Halloween party ideas 2015

Аптаптуу ысык башталганы баарыбыздын колубуздан газдалган суусундуктар менен бирге жергебизде өндүрүлүп жаткан газдалган, минералдык суулар жана муздак чайлар түшпөй калат. Ал суусундуктарда кандай зыяндуу заттар бар экенин эч кимибиз билбейбиз жана маани да бербейбиз. Ден соолуктун саламаттыгы үчүн ал суусундуктар кандай зыяндуу заттар менен жасала тургандыгын жана алардын ордун алмаштыруучу пайдалуу азыктар тууралуу макалага кезек беребиз.
Газдалган суусундуктарды эмнеден жасашат?
Албетте, бардык суусундуктардын курамы суудан турат. Жөнөкөй суу менен чаңкоону эң сонун басууга болот. Бирок өндүрүүчүлөр үчүн бул пайда алып келбегендиктен, алар сууга ар кандай кошулмаларды, консерванттарды жана табигый жыт бергичтерди кошуп, анын курамын өзгөртүп келишет. Сиз кандай гана суусундук албаңыз анын курамына маани бересизби? Албетте, жок! Андыктан алгач газдалган суусундуктардын курамындагы кошулмалардын организмге тийгизүүчү таасирине токтололу.
Шекер
Шекерди газдалган жана табигый суусундуктарга таттуу болушу үчүн кошору бышык. Шекер – жеңил сиңүүчү углевод. Кыскача мисал келтирсек, 1 стакан сууга 5 чай кашык шекер кошулат. Аптаптуу ысыкта биз суусундукту стакандап эмес бөтөлкөлөп ичебиз. Натыйжада, кант диабетине жана семирүүгө дуушар болобуз. Мындан тышкары тишке курт түшөт, унутчаактыкты жана жүрөк-кан тамыр ооруларын пайда кылат. Учурда көпчүлүк өндүрүүчүлөр шекер кымбат тургандыктан аны аспартамга (Е-951) алмаштырып келишет. Аспартам акырындык менен көздүн көрүүсүн начарлатып, аллергия оорусун күчөтөт.
Консервант
Консерванттар суусундуктардын көпкө сакталуусуна жардам берет. Консервант катары лимон кислотасын (Е-330) колдонушат. Лимон кислотасы эмалды эритип, тиште кариестин пайда болушуна өбөлгө түзүп берет. Мындан тышкары ортофосфор кычкылын (Е-338) да колдонушат. Аталган кислота организмден кальций кычкылын айдап чыгат. Натыйжада, сөөк ткандары бошоп, алсызданып, морт болуп “остеопороз” оорусуна чалдыгышат. Остеопороз оорусунун арты менен адам инвалидге айланышы мүмкүн. Андыктан газдалган таттуу суусундуктарды балдарга бербөөгө аракет кылуу керек. Себеби алардын сөөктөрү али толук калыптанып бүтө элек.
Жыт бергичтер
Газдалган суусундуктарга суунун жытын, даамын күчөтүү жана сатып алуучуларды өзүнө тартуу үчүн жыт бергичтер да кошулат. Бардык газдалган таттуу суусундуктардын курамында табигый жыт бергичтер жана экстракттар бар.
Кофеин
Кофеинди бардык энергетикалык суусундуктардын жана Кока-Кола, Пепси-Коланын курамынан да кезиктирүүгө болот. Курамында кофеин бар суусундукту көп ичкенде баш оору пайда болуп, нерв клеткалары жабыр тартат.
Көмүр кычкыл газы
Көмүр кычкылы жок суу газдалган суу деп эсептелбейт. Негизи көмүр кычкыл газы бар суусундуктар ашказанында жарасы барларга, гастрит жана энтерит оорусу менен ооругандарга сунушталбайт. Көмүр кычкылы ашказандын былжыр челин дүүлүктүрүп, ооруну күчөтөт. Мындан тышкары газдалган суусундуктун курамындагы фосфат адамдын тез картаюусуна алып келет. Эң коркунучтуусу, газдалган суусундуктар оорулардын онкологиялык ооруга айланышына түрткү болот. Газдалган суусундуктарды кош бойлуулар, ичегиси ооругандар жана 3 жашка чейинки балдар ичүүгө таптакыр болбойт.


Муздак чайлар эмнеден жасалат?
Салкындаткыч суусундуктарды сүйүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгү газдалган сууга караганда бөтөлкөдөгү муздак чайлар пайдалуу деп ойлошот. Сиз да муздак чайды пайдалуу деп ойлосоңуз, анда жаңылышасыз. Бөтөлкөдөгү муздак чайды изилдеген америкалык окумуштуулар чайды “ден соолукка зыяндуу” деп табышты. Бөтөлкөдөгү муздак чайдын курамындагы оксалат концентрациясы менен лимон кычкылы бөйрөккө кумдуу таштарды пайда кылат. Эгер сиз муздак чайдын курамынан чай экстрактын тапсаңыз, анда ал чай төмөндөгүдөй рецепт менен жасалат. Алгач чайды аябай бууландырып демдеп алган соң ага чайга керектүү кошулмаларды кошуп, чайды табигый жол менен жасайт. Сиз ичип жаткан муздак чайдын курамында чай экстракты жок болсо, анда чайды кадимки эле крандагы сууга химикаттарды кошуп, жасалма жол менен жасалары айрым маалымат булактарында айтылып жүрөт. Жакында эле окумуштуулар муздак көк чайдын 26 түрүн изилдеп чыгышкан. Натыйжада, муздак чайдын организмге тийгизген пайдасынан да терс таасири басымдуулук кыларын айтып жыйынтык чыгарышкан.
Чаңкоону баса турган суусундуктарды үй шартында жасаңыз
Муздак чай
Окумуштуулар суу кайнап баштаганда эле анын ичиндеги микробдор өлөт, ал эми керектүү заттар калып калат деп баса белгилешет. Андыктын чаңкоону басуу үчүн кайнатылган суу ичиңиз. Ысык чайдан чаңкооңуз канбай жатса, анда кадимкидей эле демделген чайга 3-4 чарчы музду салып ичсеңиз чаңкооңуз бир заматта басылат. Чайдын курамында кофеин бар десеңиз чайдын ордуна ромашканы колдонсоңуз болот.
Компот
Жемиштердин кургатылган кактарынан компот жасап, аны муздаткычка салып коюп ичсеңиз да болот. Ал үчүн 5 литр сууга жемиштердин кактарынан 100 грамм салып кайнатып, компот даяр болгондо тыныктырып муздатасыз. Колдон келсе шекер кошпой койгонуңуз жакшы. Муздатылган компотту бөтөлкөлөргө куюп алып чай ордуна ичип жүрө берсеңиз болот.
Ширелер
Газдалган суусундуктардын ордуна дүкөндөгү ширелерди эмес, үй шартында өзүңүз жасаган ширелерди ичиңиз. Анын пайдалуулугун арттырып биринчи күнү жер-жемиштин, экинчи күнү мөмө-жемиштин ширесинен ичиңиз. Жаңы сыгылып алынган шире менен сиз чаңкооңузду кандырып гана койбостон организмиңизге керектүү витаминдерди да топтойсуз.


Улуттук суусундуктар
Жарма
Жарма – талкандан жасалган суусундук. Талкан – арпа, буудай же жүгөрүдөн куурулуп, жаргылчакка же тегирменге кесек тарттырылган акшак.
Керектелүүчү азыктар: 10 литр суу, 200 грамм талкан, татымына жараша туз.
Даярдоо: Суу кайнаган маалда үзгүлтүксүз чубуртуп бөлтөк болбогондой кылып талканды чаласыз. 25-30 мүнөт жай отто бир калыпта кайнатып, андан соң отту өчүрүп табы кайткыча коюп коёсуз. Жылымык болгон кезинде табитиңизге жараша сүзмө же айран катыктап иче берсеңиз болот.


Максым
Максым талкандан жасалат. Ал ачытылган жарма суусундугу. Ал кайсы дандан жасалышына жараша арпа, буудай, жүгөрү максымы деген түрлөргө бөлүнөт.
Керектелүүчү азыктар: 10 литр суу, 200 грамм талкан, 2 чоң кашык ун, тоң май, татымына жараша туз.
Даярдоо: Алгач тоң майга бир чоң кашык унду кууруп алабыз да, үстүнө сууну куябыз. Суу кайнаганда талканды бөлтөктөрүн кетире чалабыз. Бир калыптагы отто бир саат кайнатып бышырабыз. Жарма сууган соң ачыткысын куюп, бир чоң кашык ун чалабыз, туз татытабыз. Бул жарманын жакшы көбүрүшү үчүн. Жарым күн турган соң жарма ачып чыгат да, суусун кандыруучу эң сонун каражат даяр болот.

Запись Суусундуктардын ден соолукка тийгизген терс таасири впервые появилась Formula.KG.

Отправка комментария

Технологии Blogger.