Halloween party ideas 2015

Өзгөн районунун Аюу айылында жер көчкү алдында калгандарга жаназа окуп, ордунда калтырса болот.

Мындай маалыматты бүгүн, 1-майда Муфтияттын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу билдирди.

“Аюу айылындагы жаратылыш кырсыгына кабылып, жер көчкү астында калган маркумдардын сөөгүн казып алууда кыйынчылык жаратса, ошондой эле каза болгондордун денеси бузулуп кеткенче казып алууга мүмкүнчүлүк болбосо, ислам дининин шартында жаназа окуп, ошол жерде калтырса болот. Буга ислам дини мүмкүндүк берет. Күн ысык болсо аз убакыттын ичинде адамдын денеси бузулуп кетиши мүмкүн”, – деп билдирди Токтогазы уулу.

Эске салсак, буга чейин көчкү алдында калгандарды казып алууда кыйынчылык жаралып, каза болгондорду жер алдында калтырып, кырсык болгон жерди көрүстөнгө айлантуу маселеси айтылган.

“SUPER.KG”

Запись Фатва: “Жер көчкү алдында калгандарга жаназа окуп, ордунда калтырса болот” впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.