Halloween party ideas 2015

«Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүүлөр сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бүгүнкү, 29-майдагы жыйынында каралды.

“Үйлөрдү кыдырып өзүнүн диний көз караштарын таңуулоого, мыйзамга ылайык эмес прозелитизм – психологиялык жана физикалык таасир кылуу, коркутуу, зомбулук жолдорун колдонуу менен башка диний окууларды туткандарды өзүнүн динине киргизүүгө багытталган иш-аракеттер ге тыюу салынат”,-деп жазылат документте.

Ошондой эле бул мыйзамды бузгандар админисративдик жазага тартылары жазылат мыйзам долбоорунда.

Аны менен катар эле Дин иштери боюнча мамлекеттик орган диний адабияттарга, башка басма, аудио-видео материалдарга жана электрондук сактагычтарга, ошондой эле Кыргызстанга диний уюм ташып келген диний адабияттарга дин иштери боюнча мамлекеттик орган бекиткен жобого ылайык дин таануу экспертизасын дайындайт жана ишке ашырат.

Депутат Тазабек Икрамов мыйзам чийки экендигин айтып, мыйзам долбоорун артка кайтаруу сунушун берди.

Депутат Алмазбек Токторов дагы мыйзам долбоорунун кайрадан иштелип чыгышын демилгелеген депутаттардын пикирине кошуларын айтып, ошол эле мезгилде дааватка тыюу салына турган болсо анын ордун толуктай турган кандай багыттар бар экендигине кызыкты.

Өкмөт диний маалыматтарды элге так түшүндүрүү иштеринде алсыздык кылып жаткандыгын сынга алган депутат Рыскелди Момбеков болду.

Талкууда ар кыл пикирлер айтылып, мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн концепциясы жактырылды.

“Каганат”

Запись Дааватчыларга тыюу салуу тууралуу мыйзам жактырылды. впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.