Halloween party ideas 2015

«Аьуузу биллахи минаш-шайтонир-рожиим» мына ушул бир ооз сөз менен шайтанды кубалоого болот. Бирок, көп адамдар бул сөздү айткан менен шайтандын азгырыгынан кутула албайт. Мунун себеби эмнеде?

Шайтандан сактануу сөзү – жоокердин колундагы кылыч сыяктуу. Эгерде кылыч кармаган кол күчтүү болсо, кылыч тийген жерин кыйып түшөт. Кылыч канча курч болбосун, кол алсыз болсо, анын шилтегени эч нерсеге жарабайт. Ошол сыяктуу, эгерде шайтандан сактануу сөзү такыба адамдын оозунан чыкса, шайтанды качырат, ал эми такыбасы жок адам айтса, андан майнап чыкпайт. Адамдын оозунан чыккан сөзү анын ыйманына жана такыбалыгына жараша болот. Аалымдардын бири шакиртине кайрылып:

– Эгерде, бир адам итин ээрчитип бара жатса, кокустан анын ити сага асылса, эмне кыласың? – деп сурайт.

– Мен аны колума келген нерсе менен уруп сактанамын.

– Ал кайра эле асыла берсечи?

– Мен аны андан да катуу урууга аргасыз болом.

– Эгер сен өзүң айткандай кылсаң, эч кандай майнап чыкпай калуусу да мүмкүн. Андан көрө, дароо эле иттин ээсине кайрылгын. Ал сени убара кылбастан сактап калат.

Бул хикаядан түшүнүктүү болуп тургандай, биз баардык ааламдын ээси болгон Аллах менен мамилени оңдосок, Ал бардык көйгөйлөрдү чечип берет. Бизди шайтандан сактоого Аллах Тааланын күчү жетет. Марьям энебизди өмүрү шайтан азгыра алган эмес. Аны энеси төрөп жаткан мезгилде, Аллахка кайрылып:

«Мен аны жана анын урпактарын ырайымыңдан куулган шайтандан коргооңду тилеп, сага жалбарамын» деп айткан эле. (Аалу Имран сүрөсү, 36-аят). Аллах анын дубасын кабылылды.

Шайтандан жана анын желдеттеринен сактануунун негизги жолу – Аллахка кайрылуу.

Аллах Таала пайгамбарыбызга кайрылып: «Качан сени шайтандын азгырыгы жолдон чыгара баштаса, Аллахтан коргоо сура! Чынында Ал Угуучу, Билүүчү!» деп айткан. (Аьраф сүрөсү, 199-200-аяттар).

Дагы бир аятта: «Айткын: «Оо, Роббим! Мен шайтандын азгырыгынан коргоо тилеп Өзүңө жалбарамын!» (Муминуун сүрөсү, 97-аят). Демек, ким чын ыклас менен Аллахка кайрылып, шайтандын азгырыгынан сактоону суранса, Аллах аны шайтандын азгырыгынан сактайт.

 

Шайтандан сактануу сөзүн айтуучу орундар:

1. Ажатканага кирүүдөн алдын. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) ажатканага кирүүдөн алдын: «Аллахумма иннии аьуузу бика минал хубси вал хабааис»-
деп айтчу. Мааниси: «Аллахым, жин-шайтандын эркек-ургаачысынан сактооңду суранам».
2. Ачуу келген учурда. Сулайман бин Сирд (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: «Бир жолу эки адам урушуп кетип, ачууланып, бети кызарып чыккан бири экинчисин жаман сөз менен тилдеп жиберди. Аларды көрүп калган пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): «Мен бир сөз билем. Ким бул сөздү айтса, анын ачуусу тарап кетет. Бул «Аьуузу биллахи минаш-шайтоонир-рожиим» деген сөз» – деди. (Бухари, Муслим).
3. Эшектин айкырыгын уккан мезгилде. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): «Эгер эшек айкырса, шайтандан сактоону суранып Аллахка кайрылгыла» – деп айткан. (Табарани).
4. Куран окуган мезгилде. Аллах Таала Куранда: «Куран окуган учурда таш бараң кылынган шайтандан сактоону суранып Аллахка кайрыл» – деп айткан. (Нахл сүрөсү, 97аят).

Запись ЭМНЕ ҮЧҮН КӨП АДАМДАР ШАЙТАНДАН САКТАНА АЛЫШПАЙТ?! впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.