөлөрү бул адамга жүктөлүнөт да тозокко ташталынат» – деп түшүндүрүп берди.

Орозо кармап бирок күнөөдөн өзүнү тыя албаган адам Алланын алдына барганда куру кол калуусу мүмкүн. Албетте бул жеңил нерсе эмес.

Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) бир жолу минбарга бутун коюп жатып «аамин» деди, экинчи тепкичке бутун койгондо дагы «аамин» деди, үчүнчү тепкичке бутун койгондо да «аамин» деди. Минбарга чыгып кутбасын аяктаган соң, сахабалар ага кайрылып:

– Оо, Алланын элчиси. Минбарга чыгып баратып адаттан тышкары үч жолу аамин деп айттың, ушуну түшүндүрүп берчи – деп сурашты.

– «Минбарга бутумду койгон мезгилде, Жибрийил мага:

– орозо кармап бирок күнөөнү таштабаган адам бактысыз болсун – деп айтты. Мен ага аамин дедим.

Экинчи бутумду койгон мезгилде, Жибрийил:

– ата-энеси же ал экөөнүн бири колунда картайганда аларды ыраазы кылып бейишке кире албаган адам бактысыз болсун – деп айтты. Мен ага аамин дедим.

Үчүнчү тепкичке бутумду койгондо, Жибрийил:

– сенин атыңды угуп бирок салават айтпаган адам бактысыз болсун – деп айтты. Мен ага да аамин дедим» – деп түшүндүрүп берди. Ошондуктан, урматтуу мусулман бир тууганым, келиңиз улуу Рамазанда ашказан менен гана орозо кармабастан, жүрөгүбүз, тилибиз, көзүбүз, кыскасы бардык мүчөлөрүбүз менен орозо кармайлы. Орозо, бул тосуучу парда. Бул жашоодо күнөөдөн тосот. Акыретте тозоктон тосот. Рамазан деген сөз араб тилинде беш тамгадан турат. Ра тамгасы- рахмат, мим тамгасы- магфират б.а. кечирим, алиф тамгасы- амаанун минан-наари б.а. тозоктон аман болуу, зод тамгасы- зомаанун илал жаанати б.а. бейишке кепилдик, нун тамгасы- нуурун фил-жаннати б.а. бейиштеги нур. Аллахым ар бирибизди өз ырайымыңа алып, күнөөлөрүбүздү кечир. Тозоктон аман кылып, бейишке киргиз. Улуу Рамазан айын туура пайдаланууну баарыбызга насип кыл.

Аллахым билип-билбей жасаган күнөөлөрүбүздү кечирип, ыймандуу адамдар менен бирге кыл. Ассаламу алайкум ва рахматул-лаахи ва барактуху.

Запись Рамазан Куран түшүрүлгөн ай впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.