Halloween party ideas 2015

Бирөөнүн жазган каты тууралуу экен. Ошол кат мени терең ойго салды. Ал тургай аны окуп отуруп тамагым буулуп, мукактанып, көзүмө жаш тегеренди. Апамды сагынганымды, анын мээримин эңсеп турганымды туюп, ага телефон чалдым… «Ал кандай кат болду экен?» деген ой жаралып жатса керек окурманда. Ал катты сиз да окуп көрүңүзчү. Көрсө, энелер дагы жалган айтышат экен, бирок…

Бардыгы мен кичинекей кезден башталды. Кедей үй-бүлөдө төрөлгөм. Тамак эч качан жетчү эмес. Бир нерсе болуп калса, апам өзүнүн тамагын мага салып берчү. Табагыма салып жатып мага жылмайып «ал, балам, мен ачка эмесмин» деп коёр эле. Бул апамдын биринчи жалганы.

Маал-маалы менен мага балык бышырып берчү. Бир жолу карасам, мен жеп бүткөн балыктын сөөктөрүн тазалап жаткан экен. Абдан жаман болуп кетип, «коюңузчу, апаке, мына муну чогуу жейли» десем, «жок, балам, өзүң эле же, мага балык жакпайт деле» деп койду. Бул апамдын экинчи жалганы.

Окуума акча керек болуп калды. Апам почтадагы жумушунан тышкары башка ишкананын кагаздарын да үйдөн толтурчу болду. Бир түнү ойгонуп кетип карасам, апам шамдын жарыгында жазып отурган экен. «Апа, кеч болуп кетти, эс алыңыз. Эртең менен эрте жумушка барышыңыз керек» десем, апам сүйүктүү көздөрү менен мени карап, «алтыным, жата гой. Чарчаган жокмун» деди. Бул апамдын үчүнчү жалганы.

Мамлекеттик экзамендер башталды. Колдоп келген апам мектептин короосунда мени беш-алты саат күтүп калды. Экзамен бүтөрү менен дароо апамдын жанына бардым. Ал мага суусундук ала келиптир. Сүйүнүп ичип жатып, апамдын да ысыктан чарчап, оозу кургап калганын байкап бөтөлкөнү сунсам, «жок, балам, апаң суусаган жок» деп жооп берди. Бул апамдын төртүнчү жалганы эле.

Кийинчерээк атамдын оорусу күчөп, акыры көз жумду. Ошондо бечара апам абдан кыйналды. Күндөн күнгө жашообуз оорлой берди. Айылдагы кошуналар апама «турмушка чыгып ал, жашсың, сулуусуң» деп айта башташты. Бирок, апам «мен сүйүүгө муктаж эмесмин» деп койчу. «Өгөй атаны каалабайт» деп мени ойлогон окшойт, азыр ойлосом. Бул апамдын бешинчи жалганы болчу.

Университетти бүткөндөн кийин шаарда эле калууну чечтим. Апам пенсияга чыкты. Бирок, ал дагы деле базарга чыгып, жер-жемиш сатып иштеп жүрдү. Мен жиберген акчалардын бир тыйынын да коротпостон чогултуп, «мага баары жетиштүү, өзүңдүн керегиңе жарата бер» деп кайра берер эле. Бул апамдын алтынчы жалганы.

Чет өлкөдө окуумду улантмакчы болдум. Ал жактан жакшы жумуш да чыгып калды. Апама «жүрүңүз, апаке, мени менен бирге жашайсыз» десем, мени кыйнап койбоюн деген ойдо «жок, менин башка жакка көнүп кетишим кыйын» деди. Бул апамдын жетинчи жалганы болду.

Бир нече жылдан кийин апам ашказан рагы менен ооруканага жатып калды. Кыргызстанга кайра келдим. Бөлмөсүнө кирсем, араң дем алып жаткан экен. Абдан карып калгандай көрүндү мага. Жанында отурганымда мени карап, кабатыр болбосун дедиби, айтор, жылмайганга аракет кылды. Бирок, оору апамды өтө эле алсыз кылып коюптур. Акыбалы оор болуп калган экен. Көзүмдөн жаш агып, ичимден абдан жаман болуп жаттым. Болушунча өзүнө келгенге аракет кылып, «алтыным, ыйлабачы, мен кыйналбай элемин…» деп коёт. Бул апамдын сегизинчи жалганы эле.

Сегизинчи жалганын айткан соң бул дүйнөдөн өтүп кетти.

Фейсбуктан алынды

Запись АПАМДЫН ОН ЖАЛГАНЫ впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.