Halloween party ideas 2015

– Мен жаңы эле турмушка чыккан элем. Кайын-журтум көз ачыктарды алып келип, шам жагышат экен. Мен болсо намаз окуймун. Ошону эмне кылсам болот, мага аябай жакпай жатат. Күйөөмө айтсам, ал апасынын сөзүн сүйлөп жатат. Күйөөм намаз окубайт. Бирок окуйм деген ниети бар?

– Бул жерден албетте, сабырдуулукка үндөйт элем. Эгерде көз ачыктык кылса динден чыгат, бул нерсе ыймансыздыкка алып барат. Кимде-ким бакшылык кылып, төлгө ачып, карта салып, таш салып адамдардын келечегин айтып бере турган болсо бул адам ыймандан чыгып капыр болуп калат. Ошондуктан биз тоба кылышыбыз керек жана дуба кылышыбыз керек. Эми мен сизге айтарым сабырдуу болуңуз, Кудай Таалам жакшылык берет жана күйөөңүзгө айтарым убада бергенден кийин намаз окушу керек, окуганга аракет кылышы керек. Көп учурда эркектер намаз окуган кыздарга үйлөнүшөт, «мен намаз окуйм, ниетим бар» – деп. Бирок үйлөнгөндөн кийин намаз окубай койгондор да бар. Ошондуктан ата-энелерге айтарым кыздарды турмушка берип жатканда этият болуп, ар – жак, бер – жагын карап беришибиз керек. Анан ушундай бир бейтааныш жерге берип коюп, кийин өксүп калган учурлар көп кездешет.

Урматтуу бир туугандарым, көзү ачыктык кылган, бакшылык кылган, мазарды кыдыргандардын баары жакшы эмес. Шариятка туура келбейт. Адам мусулманчылыктан чыгып калат. Мазардан сураган таптакыр болбойт. Биз мазарга барып эстейбиз, дуба окуйбуз, Куран окуйбуз, бирок алардан бир нерсе сураганга шариятыбыз жол бербейт.

Ал эми сен карындашым, дуба кыл, тоба кыл. Балким сенин кылган тобаң менен дубаңдын шарапатынан ошол үйдөгүлөрдүн бардыгына тең Кудай Таалам хидаят берген болор эле деп үмүт кылабыз.

– Тармактык маркетинг боюнча сурайын дедим эле?

– Тармактык маркетинг боюнча бардыгына эле фатва бере албайбыз. Айтып коё турган маселе кээ бир адамдар бизге келип түшүндүрүп айтат, биз ошол түшүндүргөнүнө жараша жооп берсек, Чубак ажы бизге уруксат берди, фатва чыгарып берди деп, тармактык маркетингди жайып жүргөндөр бар, бирок бул туура эмес. Азыркы күнгө чейин эч бир уюмга биз фатва берген жокпуз. Кээ бирлердин продукциясы адал болсо ошону колдонгонго болот. Бирок, «сен бирөөнү жаздырсаң, акча аласың» – деген туура эмес. Ошондуктан бул боюнча Муфтиятка кайрылыңыз. Биз баары бир бул боюнча сизге оңтойлуу фатва бере албайбыз, болгону пикир гана билдире алабыз. «Жок» – деп айтсаң деле болбой эле, «мындай эле, андай эле» – дей бергенинен адамдын көңүлүнө карап угуп көрөйүн дейсиң. Бир саат уккандан кийин деле, «жок» – деген жооп берилип калат. Анан кээ бир адамдар атайын тармактык маркетинг боюнча иштегенин жашырышат дагы, анан бизге башка бир нерсени сүйлөй берет. Эгерде кагаздар менен расмий аныкталган чоңдору келсин десеңиз жок, башка бир адамдарды жөнөтүп эле жылуу сүйлөп, эптеп эле макул кылдыргысы келгендер дагы бар. Биз аларга эч кандай фатва берген жокпуз. Эгерде бере турган болсок кагаз жүзүндө берип кол коюп беребиз. А оозеки фатва берди дегенге эч качан ишенбеш керек. Бизге келген күндө дагы биз пикир эле билдиребиз, мөөрүбүз жок. Мөөрдү болсо муфтият басат, ошондуктан ошол жерге барыңыз.

Мен бир жумушта иштейм. Ал жер кудайга шүгүр, эже-сиңдилер баары жакшы. Бирок жеке жашоомдо беш жыл мурун ажырашып кеткем. Жумушта болсо тамашалашып, «турмушка качан чыгасың?» – дей беришет. Бирок мен алардан жеке жашоомду жашырып келем. Мен күнөөгө баткан жокмунбу?

Эгерде сизди турмушка чык деп сунуш кылса, Кудай мындай бербеспи деп дароо макул болуп чыга берүү керек. Эгерде жакшы адам болсо. «Бирөөлөр ичерге суу таппайт, бирөөлөр кечерге кечүү таппайт». Ал эми канча адамдар күйөө таппай жүрөт. Эгерде сизге бирөө колуңузду сурап, турмушка чык десе, олуттуу ниет болсо макул деп турмушка чыкканыңыз туура болот. Жалгыздык Жаратканга эле жарашат. Ошондуктан турмушка чыкканыңыз жакшы. Бирок элдин бардыгына өзүңүздүн жеке жашооңузду толук айтканга милдеттүү эмессиз. Айткыңыз келбесе айтпай деле койсоңуз болот. Бирок адамдардын үйлөнүп-жайланып, турмуш курганы жакшыраак болот. Ошондуктан бир тууганым базар кызып турганда дароо «Бисмилла» деп турмушка чыгып кеткениңиз жакшы болот.

– Ажыке, биз кудай буюрса, намазкана салып жаттык эле. Ошого Муфтияттын уруксаты керек болуп жатты эле, ошону кантип алсак болот? Жол-жобосун айтып бересизби?

– Мен жол-жобосун билбейм. Муфтияка бар. Ошол жерде курулуш бөлүмү бар. Алар кагаз беришет. Менин Муфтиятта иштебей калганыма канча жыл болуп кетти. Эгер мен иштесем анда келгиле демекмин. Бирок мен иштебей калгандан бери кандай мыйзамдар кабыл алынды кабарым жок. Ошол жерде Таалай мырза деген курулуш бөлүмүнүн башчысы бар, ошол кишиге жолуксаңыздар түшүндүрүп айтып берет. Интернетке киргенди билсеңиз муфтият.кж деген сайт бар, ошол жерден дагы карап алсаңыз болот.

– Мен беш маал намаз окуйм. МАИ кызматкери болуп иштесем болобу? «Бир аз немелер» бар го, ошолор зыяны тийип калбайбы?

– Эмне үчүн иштесе болбойт? Токмоктон келе жатканда мени МАИ кызматкери тосту. «Эмнеге тостуң?» – десем, «сиз катуу айдабай, жайыраак айдап жатасыз»- дейт. Биринчи жолу таң калдым, МАИ кызматкери, «эмнеге катуу айдабайсыз?» – деп сурайт экен деп (күлүп). Албетте иштеген жакшы болот.

Ал эми «бир аз немелер» бардык жерлерде бар. Адам болгондон кийин болот ал «немелер». Сиз болсо ошол «бир аз немеден» алысыраак болуп, азыраак жасап, жок дегенде салыштырмалуу түрдө тазараак иштесеңиз, баары жакшы болот. Анан сен корксоң, мен корксом, ал корксо, бул корксо анда ким иштеши керек да, ким элге кызмат кылышы керек. Жанагы «таранчыдан корккон таруу экпейт, карышкырдан корккон токойго барбайт» деген сөз бар да. Бардыгы эле өзүнүн жанын ойлоп, «кой антпе, аны кылба, муну кылба, эптеп эле курсагым тоё турган тиричилик болсо болду» – десек, анда элдин тагдырын ким ойлойт? Кээ бир адамдар бар, «50-60ка чыгып калдым, эптеп эле иштеп курсагымды тойгузуп турсам» – деген. Мамлекеттин келечегин ойлоп, терең ой жүгүртүп сүйлөгөн адамдар аз болуп калат дагы, жеке бизнесин ойлоп жүрө берип, тар ойлонгон адамдардын колуна мамлекеттик иштер тийип калган учурлар көп эле кездешет. Ошондуктан антпеш керек дагы, «Бисмилла» – деп, тобокел кылып, Кудайдын ыраазычылыгы үчүн иштей бериш керек, урматтуу бир тууганым.

– Инилерим каза болуп ошол жерге барган элек. Жаныбызда бир классташыбыз бар, беш маал намаз окуган. Анан биз кыргыздын салты кылып үн чыгарып барып, топурак салып кайра чыккандан кийин ортобузда пикир келишпестик болду. Силерге Кудай көрсөтүп коёт, «эсил кайран бир боорум, эми кайдан көрөйүн» – деп өкүрбөш керек деген темада. Ушуга кандай карайсыз?

– Өкүрүп барганда калп эле артист болуп өкүрүп барганга болбойт. Эгер чындап эле кайгырып турганда, үн чыгарса зыяны тийбейт. Бирок жалгандын жалганы кылып кыйкырып, салты кылып токол наалат айта берген туура эмес. А бирок бир адам чындап эле адамдын өтүп кеткенине өкүнүп, дагы жашаса жакшы болот эле деп, ага ырайымы келип, намаз окуп, көп ибадат кылып калса жакшы болот эле деген ниет менен ыйлаган болсо анын зыяны тийбейт, иншалла. Бизде өкүргүсү деле келбейт, көз көрсөткөнү келип туруп, анан курулай эле кыйкырып ыйлап коёт, албетте, бул туура эмес. Чындап ыйлаганга шарият жол берет.

– Жолдошум экөөбүздүн үйлөнгөнүбүзгө жети жыл болду. Доктурларга барып көрүнөбүз, бирок такыр эле балалуу боло албай жатабыз. Борбордук мечитке баралы дегем, бирок жол-жобосун такыр биле албай койдум. Дем салдыралы деп ойлогом. Намаз окубайм?

– Борбордук мечитке барганда эле эмне бала төрөтүп иет деп уктуңуз беле? Биринчи намаз окуп, Кудайдан суранбайсызбы. Мечиттеги молдо сиздин чөнтөгүңүздү карап отурат, канчалык көбүрөөк берсе ошончолук дем салып батыраак кетирип иейин деп.

Намазды баштай албай жатсаңыз бүгүн баштай бериңиз. Эч кандай кыйынчылыгы жок. Күйөөңүз дагы намаз окусун.

Намаздын касиети такыр бөлөкчө. Балким намаз окубай жаткан үчүн Кудайым бала бербей жаткандыр. «Булар балага жакшы тарбия бере албайт, экөө тең жалкоо, ниет кылып басып жүрүшөт, иш кылбай эле» – деп. Балага деле ниет кылып, бирок аракет кылбасаңар болбойт. Ошон үчүн аракет кылып намаз окуп баштасаңар, Кудай Таалам берет иншалла.

Бирок мечитке барганда алар дем салып, баланы пайда кылат деген сөз жок. Маселе Кудайдан сураганда. Дагы бир жолу айтам, намаз окугула жолдошуңар экөөңөр тең. Даават деген жакшы нерсе бар ошого чыккыла, дуба кылгыла. Сизден башка эч ким чын ниеттен Кудайдан суранбайт.

Курани-Каримде бир дуба бар, Кудай Таалам мага жакшы перзент бере көр деп бата кылыш керек.

– Үйгө жылкычы чымчык учуп келип, эшикти тумшугу менен ургулап жатат, минткенине эки жума болуп калды. Аркы бөлмөгө барсак аныкын, берки бөлмөгө келсек беркиникин ургулайт. Эмне себептен ушинтип жатканын билбей жатабыз?

– Эшикти ачып койгула, карап көргүлө да эмне кыларын, балким үйгө кирип ойногусу келип жаткандыр. Бирок, «жылкычы чымчык эшик-тереземди каккылап жатты эле» – деп андан төлгө кыла берген туура эмес. Анан аны кубалап жиберүүнүн деле кереги жок.

– Сакал коюуну бирөөлөр сүннөт дейт, бирөөлөр парз дейт, ушуну жакшыраак түшүндүрүп койсоңуз?

– Сакал коюу – сүннөт болот. Мурутту кыскартыш керек, узун кылып, шимип жей тургандай кылып өстүрүп алган туура эмес, бул жанагы отко сыйынгандардын иши. Сакалды тарап, ага атыр сээп, жууп туруш керек. Сакалдын эки тарабын аркага тарап, кулактын жана беттин чек арасынан ашканын кыркып туруш керек. Ылдый жагын бир тутам болгондо кыркыш керек. Узун кылып киндикке түшүрүп алуу жөөттөрдүн сакалына окшоп калат. Мусулманчылыкта сакал деген көркөм, кооз болуп туруш керек. Сакал коюу сүннөт, урматтуу бир тууганым. Сакал өстүрүүнү парз деген туура эмес. Анткени бир нерсе парз болуш үчүн бул «кати субут» жана «кати дарала» менен белгилүү болуш керек. Ал эми сакалды коюуну сүннөт экендигин айткан шарияттык тексттер булар «ахад» хадистер, аны «мутаватир» хадис деп айтканга болбойт.

– Ооруканага жатканда намазды кантип окуйбуз? Мечиттен, «башкаларды кыжалат кылбагыла» – деп айтылган эле?

– Кадимкидей окуй бересиз. Жаныңыздагы кишилер кыжалат болуп жатышса анда сиз коридорго чыгып окуңуз, сыртка деле чыгып окусаңыз болот. Туруп окуй албасаңыз отуруп окуңуз. Отура албасаңыз жатып окуңуз. Айтор ыңгайына жараша окуй берсеңиз болот. Бирок таптакыр калтырбаш керек. Эгерде намаз окуп жатканда узак болуп кетип, адамдар, «тезирээк окуп бүтүр» – десе анда сүннөттөрүн калтырып парзын эле окуңуз. Бирок асты намазды калтыра көрбөңүз. Сөзсүз түрдө жаткан жерде кыйкырып окуу шарт эмес. Өзүңүз уга тургандай кылып купуя окусаңыз дагы жарай берет, кудайга миң мертебе шүгүр, азыр укол сайган жерге, тамак ичкен жерге барып окуй берсе болот.

Саресеп

Запись Чубак ажы Жалилов менен турмуштук суроо-жооптор (58) впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.