Halloween party ideas 2015

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды ыйык Орозо айынын башталышы менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

«Кадырман мекендештер!

Урматтуу Кыргызстандын мусулмандары!

Кең пейилдүүлүк менен кечиримдүүлүк, береке менен жакшылык айы болгон Орозо да кирип келди.

Бул күндөрдү ар бир мусулман баласы чын пейилден күтөт эмеспи. Ыйык Орозо айында ар бир инсан күнүмдүк түйшүктөрдөн, көр оокаттан башты жыйып, Улуу Жаратканга тобо келтирет, күндөр мааниси жок текке кетип жаткан жокпу, башкаларга жакшылыгым, мээримим тийдиби деп, өмүрдүн маңызы тууралуу ойлонушу зарыл. Орозо баарыбызды тынчтыкка, сабырдуулукка жана ынтымакка үндөйт, жакшы жөрөлгөлөргө, боорукерликке жана тазаланууга жол ачат.

Кымбаттуу мекендештерим, ыйык айда сиздердин асыл тилектер, улуу максаттар кабыл болушун чын-жүрөктөн каалайм. Сүйүктүү Кыргызстаныбызда бейпилдик, биримдик, бакубатчылык өкүм сүрсүн.  Ар бириңизге аманчылык каалаймын.

Орозобуз кабыл болсун!

Запись Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды ыйык Орозо айынын башталышы менен куттуктады. впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.