Halloween party ideas 2015

Баласынын үйлөнгөнүнө бир ай өткөн эне келинин жанына чакырды. “Мен баламды 30 жылдан бери намазга тургуза албайт элем. Сен болсо 30 күндүн ичинде эле буга жетиштиң”-көздөрү жашылдана түштү. Кайын энесин сооротуп, акылдуу келин мындай деди: “Энекем, таш жана кен жөнүндөгү окуяны уктуңуз беле? Чоң жолдун так ортосунда өткөн-кеткен жолоочуларга тоскоол болгон чоң таш бар эле. Бир күнү бир жолоочу аны майдалап, жолдон алып коюну чечти. Ал ташты күч менен уруп жатты. Бирок, 99 жолку соккудан кийин ал кишиден күч кетти. Ошол убакта, жанынан өтүп бараткан киши ага жардамга келди да, керкини алып күч менен ташты урду. Таш майда бөлүкчөлөргө бөлүндү эле, анын ичинен бир кап алтын чыкты. Ташты майдалаган жолоочу айтты: “Ташты мен майдаладым. Алтын мага тийиштүү”. -Мен 99 жолу урганмын. Демек, менин да үлүшүм бар-биринчиси кем калган жок. Маселе чечилбеген соң, экөө казыга барышты. Аларды кунт коюп уккан казы биринчисине алтындын 99 бөлүгүн, ал эми экинчи кишиге 1-бөлүгүн берди. “Эгерде бул 99-жолу урбаганда, сенин бир жолу урганыңдан эч кандай майнап чыкмак эмес”-деди адилеттүү казы. Сиз 30 жыл үмүт үзбөй балаңызды намазга ойготтуңуз. Менин бир жолку ойготконум да сиздин мээнетиңиздин мөмөсү деп жооп берди акылдуу келин..

Запись Акылдуу келин впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.