Halloween party ideas 2015

Бул эки жигиттин бирөөсүнүн бешиктен бели чыга элек, экинчисинин жашы жетиге жете элек мезгилде, эрте жазда атасынан айрылышкан. Бечара Бөрүбай тырмалаңдап  эс тарткандан баштап отуз жылдык өмүрүнүн аягына чейин дыйканчылык менен күн  өткөрдү. Жерден кар кеткен тээ алашарбыттан баштап, күнү күркүрөгөн  кеч күзгө чейин желкесинен кетмен түшпөй, жер менен сырдашып, жер менен акылдашып дыйканчылык кылчу. Элдин баары Бөрүбайды тыккан киши  дешчү. Ананчы, анын короо-жайы да, эгин айдаган  талаасы да, башкалардыкынан башкача болуп турчу. Иреттүү, баарысы орду-ордунда, буюм-тайымдары да жай-жайында турчу. Кандай ишке бел байлабасын майын чыгара, чын дилинен аткарчу. Ошого анча-мынча алканы калыңдар эгин-тигин айдатып, септиргенде, сугарганда, жыйнаганда Бөрүбай тыкканды мандикер жалдашчу. Өмүрү кыска экен, ошентип дыйканчылык кылып жүргөн  күндөрдүн биринде кокусунан жүрөгү кармап, талаадан үйүнө араң келип үзүлгөн.

Андан бери канча суулар агып, күн кеч кирип, таң атты дейсиң. Ошол убакыт жебеси менен жарышып, анын балдары да бойго жетишти. “Алма сабынан алыс түшпөйт” дегендей балдары да атасын тартып жакшы чыгышты. Бирөөлөргө пайдасы тийбесе, зыяны тийбейт булардын. Кол арага жарагандан бери эле экөөсү тең тырышчаак. Дыйканчылык, чарбачылык менен күн көрүшөт. Бошой калышканда кимдир бирөөнүн үйүн шыбап, тамдарын жаап дегендей устачылык да кыла коюшат, бир туугандар биргеликте.

Быйыл эрте жазда ага-ини масилеттешип, айылдын мал жандыгы кышкысын жайылган кара кырдын артындагы “Дасторкон -Тахта” аталган тегиздикке жаздык себишкен. Ошол күндөн бери бир туугандардын буту ушул жакта. Бири коюп бири кезек менен кароолчулук кылып жүрүштү. Бешенелерине быйыл  күн жаанчыл келип, буудайлары жакшы болду. Кечээ жакында орушуп, кырман бастырышты. Тоодой болуп үйүлгөн кырмандын четинде ага-ини кылган мээнеттеринин акыбетин кайтарып бергенине Жаратканга шүгүрчүлүк айтышып, алган  түшүмдү кантип  бөлүшөөрүн масилеттеше баштады. Алгач агасы: Иним кудайга шүгүр. Быйыл куруу кол калтырбады. Атам ыраматылыктын; Дыйканчылыкта өтө сооп көп. Биринчиден, “оп бысмылда” деп, жакшы ниет менен жерге  дан чачсаң, аны жер астындагы курт-кумурскалар жейт. Мында бир сооп. Экинчиден, ал өсүп чыгып. Дан байлаганда куш-чымчыктар азыктанышат, буга дагы бир сооп, анан жыйын-терим болгондо алган түшүмүңдөн бей-бечарага,  жетим-жесирге, жакыр-жалчыга үшүр бересиң. Мында дагы бир сооп. Анан калганын өзүн бала-чакаң менен пайдаланасың-бул нерсеге дагы бир сооп жазылат” – дегенин кулагым чалган эле. Эгер макул көрсөң, эң алгач кырмандан айылыбыздагы Абдирашит акенин балдарына үшүр берели. Кантсе да, ал кишинин көзү өтүп кеткенден  бери жаш балдары аябай кыйналып калышты. Анан кырманды тең экиге бөлөлү деп сөз баштады.

Жанатан бери агасынын сөзүн муюп угуп олтурган иниси макул дегенсип баш ийкеди. Кырмандан алгач үшүр берилди. Анан тең экиге бөлүндү.

Ташууга келгенде иниси агасына:

-Мен карап турайын сиз биринчи ташыңыз. Келгениңизде мен жөнөйүн. Кезек-кезек менен ташыбасак. Жол алыс чарчап калабыз” – деген сунушун айтты. Бул пикир агасына да макул келди. Ал бир эки кап буудайды эшегине артып үйүнө жол алды. Агасы көздөн кайым болгондон кийин инисине бир ой келди. Бул пикир чындап таң калыштуу эле. Ал өзүнчө жалгыз башымды эптеп багамын. Агама кыйын. Кантсе да, жаш балдары бар. Кой өзүмө тийген тийешеден ага билдирбей кошуп салайын деп ойлонду да, агасы келгиче бир челек буудай салып, агасы тарапка төгүп койду.

Арадан бир канча убакыт өткөндөн соң агасы келди. Инисине буудай капташып жолго салды. Ал нарыраак жылганда, агасынан башында да бир ой кылт этти. Өзүнчө менин үй-бүлөм бар. Эптеп күнүмдү көрөмүн. Ушул иним бойдок жүрөт. Буудай  көбүрөөк тийсе сатып, бүлөлүү болуп алса ажеп эмес. Ке, жакшысы ага билдирбей, өзүмдүн энчимен кичине кошуп салайын деди да, инисинин буудайына бир челек төгүп койду.

Эки бир туугандын мындай бири-бирине болгон урматына, сыйына, ызаатына ыраазы болгон жараткан, алардын кырманына береке берди. Экөөсү аз гана көрүнгөн кырманды  үч күн бою ташышты. . . .

Нуркамил Абдуллаев, атайын “Formula.kg” үчүн

Запись Кырман (аңгеме) впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.