Halloween party ideas 2015

РФнын Санкт-Петербург шаарындагы мекендештерибиз менен “Дуйнолук Ахлу-Сунна” аалымдар кенешинин мучолору, Кыргызстан Мусулмандар Аалымдар кенешинин торогасы Шейх Абдишукур ажы Нарматов, Аалымдар кенешинин мучосу Шейх Чубак ажы Жалилов устаздарыбыз жолугушту. Жолугушууда Аалымдарыбыз мекендештерибизге акыл-насаат, кеп-кенештерин айтып, “Улуттар аралыгындагы Ынтымакты, биримдикти, уй-булоонун баалуугун, элибиздин кадыр-баркын ” сактап калууга чакырышты. Ошондой эле Аалымдарыбыз Санкт-Петербург шаарынын Муфтийи Равиль Панчеевге жана анын жамаатына мекендештерибиз менен жолуктурууга шарт тузуп бергенине, алар менен биргелекте эле уюштуруучу кыргыз жигиттерибизге да терен ыраазычылыгын билдиришти. Аалымдарбыз менен жолугушууга 5 минге чукул мекендештерибиз келишти. Уч кабат мечитке батпай калып, сыртта калгандарына кайыл болуп кетпей устаздарыбыздын баян-насааттарын угушту… Аллахым баарбызга бекем ыйман берсин! Алыста жургон мекендештерибизди асмандан, жерден келген балээ-апааттардан сактасын! Адалдан ырыскы берсин, берген ырыскысына береке берсин! 30.04.2017. Фото баян: 1-болум.

Запись РОССИЯ: ААЛЫМДАРГА БЕШ МИҢГЕ ЧУКУЛ АДАМ КЕЛДИ. впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.