Halloween party ideas 2015

 

Омар Хайямдан сурашты:
-Эмне үчүн кедей жашагандар, бай адамдарга караганда ак көңүл болушат, байлар болсо өзү менен өзү болуп эле жүрө беришет?
-Сен мобу айнектин сыртын карачы, эмнени көрүп турасың?
-Эшикте балдар ойноп жатышат, дарактар бүрдөй баштаптыр.
-Эми бул күзгүдөн карачы, эмнени көрүп жатасын?
-өзүмдү гана көрүп турам…
-Көрдүнбү, бул экөөсү тең эле айнектен жасалган нерселер.Бирок, бирөөсүнө бир аз эле күмүш сүртүп койгону үчүн сен ал жерден өзуңдү гана көрүп калдың….
……………………………………………………………………
Адам баласы да өз жашоо чыйырында колуна акча бир аз эле тийгенде көзүн «май басып», заматта кечээ эле көңүл бурган адамдардан жүз буруп, өзүнөн башканы көзгө илбей калаары абдан аянычтуу жана жаман көрүнүш.

Демейде адамзат күзгүдөн өз келбетин оңдоп,тышкы сулуулугуна кам көрүү үчүн, күндө жок дегенде бир эки жолу өзүн күзгүдөн карап коёт. А бирок, биздин жан дүйнөбүздү сулууланткан иштерге көңүл бурдук бекен!? Биздин ички дүйнөбүздү сулуулантуу башкаларга көңүл буру менен сулууланып көркүнө чыгат эмеспи.

Кээче эле сиз үчүн жүз сом бир күндүк балдарыңызга кубаныч тартуулай турган чөнтөгүңүздүн эң жогорку кабатында орун алган кадырлуу акча эле . А азыр бүктөлөгөн чөнтөктүн бир кычыгында ботиңкеңиздин бир жалтыратып майлап койгон кадырсыз , ооз- мурду май болгон бээчара ботиңке майлагычтын кадырлуу акчасына айланды….

Кээче эле сиз үчүн жаңы кийим балдарыңыз, жубайыңызга чоң кубаныч тартуулоочу ,аны кийип башкача сезимдер менен ,ал кийимди шкафыңыздын эң жогорку илгичине илип койчуусуз. А азыр кийимдин четинен чертип, бир -эки жуулгандан соң, ал эски болбойт,”кийүүгө жарабайт, досторум көрсө эмне дейт,кечээки көйнөгүн дагы кийип алыптыр деп айтышат “деп бир кычыкка бекитип, же күйгүзүп таштай турган абалга жеттиңиз…

Кээче эле сиз үчүн майы тамып турган унаңыз бир жүрүп бир өчүп турса эч кейибестен оңдоп, аарчып. Сүйүүнү ,шүгүр менен айдайт элеңиз, ажырагыс жан шеригиңиз болчу. А азыр сиз үчүн жарыбаган, шалдыраган, күлкүлүү, бирөөнүн миңгенин көрсөңүз “шылдыңдап ушуну да минет бекен ,шарактатпай жаңысын алып алса болбойт бекен оңбогур “дегендерден болуп калдыңыз…

Кээче эле сиз үчүн эки бөлмөлүү үйдө жашоо канчалык бакыт,үй куруп алсам болгону, үй -бүлөм, бала -чакам менен акырындан жашай бермекпиз шүгүр кылам дечүү элеңиз. А азыр сиз үчүн эки бөлмөлүү үй тоок канага окшоп көрүнүп калды,кабат -кабат куруп, ичин “евро” кылуу керек,заманбап кооздуктар менен коооздоп, башкалардан өзгөчө, ашса ашсын кем калбасын дегендерден болуп калдыңыз…

Кээче эле сиз үчүн топтолуп үй -бүлөө менен жер төшөнчөдө, бир дасторкондо олтуруу,дасторконго коюулган каранан менен карандай чай ичсеңиз деле, баарыңар бир табактан чогуу тамак жесеңер деле канчалык даамдуу болчу. А азыр жерде олтуруу маданиятуулукка жатпайт,бир идиштен жеген болбойт,кол менен эмес кашык-вилке менен жеш керек, болбосо эл алдына уят болот, тамактануу адебин билбеген малдарга окшоп калбайбы деп айтышпайбы деп калгандардан болдуңуз…

Кээче эле сиз үчүн ата -энеден кабар алуу, үй -бүлөөңүз, балдарыңыз, дос -туугандар менен маектешип, сурашып, бөлүшүп олтуруу кандай гага маанилүү иштерден болчу. А азыр убакыт жок, ишим калып, бизнесим токтоп калат.Ата -эне,жубай,балдарга,дос -туугандарга көңүл буруу, салам айтууну акча менен эсептеп,акча болсо барын чечүүгөө болот деп калгандардан болдуңуз…

Бул сөздөр байларга тиешелүү сөздөр деп ойлоп жаткандырсыз. Бул жерде балким байлык тууралуу эмес адамзаттын өзгөрүүсүү тууралуу кеп болуп жатат. Сиз да өзүңүзгө назар салып,күзгүдөн эмес айнектен караганды үйрөнүңүз,балким сиздин карай турган айнектер да чаң басып калгандыр… анткени , азыркы күндө биздин абал ушундай текеберлик вирусу менен ооруп калганбыз,атаңдашып үй салмай,унаа алмай,кийимдердин моодасынан чертип киймей, тамактарды тандап жемей, бири -бири менен жарышмай,менде жок анда бар жетишим керек, мен да ошондой алышым керек дегендерден болуп калдык. Же туура эмесби? Анткени биз Аллахтын берген эсепсиз нематтарынан кадырана жетпей, аз шүгүр кылып калдык. Деги эле эмне үчүн биздин ыйманыбыз алсыз,дубаларыбыз эмне үчүн кабыл болбой жатат!? жашообүз эмне үчүн оңолбой жатат?! Намаз окусак деле,Орозо кармасак деле,Куран окусак деле?анткени биздин жүрөгүбүздүн тынчын алган текеберлик кылган амалдарыбызды күйгүзүп жатат.
Айланабызга көз чаптырып көрөлүчү ,биздин Кыргызстандай дин эркиндиги башка өлкөлөрдө жок.Эң көп Медресе,эң көп Намаз окуган,эң көп Куран окуган,эң көп Дааватчы бизде болуп жатат, а бирок ,бизге Аллахтын Мээрими,Берекеси төгүлгөндүн ордуна жакындан бери элибиздин башы кырсыктан чыкпай калды.
Пайгамбарыбыздын хадистеринде бир учур келет чындыкты жалган жаап калат деген учур азыркы күндө бизге келди. Жалган дегенде кандай чындык,акыйкатты билип, көрүп турсак да моюн сунбай калдык ,билбегенге караганда билгендер көп бирок сүйлөгөн сөзүбүзгө сөзүбүз жылмайганыбызга ичибиз ,кийгенинебизге адебибиз
дал келбей,чындыкты айткан адам эң байкуш банкрот адам деп билип калдык. Ал айта берет дей берет ,көрө албайт,кызганып жатат деп маани бербей чындыкты баткак менен булганга аракет кылып жаткан учурубуз. Сиз билип коюңуз жалгандын өмүрү кыска,чындыктын өмүрү түбөлүкттү качан болбосун бир жеңери маалым. Мунун кесепетинен, текеберлегибизден Аллахтын кааарына калып жатат бекенбиз.
Демейде кырсык -апааттар адамдардын пейилдерине карап Аллахтын азабы келет. Демек биздин пейилдерибиз өзгөрдү,жакшылыктын берекеси көзүбүздү көр кылды,кадырлабай калдык, береке -пейиз,боорукерлик,мээрим кетти,уккандарыбыз кулак сыртында, көргөн -билгенибиз жүрөккө жетпей, сабырсыз, жашоого жеңил карагандардан болуп калдык…
Кел бир тууганым! Аллахтын азабынан кеч боло электе корколу,тообо кылалы!Бир Хадис, же бир Аят болсо да бекем кармагандардан бололу.

Баары бүттү,жок, жок дей бербей өзүбүздө бар нерселерди башкалардан карап үйрөнөлү.

Өтөр өмүрдө кыпындай кадырга ээ болбогон дүйнөнүн артынан текеберликке жол бербей,түбөлүктүү кала турган амалдарыбызга бекем бололу…

Насиба Абдуллаева.

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

Запись ӨЗҮҢДҮ КҮЗГҮДӨН ЭМЕС АЙНЕКТЕН КАРАГАНДЫ ҮЙРӨН.. впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.