Halloween party ideas 2015

 

ТАРЫХЫНАН
Кулпунайдын (клубника) мекени – Түштүк Америка. Европа бул таттуу жер жемиши менен 16-кылымда таанышкан. Француз офицери өлкөсүнө чили кызылгатынын бир нече түбүн ала келет. Кийинчерээк аны Түндүк Америкадан алып келинген кызылгат менен кыйыштыруудан азыркыдай кулпунай пайда болуп, дүйнөгө тарай баштаган.

ПАЙДАЛУУ КАСИЕТИ
Мөмөсү B, C, PP витаминдерине бай. Ошондой эле темир, калий, фосфор, жез, кремний, йод, фтор жана фолий кычкылынын да чоң өлчөмүнө ээ.

ОРГАНИЗМГЕ ТИЙГИЗГЕН ОҢ ТААСИРИ

Кулпунай организмди вирустардан коргойт. Сасык тумоо менен суук тийүүнүн алдын алууда колдонулат.Тиштин бүйлөсүнүн сезгенүүсүндө (парадонтоз) жана башка ооз көңдөйүнүн ооруларында кулпунайдын кайнатмасы менен оозду чайкоо сунушталат.Жогорку кан басым жана кан тамырдын, склероз оорусунда ширесин ичсе жакшы. Бул иммунитетти чыңап, тамырды бекемдейт.Ичтейди ачып, ашказан-ичегини жакшы иштетип, алардагы оорулардан айыгууга көмөктөшөт.Курамында аспириндин курамындагыдай заттар болгондуктан, баш ооруну басууда жана температураны түшүрүүдө керектелет.Жаңы кан клеткаларынын жаралышын шарттайт, андыктан каны аздар үчүн мыкты дары.Чарчоону жазып, чыңалуудан арылтат.Тердетүүчү жана заара кубалоочу таасири болгондуктан, табарсык, бөйрөктүн иштешин калыпка келтирет.Арыктоого жардамчы, анткени зат алмашууну жакшыртат жана 100 грамм кулпунайда болгону 30 калорий бар. Анын үстүнө 88 пайызы суудан турат.Антиоксиданттык таасиринен улам ракка каршы касиетке ээ жана организмди картаюудан сактайт.Виагранын ордун алмаштыруучу табигый каражат. Данынын курамындагы цинк аялдардын да, эркектердин да сексуалдык жөндөмүн арттырып, бойго бүтүү мүмкүнчүлүгүн 25 пайызга жогорулатат.

ТЕРС ТААСИРЛЕРИ ЖЕ КИМДЕР ЭТИЯТ КОЛДОНУШУ КЕРЕК

Аллергиясы барлар. Бирок адистер мындай оорусу барлар кулпунайды аз гана жеп, артынан сүт же айран ичсе, аллергиясы козголбойт дешет.Жогорку кан басым оорусунан жабыр тартып, дары ичип жүргөндөр.Ашказандын жарасынан жана гастриттен жапа чеккендер.

Ашкана
КУЛПУНАЙ КОКТЕЙЛИ 
Мындай коктейль сергитип гана тим болбостон, организмге пайдалуу жана ток кармайт. Сүт ичкиси келбеген балдар да коктейлдин арты менен сүт ичип калат. Кулпунайдын коктейлин эрте менен ичсе энергия менен камсыз болуп, көңүлү көтөрүлүп, сергек тартып калат.

Керектүүлөр:
Кулпунай – 70 грамм
Сүт – 200 грамм
Пломбир балмуздагы – 3 аш кашык
Кант пудрасы – 20 грамм (муну кулпунай кычкыл болсо гана кошуу керек!)

Жасоо ыкмасы:
Кулпунайды жууп, сабактарын алып салуу кажет. Блендерге балмуздакты, сүттү, кулпунайды салып, аралаштырыңыз (блендер жок болсо кашык жардамга келет). Сиз эңсеген коктейль даяр!

Косметика
МАСКА

Косметикалык мыкты каражат. Маска катары колдонсо, беттеги майда бүдүрлөрдү кетирип, теридеги тешикчелерди кичирейтип, бетти агартат. Терини чыңап, сепкилди кетирет.

Майлуу тери үчүн жаңы үзүлгөн кулпунайды эзип, бетке жаап, 20 мүнөттөн соң жылуу суу же муздак сүт менен жууп салуу керек.

Териси абдан сезимтал жана кургак бетке эзилген кулпунайдын үстүнө 2 чай кашык бал, 1 чай кашык быштак кошуп коюулары керек.

 

Булак.super.kg

Запись КУЛПУНАЙ АРЫКТАТЫП ЭС -ТУТУМДУ ЖАКШЫРТАТ впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.