Halloween party ideas 2015

– Мен Фейсбук баракчасына комментарий жазган элем. Орустарды капыр деген экен. Ал эми мен уккан, билгеним боюнча буларды “адашкандар” дейт десем мага: “Таксыр сиз никеңиз менен ыйманыңызды жаңылаңыз. Ыймандан чыгып кеттиңиз”, – деп комментарий жазыптыр. Ушул туурабы?

“Ислам дини” деген сайттан “Каза намазы бар адамдарга сүннөт намазы буйрулбайт” дегенди окудум, ушул туурабы?

– Биринчи суроодо орустар капырбы же адашкандарбы маселе. Жер жүзүндөгү адамдардын бардыгы мусулмандар жана мусулман эместер деп экиге бөлүнөт. Мусулман эместердин бардыгы жалпы жонунан, “капыр” – деп айтылат. “Капыр” деген сөз мусулман эмес деген сөздүн бир гана түрү. Анын ичине христиан болгон капырлар, баптист болгон капырлар, еврей болгон капырлар, теңирчи болгон капырлар, айтор ушуга окшогондор кирет.

Мисалы, адамдар кыргыз же кыргыз эмес дегендей эле адамдар да мусулман же мусулман эмес деп бөлүнөт. Эгерде христиан дининдеги орустар болсо улуту орус, капыр дегени мусулман эмес. Анан ошол мусулман эмес адамдарды “адашкан, христиан дининдегилер” – деп айтылат. Демек, мусулман эместердин бардыгы капыр, ал эми капырлардын түрлөрү бар. Мисалы, көп кудайлуу мушрик капырлар, “кудай жок” – деген атеист капырлар деген сыяктуу.

Суроодогу сөз түрк аалымы Кара Быйыхтын “Ислам дини” деген китебине тиешелүү. Бул китепке муфтияттан адашып уруксат берип алышып, кийин ызы-чуу болуп жүрүшкөн. Бирок чындыгында бул маңыздуу сөз. Анткени сүннөт намаз деген бул милдеттүү намаз эмес, ал эми каза намаз милдеттүү. Ошондуктан ал сөздө маани бар. Бирок биз каза намаз окугула, сүннөт намазды да окугула, бирок каза намазы бар адам нафил намазды окубасын деп айтат элек.

– Менин жакын туугандарымдан бир иним көзү ачыкка барыптыр. Көзү ачык болсо иниме, “сенин сүрөтүңдү мүрзөгө көөмп койгон. Ошол үчүн сен ата-эне, бир туугандарың менен урушуп, ишиң жүрүшпөй жатат”- деп айтыптыр. Ушул туурабы?

– Биринчиден иниңиз намаз окусун. Көзү ачыкка баруу-адамды ыймандан чыгарат. Экинчи барбасын. Бишкектеги Жыргал каарыга келип дем салдырсын. Көз ачыкка барган сайын балээ ого бетер күчөп кетет.

– Балдарды эмдеген (привывка) динге каршы келет деген нерсе туурабы? Эгер туура эмес болсо ажыга бара тургандардын баарын эмдешет?

– Көпчүлүк аалымдардын пикиринде эмдөө жакшы эмес деп айтылат. Ал эми ажыга барып жаткандардын бардыгы эле олуя-аалым эмес. Болгону тандоо ар кимдин эркинде.

– Мен Ош шаарында жашайм. Кимге барып дем салдырсам болот? Сиз айткан Жыргал каары Ошко келеби?

– Жыргал каары Ошко бара албайт. Анткени Бишкекте жумушу абдан көп, колу бошобойт. Ошто ким жакшы дем саларын мен так билбейт экенмин. Мечиттерден барып сурап көрүңүз.

Бирок мечитке барып дем салдырууда этият болуңуз. Кээ бир мечиттерде имамдар дем салдырганы барганда кыздарга кол салып ийген учурлары да кездешет. Дем сала турган молдо аялдарды жалгыз үйгө киргизип алып дем салганы болбойт, балким ал зордуктап коюшу мүмкүн. Мындай молдолор Кыргызстандын бардык аймактарында эле кездешет. Ушундай акмактар чыгып калганы өкүндүрөт. Ошондуктан молдо бөлмөдө жалгыз дем салам десе андан жаа бою качуу керек. Бул шайтан, чапаны, сакалы бар шайтан. Буларга эч качан ишенбеңиздер. Динибиз эч качан буга жол бербейт.

– Моюнга тумар тагып жүрсө болобу? Машинага теспелерди жана дубаларды илип алган туура элеби? Анан айылдардагы берилип жаткан пайыздык чеги абдан төмөн насыялардан алсак болобу?

– Теспени болсо машинага дем салдырбай эле кооздук үчүн илип коёт. Бирок машинага тумар илип алышат. Ошондой эле кишилер да моюнуна тагып алышат. Бирок тумар моюнда же машинада болбостон адамдын жүрөгүндө болгону абзел. Жүрөгүндөгү келмеси бул – тумар. Эгерде сүйлөй албаган жаш балдардын бешигине Фатиха сүрөөсүн жазып илип койсо бир жөн. Моюнуна тагып алып дааратканага кирип кетсе анда күнөө иш болуп калат. Ал эми тумар сактайт деген адамды динден чыгарып иет.

Сүткорлуктун бардыгы жана насыянын баары арам. Такыр эле ачкадан өлө турган абалга жеткенде гана алса анда бир жөн.

– Досторум менен Ютуб каналынан “Тозок жердин астында, бейиш асманда” деген видео көргөнбүз. Ал жерде “жердин канча бир километр катмарынан ар кандай үндөр чыгып жатат. Бул тозоктон келген үн” – деп айтылыптыр. Сиз буга кандай карайсыз?

– Аны биз дагы көрүп жатабыз, кылып жатабыз. Бирок биз бир гана нерсеге ишенебиз. Тозоктун бар экендиги чындык, акыйкат нерсе. Ошону менен бирге бейиштин бар экенине да ишенебиз. Буларды четке каккан киши ыймандан чыгып калат. Андан аркынысына акылыбыз жетпей жатса ага кийлигишип, тастыктоонун да, жалганга чыгаруунун да кереги жок.

– Эркектердин чачын өстүрүп алуусу сүннөт экен. Өстүрбөй кыркып алса болобу же сүннөткө каршы келип калабы?

– Пайгамбарыбыз алейхи салам чачын өстүрүп жүргөн. Бирок өмүрүнүн акырындагы кылган ажылыгында чачын алдырып койгон. Демек, чач өстүргөн сакалдай сүннөт эмес. Эгерде сүннөт болсо анда пайгамбарыбыз алейхи салам чачын алдырбайт болчу. Шариятта эч качан өкүмдөр бири-бирине каршы келбейт. Чачын өстүрсө зыяны тийбейт, сүннөт ниетинде койгон болсо бул жакшы. Чачты дагы өзүнө жарашыктуу кылып өстүрүш керек. Анан бир жерин тасырайта кырып, калган жерин өстүрсө такыр туура эмес. Эркектин чачы мүрүсүнө тийбеш керек. Пайгамбарыбыз алейхи салам, “чачыңарды каза кылып кырктырбагыла” – деген. Бул бир жерин кыркып, калган жерин өстүрбөгүлө дегенди түшүндүрөт.

Көзгө сурма коюу аял-эркекке бирдей сүннөт. Бирок кээ бир жерлерде эркектерге сурма койгонго тыюу салат. Анткени көбүнчө кызтекелер коюп алышат экен. Ошол сыяктуу эле чач өстүргөн бизде жакшы эмес жагдайды жарата турган болсо анда чачыңарды өстүрбөй эле койгула, урматтуу эркектер! Анын үстүнө биздин салтыбызда дегеле эркектердин чачын өстүрүүсү кездешпейт. Азыркы күндө чач өстүргөндөр “инкаршик” же “якыншик” деген жамаатка тиешелүү болуп калды.

– Карындашым инсульт болгон эле, бир аз кыйналып жатат. Кайсы молдокеге барып дем салдырсак болот?

– Жыргал каарыга барыңыз. Бишкектеги Ынтымак жаңы конушундагы мечитте кызмат кылат.

– Мен Кореядан суроо берип жатам. Аср намазын бул жердеги башка мазхабдагылар менен кошо окуганда 45 мүнөт эртерээк болуп жатат.

Кыргызстандан жер алганга чек алгам. Бирок ал үлүштү адистер эки жыл мурунку документ менен бергени жатышат. Бул нерсе пара берип алган болуп калбайбы?

– Окуй берсеңер болот.Сахибе имам Абу Юсуф, имам Мухаммаддын пикиринде боло берет. Ал эми 45 мүнөт кечиктирип окуу Абу Ханифанын жеке өзүнүн мазхабы. Колдон келсе Абу Ханифанын тартиби менен окуган жакшы. Бирок шаафилерде азан айтылса алар менен чогуу окуй бериш керек.

Эгерде жерлер ага тийип, ошонун негизинде берип жатса зыяны тийбейт. Бирок ал элди, мамлекетти алдап жатса бул туура эмес.

– Телеканалдардан эмнеге көп көрүнбөй калдыңыз? Биздин Кыргызстанда деле, Орусияда деле даават тууралуу ар кандай пикирлер айтылат экен. Сизден сурайын дегеним дааватка чыгуу шартпы, ушул тууралуу кененирээк токтолсоңуз.

– Мен Темир Сариев премьер-министир болуп турган учурда “Элтр” телеканалына чыкчумун. Бирок Сариев берген тулпарды Жээнбеков кайра алды. Мен Темир мырзага ыраазычылыгымды билдирем. “Элтр” өкмөттүн каналы болгондуктан өкмөт башчынын кийлигишүүсү менен иштер чечилет окшойт деп ойлоп калдым.

Кудайга миң мертебе шүгүр, Орусияны кыдырып жүрөбүз. Бирок ал жерде дааватка тыюу салынган. Ошондой эле Казакстан, Тажикстан сыяктуу мамлекеттерде да тыюу салынган. Биздин президенттин кеменгерлигинин аркасы менен бизде кудайга шүгүр дааватка тыюу салынган жок. Албетте буга тыюу салынбашы керек. Эмне үчүн биз Орусия, Казакстан, Тажикстанды ээрчишибиз керек. Орусия мусулман эмес өлкө. Ал эми Кыргызстан мусулман өлкө. Коңшулардыкына карганда биздин жерибиз кичине болгону менен биз суунун башында турабыз. Башкаларга караганда биз таза суу ичкен адмдарбыз. Ошондуктан биз башкаларга таза пикир, таза акый бере алабыз. Биз жарды мамлекет болгонубуз менен, бизде эркиндик деген нерсе бар.

Өткөндө бирөө айтып жатат, “Өзбекстанда медреселер бизге караганда аз экен” – деп. Бирок аларда абактардын саны канча экенин ал киши билет бекен? Ошондуктан сүйлөп жатканда бардык тарабын караш керек.

Дааватка тыюу салынганы менен даават токтоп калган жок. Анткени бул Кудайдын иши. Орусияда иштеп жүргөн мекендештерибиздин балдары бара-бара кыргызча билбей калышат экен. Алардын ата-энелери Кыргызстанга келген күндө дагы балдары келгиси келбейт экен. Ошол Орусияга кыргыз мектептерин ачуу абдан татаал жумуш. Ошондуктан молдокелердин жана дааватчылардын кыргыз тилинде айткан үгүт-насыят, дааваттары аркылуу аларды кыргыз бойдон сактап калуу мүмкүнчүлүгү бар. Муну муфтият эске алып аракет кылса, абдан жакшы иш болот эле.

“Саресеп”

Запись Чубак ажы Жалилов менен турмуштук суроо-жооптор (57) впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.