Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком Даават. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

 

Тамактын даамын татпай туруп анын ачуу таттуу экенин эч качан билбейсиң ошосыңар дааваттын да даамын татпай туруп ар кандай пикирге баруу туура эмес. Кимде -ким дааваттын таттуу мөмөсүн татканда , анын биз үчүн жашообуздагы бактылуулук жолдоруна чачкан нур экенин ошондо гана билээлер эле. Ислам дини бакыттын жолу,дини деп айтсалар ишенбечүүмүн. Аны өзүм таттакандан кийин билдим. Кандайча дейсизби анда менин жашоомо бакыт алып келген даават тын канчалык пайдасына күбө болуңуз…

Бул көрүнүш бир эле менин эмес канчалаган үй -бүлөлөрдө болуп жатканынан күбө болуп эле келе жатабыз . Биздин үй-бүлөдө ата -энем,эжем,мен карындашым,иним болуп жашайбыз. Апам дигерлүү аял болгондуктан үй- бүлөнүн каражат жагын өзү чечет,товар алып келип сатып биздин тамак – ашыбыздан кем кылбай бар күчү менен камыздайт. А атам кээде апама кошулуп ишке чыкпаса,башка күнү тескерсинче даяр тамак,даяр кийим көөптүргөндөй жаман достору менен кечке бекерчилик менен ойноп, кемине арак ичип келет. Үйдүн куту эне деп бекеринен айтпаган экен,апам чарчап бизге анча көңүл деле бурбайт,атам өзү менен өзү убара. Ары бол бери бол деп тарбия айткан, мээрим төккөн көздөр,жылмайган жүздөр, керек болсо бир дасторкондо олтуруп чай ичүү да жок. Үйбүз караңгылык туңгуйугунда,ар ким өзү менен өзү,кээде тополоң,уруш -жаңжал -апам “тапкандын кадырын билбейсиң,алкаш,ичкениң качан токтосуң “деп атама бакырмай,же уксачы атам атың өчкүр арактын кулу болгондон кийин эч нерсе кызыктырбай ойлогону,жашоосу ошол болуп калат экен. Биздин бул күндөр алпурушуп билинбей өтүп жатты. Бизге келсек апам тапканы жакшы болчу баарыңды окутуп эч кимге көз каранды болбой өз оокатыңарды өзүң таап жешиңер керек деп баарыбызды акырындан жогорку окуу жайлар окутуп жатты. Мен да окууну бүтүп ошко окууга тапшырдым. Квартирада балдар менен жашап калдым. Күйүп -бышып эле окууга да аракетим болбоду,эмнегедир жан дүйнөөм ооруп, жүрөгүм тынчтыкты издейт. Үйүбүзгө эч качан баргым келбейт,сагынсам да бир туугандарымды,тууган -досторумду ал үйдө тынчтык жок . Көрсө адамзат тынчтыктан ырахат алып бактылуу жашай алат экен. Бир сындырым наның,ичерге сууң болсо да үйдө баары жайында болсо мындан өткөн бакыт жоктой сезилди. Бул сезимдерди ушундай жашагандар өтө жакшы билет…

Бөлмөбүздө жашаган балдардан бирөөсү беш убак намазын окуп кээде бизге даават кылчу. Башында жакпай өзүнчө акылдуу болот кайдагыны айтып деп жаман көрөм. Намаздын Н..сын билбегенден кийин,Аллах ,пайгамбарыбыз тууралууда эч кандай маалыматым жок ошон үчүн кызыксыздай туюлуп жаткандыр. Бирок ал жигиттин кыймылы,адеби ,жумшак мүнөзү,качан болбосун сабырдуу жүзүндө жылмаюу менен жооп бергени,тазалыгы ,сүйлөгөн сөзү маанилүү экенин башкалардан айрымаланып турат. Мен мындай жылуу мамилеге,мээримдүү көздөргө муктаж болгонумданбы негедир ага жакындай баштадым. Жылдар өтүп жатты мен ал жигит менен дос болдум,жумага бирге барабыз,акырындан намаз окуй баштадым. Бир күнү досум каникул болуп бир жумага ошондо үч күнгө дааватка чыгып келелели жан дүйнөбүз тазарып,ыйманыбыз бекемделет “деп сунуш кылды. Барса баралы деп алгачкы дааваттын бактылуу эшиктерине кадам таштадым. Аллахтын үйүнө баруу башка,ал жерде жашап күн өткөзүү башка маселе экен. Ал жердеги бардык бир туугандар жалаң жакшы сөздөр,жакшы ой -пикирлер,бирин -бир сыйлаган мээримдүү көздөр,бирин -бири угуп сылык сүйлөгөн жылмайган жүздөр менин ооруп турган жан дүйнөмө табылгыс даары болду. Бир башка дүйнөдө олтургандай сездим,анткени адамзат канчалык сууну тазасын ичкен сайын,сөздүн жакшысын уккан сайын тамыры тазарып,ойлогон ой -максаттар да,кыла турган иштер да жакшы жакка ооуй баштай экен. Мына эми менде жашоого болгон максат пайда болду үй- бүлөмдү кандай бул жолго үйрөтүүнүн жолун издей баштадым. Башында оңой болбоду эч ким уккан жок бирок мен тотободум жылдар өткөн сайын бир кадам болсо да үйдө өзгөрүүлөр болуп жатты. Окууну да бүтүп келдим кез -кезде дааватка чыгып турам,атам арагы бир аз азая баштады ушунусуна да шүгүр болсун деп Аллага тынбай дуба кылам. Айтып деп жатып апамды биринчи намазга үйрөттүм,анан атамда окуганды баштады бирок арасында ичип да коёт. Бирок биздин үйгө кут кире баштады,апам да жайдары,бир туугандарымда акырындан үйрөнүп,жашообуз түп башка нукка бурулду. Бир дасторкондо чай ичип,бири -бирибизди сурап акыбалыбыздан, бир туугандык сезимдер,жылмайган жүздөрдү көрүп өзүнчө аябай өзүмдү бактылуу сезип жаттым. Ушундай табылгыс нематты берген Жаратканга болгон ишеним,сүйүүм ого бетер артып ибадатымды мындан да кымтыксыз атакарууга аракет кыла баштадым. Даават десе көпчүлүк туура эмес түшүнүп алышат ишин да,үй- булөсүнда карабай койот экен деп. Андай эмес болгону максатты туура коюуп ,туура кодоно билүү. Дааватка да чыгып жаттым,апама жардам берем иштерге, үй ишин өзүм кылып бир туугандарыма карап баары жайында. Азыркы күндө үйбүлөлүмүн үч балам ,сүйүктүү жубайым,ата -энем төрүмдө,атамда Аллахтын жардамы менен дааватка чыгып калды. Апам иши баякыдай жүрүп,атам экөө бирге барып келип жолдо болсо да намаздарын окушат,бул мени аябай сүйүндүрдү, иштери жайында. Кыскасы биздин баткака баткан үй – бүлөбүздүн минтип тынчтыкта, бейпилдикте жашап калуусуна ДААВАТ СЕБЕПЧИ ЖАНА МЕНИ ЖАКЫН АЛЛАХ ЖЕТКИЗГЕН ДОСУМ СЕБЕПЧИ БОЛДУ …Биз пендерлер адашуучуу, алсыз макулук болгонубуздан кээде күнөө кылып койобуз,кээде күтүүсүз сыноорло болуп турат. Бирок бул көйгөйлөрдү чечүүдө,жеңилдетүүдө мага жардамын аябаган Улуу,Мээримдүү,Кечирими чексиз болгон Жаратканыма таянып жашаймын. Ага дуба кылып чексиз-чексиз шүгүрлөрдү айтамын….

Эх, бир тууганым сөзүм аягында эмне деймин,биз адамзатка тынчтык,бейпилдик,бактылуулук керек,биз аны бир гана Аллахтын жолунан табалабыз!

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

Запись Даават жашоомду түп өзгөрттү.. впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Жараткандын бергенине шүгүр деп,
Жашап келем кылбай анча убайым.
Жашасам да жарды болуп канчалык,
Жан дүйнөмдү жарды кылба Кудайым.

Тоок дагы бербесең да Кудайым
Топук канаат берчи мага ылайым.
Тоготпосо тоготпосун мени эч ким,
Толуктап тур бөксөрбөсүн ыйманым.

Мээримиңди үмүт кылам самаймын
Мыйзамыңа моюн сунам чыдаймын.
Дүнүйө мүлк бербесең да элдердей,
Дин мээнетин берчи мага Кудайым
Насип кылчы даават жолго чыгайын.

Султан Калыков, Ноокат району

Запись Дин мээнетин берчи мага Кудайым впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

«Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүүлөр сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бүгүнкү, 29-майдагы жыйынында каралды.

“Үйлөрдү кыдырып өзүнүн диний көз караштарын таңуулоого, мыйзамга ылайык эмес прозелитизм – психологиялык жана физикалык таасир кылуу, коркутуу, зомбулук жолдорун колдонуу менен башка диний окууларды туткандарды өзүнүн динине киргизүүгө багытталган иш-аракеттер ге тыюу салынат”,-деп жазылат документте.

Ошондой эле бул мыйзамды бузгандар админисративдик жазага тартылары жазылат мыйзам долбоорунда.

Аны менен катар эле Дин иштери боюнча мамлекеттик орган диний адабияттарга, башка басма, аудио-видео материалдарга жана электрондук сактагычтарга, ошондой эле Кыргызстанга диний уюм ташып келген диний адабияттарга дин иштери боюнча мамлекеттик орган бекиткен жобого ылайык дин таануу экспертизасын дайындайт жана ишке ашырат.

Депутат Тазабек Икрамов мыйзам чийки экендигин айтып, мыйзам долбоорун артка кайтаруу сунушун берди.

Депутат Алмазбек Токторов дагы мыйзам долбоорунун кайрадан иштелип чыгышын демилгелеген депутаттардын пикирине кошуларын айтып, ошол эле мезгилде дааватка тыюу салына турган болсо анын ордун толуктай турган кандай багыттар бар экендигине кызыкты.

Өкмөт диний маалыматтарды элге так түшүндүрүү иштеринде алсыздык кылып жаткандыгын сынга алган депутат Рыскелди Момбеков болду.

Талкууда ар кыл пикирлер айтылып, мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн концепциясы жактырылды.

“Каганат”

Запись Дааватчыларга тыюу салуу тууралуу мыйзам жактырылды. впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Мисирлик Сузи Мазхар аттуу аял жыйырма жылдан бери аялдарга туура жол көрсөтүп жүргөн мыкты дааватчы. Дааватчы дегенибиз, анын себеби менен жүздөгөн аялдар туура жолго түшүп, мусулман болгон. Ал эми, анын өзү бул жолго кантип кирип калганын, өз оозунан укканыбыз жакшыраак болор:

Мен Университеттин журналистика факультетин бүтүргөн элем. Убактымдын көбүн театрда, концерттерде өткөрчүмүн. Чоң атамдын колунда чоңойгондуктан эрке да болчумун. Мал-дүнүйө мага жетиштүү эле. Мен эч нерседен коркпойт элем, бир гана электр тогунан катуу коркчумун. Атым мусулман болгон менен, мусулманчылыктан кабарым жок эле. Бирок, кээде кылган күнөөлөрүм себептүү, Аллах мени да ток урдуруп, күйгүзүп жиберсечи деп ойлоп коркуп кетчүмүн. Анан менин коркуумду таттуу уйку, же кезектеги концерт жууп жок кылчу. Менин дагы бир жаман адатым, дене-мүчөлөрүмдү башкаларга көрсөтүп, аларды суктандырууну жакшы көрчүмүн. Кыкасын айтканда, менин жаштыгым күнөө деп аталган жаман иштердин кучагында өттү. Анан турмушка чыктым. Күйөөм да мал-дүнүйөлүү адам эле. Экөөбүз «бал айын» өткөрүү үчүн Парижге учуп келдик. Күндүзү шаар кыдырабыз, кечинде түнкү клубтар. Күндөр өтүп жатты. Бир күнү Париждеги чоң мечитти көрүп калдым. Эсиме бир окуя түштү. Бир жолу Ватиканда болгон элем. Рим папасынын музейине кирүү үчүн барсам, күзөтчү колума чоң кара халатты карматып, ушуну кийсең гана кирүүгө уруксат деген болчу. Биз: «булар туура эмес, эскирген» – деген сыяктуу сөздөрдү айткан дин ээлери, өз кадыр-баркын ушинтип сакташат. Биз мусулмандар, эмне кылып жүрөбүз»- деген ой пайда болгон ошондо.

Узун көйнөк, жоолук сатып алып кийиндим да, мечитке кирип чыктым. Мечиттен чыгып жоолугумду чечип сумкама салып жатсам, бирөө келип акырын колумдан кармады. Карасам, көгүлтүр көздүү (мен бул көздөрдү өмүрү унутпаймын) француз кыз туруптур. Кыздын башында жоолук, үстүндө узун көйнөк. Ал мага күлүмсүрөй карады да, кулагыма жакын келип:

– Эже, Жаратуучуңуздун буйругу болгон жоолукту эмне үчүн сумкаңызга салып жатасыз? – деди, шыбырады. Ооба, ал менин кулагыма өтө назик жана акырын үнү менен шыбырады. Бирок, бул үн мен уккан үндөрдүн эң катуусу болду. Бул үн менин кулагыма гана кирип тим болгон жок. Бул үн менин жүрөгүмдүн тээ түбүнө барып сайылгандай болду. Эмне сөз айтарымды да, эмне жумуш кыларымды да билбей калдым.

Кыз менин колумдан кармап:

– «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок» деп келме айтасызбы, ушул айткан сөзүңүзгө түшүнөсүзбү? – деп сурады. Жооп бере албадым.

Ооба, мен атабабамдан бери ушул келменин үстүндө жашап келген элдин кулунумун. А бул кызчы?

Кечээ, балким андан алдыңкы күнү эле динге киргендир. Өзүмдү анын алдында оңтойсуз сездим. Ага ырахмат айтып, кетүүгө шаштым.

Ал мага баягы эле көгүлтүр көздөрү менен жалооруй карап:

– Эже, амал кылуу менен динге жардам бериңиз, – деди. Анын үнү баягыдай эле назик жана акырын чыкты.

Мейманканга келдим. Өзүмдү жаман сезип жатканымды күйөөмө билдирип, Каирге кайттык. Ошол күндөн баштап Исламга тиешелүү китептерди окуй баштадым. Куранды, Куран тафсилерин бир канча жолу окуп чыктым. Жүрөгүм ачылды. Мурдагы бекер өткөргөн күндөрүмө өкүнчү бодум. Күйөөм, алгач мага каршы болду. Мурдагыдай эле оюн-күлкүлүү жашоо менен жашоону каалап жүрдү. Акырында, Аллах ага да туура жол көрсөттү. Азыр ал менден да өткөн дааватчы болду. Мен болсо ошол күндөн бери аялдарга Ислам таалимин үйрөтүп келем. Ар дайым аялдарга кийим тууралуу айткан учурда, көзүмө көгүлтүр көздүү Франсуз кызы элестейт да, кулагыма анын назик үнү угулгансыйт.

Запись Көгүлтүр көздөр впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

*🕌”БИСМИЛЛАХИР РОХМААНИР РОХИЙМ!”*

🏻Уаллазийна жаахаду фийна
ланахдияннахум субулана
уа инналлоха ламаъл мухсинийн!

Урматтуу мусулман бир туугандар, достор.
Эч ким бул дүйнөгө түркүк эмес.
Эч ким бул дүйнөгө өзүнүн каалосу менен келген эмес .
Өзү каалаган келбетте,
өзү каалаган мекенге,
өзү каалаган жыныста эч ким
бул дүйнөгө келе албайт !
Туурабы туура эмеспи ?
Бир да адам бул дүйнөдө өзү каалагандай убакытка, өзү каалагандай жыргал жашоо куруп өзү каалаган убакта кете албайт .
Баардык болуп жаткан нерселер
Аллахтын каалосу менен болуп жатат.
Сиз каалайсыз бир нерсенин болуусун..
Жамгыр каттуу жааса токтоосун каалайсыз
бирок токтобойт .
Күн каттуу ысыса салкынды каалайсыз .
Бирок заматта салкын боло калбайт .
Сиздин бул дүйнөгө келүүңүз да
акыретке кетүүңүз да,
ортодогу жашоо дагы инсандын каалосу менен болбойт ! Айтышатко:
“Тагдыр сүйлөсө
инсан унчукпай калат экен”-деп.
Инсан алсыз!

Аллах Таалам адам баласын түбөлүктүү кылып жараткан . Инсан түбөлүк тамак-ашка,
мекенге, кийим-кечеге, аялга муктаж.
Тынчтыкка, ден-соолукка муктаж.
Кабырда же бейиш нематында
же тозоктун ириңин жеп жатат.
Махшар майданында да ошондой..
Тозокто да тамак-ашка муктаж.
Кайнак суу, ириң кала берсе заккум даргынын тикенектүү мөмөсүн жесе тикинек
ичин айрып чыгып кетет.
Бейишке кирсе каалаган тамактан татат.
Кыскасы адам баласы баардык нерсеге түбөлүккө муктаж. Алсыз жаратылган .
Ахсан – эң кооз келбетте жаратылган .
Адам баласы Аллахты тааныса ыйман келтирсе
түбөлүктүү акыретке даярданат .
Аллахты тааныбаса кабырга чейинки жашоону, ошол өтө бир кыска жашоону ойлонуп жүрүп өтүп кетет ..
Кагаздын артынан жүгүрүп күндүзү да
эки смена түндөсү да иштеп жүрүп
бир жолу башы саждага тийбей
өтүп кетүүсү мүмкүн.
Кышта үй суук болбосун деп үйүн жасалгалайт, отопления коёт .
Эмне үчүн кабырым жылуу болсун деп
ыйманга мээнет кылбайт ?
Аллах Таалам адам баласын жаратып
бир тапшырма да берген .
“Ла-ин шакартум ла азийданнакум
Менин берген жакшылыктарыма шүгүр кылгыла!”-деди .

Бул тапшырма – мусулманга да, каапырга да
адам аттуунун баарына бирдей !
Жараткан бизге канча жакшылык кылып жатат . .
Көчөгө чыгып 100 метр чуркаңызчы .
Баардык денеңиз сак !
Мындан башка каанча жакшылыктары турат.
Аллахтын жакшылыктарын курсак ачса тамакты эстегендей эстейли.
Жакшылыкты эстебеген шүгүр кыла албайт .
“Ва аммаа би ниъмати роббика фа-хаддис !”
Жараткан эгеңдин нематтарын айткын .
Эстеп тургун дейт Куранда.
Намаздан кийин ошол үчүн дуба кылабыз.
“Аллохумма ъаиннии ъалаа зикрик
Аллахым өзүңдү эстөөгө,
ва шукрик жана шүгүр кылууга
ва хуснии ъибаадатик жана сага ибаадат кылууга мүмкүнчүлүк бер!”- дейбиз.
Аллах Таалам берген неъматтарына башка эч нерсе сурабайт . Бир гана шүгүр кылгыла!-дейт. Эгерде шүгүр кылбасак
“Ва ла-ин кафартум инна ъазааби лашадийд
Шүгүр кылбай тоң моюндук кылсаңар
Менин азабым өтөө каттуу!”-деди.

Аллах Таала көрүүнү, угууну берди.
Бастырып жатат . Өлүмдүн иниси болгон уйкудан күндө ойготот.
Даракты жаратпаса үйүңүз кайдан салынмак.
Таш, топурак, кум болбосо
канча кыйналат элек ..
Суу болбосо свет жок эле.
Күн жок болсо эч нерсе өспөйт эле .

Ошондой болсо да эң акыркы үммөт
Үммати Мухаммадияга берилген эң чоң неъмат
Дин жана диндин эмгеги !
Башка үммөттөргө дин берилген бирок диндин эмгеги пайгамбарларына гана берилген.
Мухаммад алайхис салам эң акыркы үммөт болгонунун берекетинен сиз бизге диндин мээнети дагы кошо берилген.
Мындан кийин башка пайгамбар келбейт .
Эң акыркы замандын үммөтү Пайгамбарлар кылган ишти кылышат .
Аллах Таалам пайгамбарларды кандай тандаган болсо бул үммөттү дагы ошондой тандап жаратат . Бул үммөт кыямат күнүндө пайгамбарлардай нурдуу болушат .
Бул үммөт эң акыркы болуп келет
бирок эң биринчи болуп Бейишке киришет .
Эмне үчүн ?
Пайгамбарлар кылган ишти бири-бирин жакшылыкка чакырып жамандыктан кайтарганы үчүн гана !
Бул Аллахтын бизге берген чоң белеги экенин биз сезейли .
Сиз адамдарды үймө-үй кыдырып ыйманга чакырбасаңыз, ушул динди башкаларга дагы түшүндүрүп жеткирбесеңиз
аманатка кыянаттык кылууга барабар !
“Бул дин силерге аманат,
кыяматка чейин муну башкаларга жеткиргиле !”- деген сүйүктүү пайгамбарыбыздын сөзүн эстеңизчи ..

Пайгамбарыбыз алайхис салам өлүмүнө бир нече күн калганда катуу ооруп,
үйүнөн мечит тарапты карап
мечиттин ичинде Абу Бакр родияллоху анхуга уюп бир жамаат болуп намаз окуп жатышкан үммөтүн көрүп Пайгамбарыбыз алайхис саламдын жүрөгү жышыды .
Ал пайгамбар үймө-үй барып бузулган бир коомду жакшылык жолуна, хидаяттуу нурлуу жолго чакырат эле .
Тирүүлөй кыздарын көмгөн бир эл,
аялдары кимден боюнда болгонун билбей калган, зынаа көбөйгөн коом эле .
Бир эркектин эң аз 20 дан кем эмес аялы бар эле. Башка эркектер аялы менен зына кылып кетсе күйөөсү :
“Менин аялым да сулуу экен,
карагылачы башка эркектер менин аялыма да келип жатышат !”-деп кубанат эле .
Кыздуу болсо тирүү бойдон алып барып
казылган жерге көмүп кайтышат эле .

Пайгамбарыбыз сахаабалар менен сүйлөшүп олтурушса бир сахааба дин келгенге чейинки бир окуясын айтып берди .
“Оо Аллахтын элчиси ?!
Бир күнү мен кыздуу болдум .
Аны эч кимге айтпадым, жашырдым.
Намыстандым ! Кызымды жакшы көрөт элем..
Атаке деген назик үнүн угуп кубанат элем .
Бирок, адамдар билип калышып маскара кыла баштаганда үйгө келип, аялыма кыздын кооз кийимдерин кийинтүүсүн, көчөгө алып чыгып ойнотуп келээримди айттым .
Аялым айтканымды кылды..
Кызым аябай кубанып, атам мени ойнотот экен деп сүйүнгөнүнөн ары-бери чуркап секирип жатты . Анткени, төрөлгөндөн бери көчөгө чыга элек болчу ..
Ошентип кызымды желкеме көтөрүп,
ээн талааны көздөй бараттым .
Кызым кубанып бара жатты .
Атам мени жакшы көрөт экен деген ой
кичинекей наристенин бүт жүрөгүн каптаган эле . Көздөгөн жерге жетип,
кызымды жерге койдум да жерди казып баштадым . Жарык дүйнөнү али көрө элек кызым ширин сөздөрү менен атаке-атакем деп
чуркап жүрдү ..
Жерди казып бүтөөрүм менен
кызымды казылган чуңкурга түртүп жиберип
артымды кайрылып карай албай алыстап басып бараттым ..
Кызымды көмдүм .
Атаке-атакем!-деген ширин сөзү кулагыма жаңырып жатты ..”-деди .
Муну угуп олтурган Пайгамбарыбыз көзүнөн жашы токтобой ыйлай берди .

Сахаабалар:
– Токтотсоң боло!
Аллахтын элчисин ыйлаттың -деп айтышканда
Сүйүктүү пайгамбарыбыз алайхис салам:
– Кайра айтчы, дагы айтып берчи ?-деп суранып ыйлап жатты .
Муну менен :
– Көрдүңөрбү!
Дин силерди кандай караңгылык жашоодон нурдуу жашоого алып чыкты !-деген сөздү айткысы келди эле .

Эгер сиз менен биз бүт инсаниятты жакшылыкка чакырбасак
Аллах сактасын коом бузулуп ыймандан алыстаса, кызыңызды көчөгө кеңири чыгара албай каласыз !
Балаңызды башкаруу кыйын болот !
Каарылар үйүндө карыган адамдар батпай калат ! Балдар үйү зынаанын себебинен толуп кетет ! Уурулук, бүт кылмыштын түрү көбөйүп
түрмөдө олтургандар батпай калмак !
Сиз бизге даават болуп,
аалымдарыбыз жамандыктан кайтарып,
берекеттүү дааватчы азаматтарыбыз жакшылыкка чакырып жүргөнү үчүн
сиз биз бир ааз болсо дагы ыйманды түшүнүп калбадыкпы ??
Бүгүнкү күндө элдин илими өстү .
Банктан кредит алса болбойт экенин баары билет, ошону сурабастан келип:
– Эко Исламиктен алса болобу ?-деп жатышат.
Эшекти, жыланды, чочкону жесе болбойт экенин билишип, аны да сурабай:
– Тоок жесе болобу ?-деп жатышпайбы!
Даават бул уммул хасана,
бүткүл жакшылыктын энеси !
Даватка чыгып келген жаш үй-бүлөөлөр бактылуу жашап жатканын,
дааватка чыгып келген арак ичип жүргөн кишилердин 3 күндүн ичинде беш убак намазга жыгылып, тууру жолго түшүп калганын көзүбүз менен көрүп жүрбөйбүзбү!
Ата-энесин какшатып жүргөн жаш бала дааватка чыгып келип атасынын бутунун тырнактарын алып берсе, атасы:
– ыйлап, балам ?
Мен сени ак кылайын деп калдым эле!
Үч күндө сен өзгөрүпсүң ..
Мен сени кечирдим !-деп кучактап ыйлаганын көрдүк ..
Үч күн дааватка чыгып келип,
тамеки менен насывайды таштаганды көп көрдүк. Үч күнгө чыгып келип
эненин бутун өөп, бутун жууп,
кылган иштерине өкүнүп ата-энени сыйлап калган уул-кызды көп көрдүк !
20-30 жыл бир шаарды, бир районду кармап
рекет болуп көчөдө жүргөн кишилер
үч күнгө чыгып келип мечитке каттап,
керек болсо бир жаныбарга дагы зыян бербей калганын көп көрдүк !
Бирөө айтып күлдүрдү эле:
– Мечитке кирсем мени тоногондордун баары мечитте олтуруптур !”-деп)))
Бул даават ушундай нерсе, самын сыяктуу.
Кичинекей самын канча көп кир кийимдерди жууп, кирин кетирип салат .
Даават – адамдын ички тышкы ооруларын жууп кетирет !
Бул көчмө медресе .
40-50 ке чыккан кишини кайсы медресеге алып барып окутасыз ?
Атып жиберсең дагы барбайт )
Бирок, үч күнгө чыгып келип намазын үйрөнүп,
Дааратын үйрөнүп, Куран окуп калган аксакалды көп көрдүк !
Өмүр бою аракет кылып бир сүрөөнү жаттай албай жүргөн киши
үч күндө кырааты менен Куран окүп,
хадис жаттаган адамды көп көрдүк !

Жаш жубайлар үйлөнүшүп,
Күйөөсү үч күнгө чыгып келсе
келинчеги жолдошун көрүп кучактап жибериптир..
– Эмне болду сага?- десе келинчеги:
– билбеймин, өзүнчө эле нурдуу болуп кетипсиз, мүнөзүңүз жумшаак болуп калыптыр..”-деп
сүйүнгөн келинчекти көп көрдүк .

Даават бул бидаат эмес .
Даават бул – сени мени жакшылыкка чакыруу!
Бул бидаатэмес, бул диндин , ыймандын эмгеги!
Адам баласы Тайсондун дискин коюп алып
он жыл көрүп олтурса дагы
боксёр боло албайт .
Же болуп калабы, капкара болуп,
колдору жооноруп ?)))

Спортсмен залга барып спортсмен болуп,
дүйнөлүк мелдештерге чыккандай
адам баласы дааватка барып ыйманын бекемдейт . Даават – адамды диндар болуусуна шарт түзөт .
Азыр көчөдөгү адамга барып эле,
арак ичпе арам, кыйбат кылба арам десеңиз
ал заматта эле айтканыңызды кылбайт,
сөзүңүздү укпайт !
Дааватка чыгып келген адам,
бул нерселерди өзү эле кылбай калат .
Дааватчы десе эле терористти элестетпейли))

Сиз бизге 70 жыл СССР ошондой түшүндүргөн.
Караңыз бир мезгилде Өз алдынча мамлекет болдук , аны менен кошо диндин мээнетин дагы Аллах Таалам берип койду .
Бул чындыгында шүгүр кылуучу неъмат .
Чет өлкөлүктөр Кыргызстан деген сөздү укса эле баары дааватчылар деп элестетишет экен.
Ылайым ошол элестеткениндей эле болсун!)
Бирок андай болбой жатпайбы?)

Куранда бир дагы пайгамбардын ибаадаты, намаз окуганы, орозо кармаганы, зекет бергени жазылган эмес .
25 пайгамбардын элге кылган дааваты жазылган .
Бул мээнетти ким болбосун,
адамбы, кумурскабы, үпүп болобу,
аарыбы, жөргөмүш болобу
ушул даават мээнетин кылган болсо
ошого Курандан жай берген .
Куранда 29 парасынын баарында ушул даават тууралуу айтылат .
Дааватты жаман дебейли.
Бул дин !
Керек болсо баарыбыз дааватчы болойлу.

“Силер адам зат үчүн чыгарылган эң жакшы үммөт болдуңар !
Силер адамдарды жакшылыкка чакырасыңар,
жамандыктан кайтарасыңар,
Өзүңөр Аллага ыйман келтиресиңер !”-деп мактайт Куранда .
(АалиИмран 110 аят)

Сахаабалар ушул ишти кылып
асмандагы жылдыз болушпады беле?
Бүгүнкү күндө Мекке менен Мединалыктар
каанча кооз мекенде, каанча бай мекенде
жашашат . Керек болсо үйүндөгү эшигин дагы кызматчылары ачышат .
Туурабы туура эмеспи ?
Керек болсо ал жерлерге
Дажжал дагы кире албайт !
Бул ошол ата, ата, ата-бабаларынын дин үчүн кылган курбанчылыктарынын берекетинен !

Даават тууралуу каанча аят болсо, канча миңдеген хадис болсо анын баарын жазып чыгуу оор иш .
Бирок биз ушуну жакшы билейли , жакшы түшүнөйлү даават жаман нерсе эмес !
Бул жолго чыккан адам сөзсүз оңолот !
Анткени бул, ошол Аллах ыраазы болгон
Улуу Пайгамбар алайхис саламдар жана
Сахааба ажмаиндер кылган улуу иш !

👤Али Оши~
👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ http://ift.tt/2mb2Guk
✿ http://ift.tt/2l8etvu
✿ +996700334493
✿ WWW.FORMULA.KG

Запись Даават бир гана жакшылыкка гана чакырат! впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

ДААВАТ – азыркы кезде Кыргызстанда адеп-ахлактын, ыймандуулуктун реалдуу иштеп жаткан жападан жалгыз элдик мектеби. Дааватчылар расмий молдолорго караганда он, балким жүз эсе көп иш жасап жатышат. Аруу динибиздин, ага жанашкан чыныгы адамкерчиликтин негиздерин өздөрү үйрөнүү менен, бири бирине үйрөтүү менен, ыйманга ыктаган башка калкты ушул чыныгы элдик кыймылга тартуу менен. Мында каапырлар корккудай кыпындай саясат жок, бетпактар жабышкыдай кыпындай адепсиздик жок. Дааватчылардын жобосунда кантип саясатка киришпөө, кантип бирөөнүн эшигин адепсиз чертпөө дегенге чейин ташка тамга баскандай жазылып турат. Ал эрежеден чыккандын дааваты да, башка диний амалдары да кабыл болбойт. Бүгүнкү күндө мектеп да, башка окуу жайлар да, дегеле бүтүндөй коомубуз менен мамлекетибиз унуткан чоңдорду жана балдарды адеп-ахлакка тарбиялоо ишин жалгыз ушул дааватчылар жүргүзүп жатат. Аны алар эч кимге милдет, док кылган жок. Өкмөттөн да, элден да ал үчүн эки тыйын акча сураган дааватчы жок. Мээнетибиз Кудайдан кайтсын деп, ого бетер кайратмандык менен иштеп жатышат. Эгерде өлкөбүздө миңдеген адамдар, айрыкча жаштар ыйман жолуна түшүп, арагын, жаман адаттарын таштап, миңдеген мусаапырлар менен жетим-жесирлердин, миңдеген кем-карчтыктар менен муктаждыктар үн-сөзү, ызы-чуусу жок эле, өзүнөн өзү чечилип калып жатса, ошонун ондон тогузу дааватчылардын иш-аракеттеринин жемиши. Жасаган жакшылыктарын рекламалаган иштер гана дааватчылардыкы эмес.Ошондуктан дааватчылардын ишин токтотууга болгон аракетти жалпы элге карата кара ниеттиктен, душмандыктан башкача мааниде түшүнүү мүмкүн эмес.

Бейшенбек Бекешов, журналист

Запись “Дааватчылар расмий молдолорго караганда он, балким жүз эсе көп иш жасап жатышат.” впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бүгүн, 25-апрелде Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Жогорку Кеңештин маалымат кызматы аркылуу Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” мыйзам долбоору коомдук талкууга алып чыкты.

Анда “Үйлөрдү кыдырып өзүнүн диний көз караштарын таңуулоого, мыйзамга ылайык эмес прозелитизм – психологиялык жана физикалык таасир кылуу, коркутуу, зомбулук жолдорун колдонуу менен башка диний окууларды туткандарды өзүнүн динине киргизүүгө багытталган иш-аракеттерге тыюу салынат”, – деп жазылат.

Ошондой эле бул мыйзамды бузгандар админисративдик жазага тартылары жазылат мыйзам долбоорунда.

Аны менен катар эле Дин иштери боюнча мамлекеттик орган диний адабияттарга, башка басма, аудио-видео материалдарга жана электрондук сактагычтарга, ошондой эле Кыргызстанга диний уюм ташып келген диний адабияттарга дин иштери боюнча мамлекеттик орган бекиткен жобого ылайык дин таануу экспертизасын дайындайт жана ишке ашырат.

Булак

Запись Дин иштери боюнча мамкомиссия дааватчыларга тыюу салууну көздөөдө впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

2017-ыйман, адеп жана маданият жылына карата Кыргызстан элинин руханий жана адеп-ыйман баалуулуктары менен алдыңкы дүйнө таанымды айкаштырган жаранды өстүрүүдө мамлекеттин жана коомдун күч-аракеттерин координациялоодо, ар бир баланын таланты менен шык жөндөмүн ачуунун жана өстүрүүнүн натыйжалуу системасын түзүү, заманбап билим берүү, жаштар, демография, маданият жана дин саясатын калыптандырууда, жүрүм-турум жана укуктун маданияттын, өз ара урмат сыйдын, көмөктөшүүнүн жана жарандык тилектештиктин өрнөктөрүн жайылтууда казыят сиздер үчүн төмөнкү он беш насыйкатты сунуштайт:

  1. Сага өмүр багыштаган ата-энеңди, анан дагы ар дайым сага жардам берип, өмүрүңдү сактоочу жандарды урмат кылган, алардын ызатын жана урматын дайыма актай билгин.
  2. Ага-ини, эже-сиңди, тууган-урук жана дос-жолдошторуңа мээримдүүлүк жана кайрымдуулук жиби менен байлангын.
  3. Мекендин чыныгы, акыйкатчыл перзенти болгун. Мекенге жана элге ак кызмат кылып олжого тундур.
  4.  Маанисиз терс жолдордон, арак-шараптан жана абийир-намысыңды булгай турган иштерден ыраак болгун.
  5. Жаштыгыңды, жакшы сапатыңды, ден соолугуңду, дилиңди, абийириңди, намысыңды таза кармап дилиңди нурдаткын.
  6. Сүйүштү билгин, махабатың менен таза акылың өзүңө өмүрлүк жолдош тандоодо жол башчы болсун.
  7. Үйлөнүүнү кааласаң кайрымдуу, мээримдүү, дени соо, жалпы эле дили таза, адеп-ахлактуу, пейили кенен, бардык жактарынан мыкты сапатка ээ кызды танда.
  8. Күчүң, чама-чаркың жеткен убакта дароо үйлөн. Үй-бүлө түзүп, кут конгон бир таалайлуу үй-отон даярдагын. Анткени сенин жасаган бул ишиң инсандык жана коомдук эң негизги милдетиң, эч нерсеге окшобогон бак-таалайдын ыйык куралы болуп саналат.
  9. Үй-бүлөнүн бүтүндөй байлыгын жана адеп-ахлак жагынан муктаждыктарын камсыздандырууга умтул, тырышчаак болгун.
  10. Жамааттын муктаждыктарын өтөй турган перзенттерди өстүргүн. Перзенттерини тек кана өзүң үчүн эмес, Мекениң, калкың үчүн, анан дагы жаамы инсаният үчүн тарбиялагын.
  11. Уулдарыңды сабырдуу, туруктуу, жакшы сапаттуу жана чечкиндүү, кайраттуу кылып өстүргүн. Кыздарыңды дагы өзүңө өмүрлүк жолдош кылып тандап алган аялың сыяктуу тунук көркөм сапаттуу кылып тарбиялагын.
  12. Үй-бүлөңдүн өмүрүн өтө жагымдуу, жайдары өткөрүүгө тырыш. Үй-бүлө мүчөлөрүн өз калкаңа алгын. Алардын көзгө жагымдуу, жайдары өсүп жүрөккө ырыхат багыштоолор үчүн бар күчүңдү сарп кылгын.
  13. Үйүңдүн эшиги чыныгы досторуң үчүн дайыма ачык болсун.
  14. Мээримдүү жана кайрымдуу бол. Баштарына мүшкүл иш түшкөндөрдүн же бир балекетке кабылгандардын көңүлүн жубатаар жылуу сөз сүйлө. Мүшкүлдөн кутулуу үчүн аларга жардам бергин.
  15. Бош убактыңдын бир бөлүгүн адеп жана ахлакка каршы келбеген оюн-күлкүлөргө, спортко сарптагын.

Ыймандуулук – адамды жакшылыка чакырып, жамандыктан кайтаруучу жол жана адамдарды ынтымакка, достукка чакырат.

Адеп адамды бактылуулукка тарбиялап, кубанычка бөлөйт.

Адеп – бул бийик рухтун, таза жана ыхластуу напсынын, бийик таасирдүү билимдин тарбиясы.

Даярдаган: Жалал-Абад казыяты.

Запись Ыйман, адеп баалуулуктарын жайылтуудагы 15 насаат впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Белгилүү аалым Чубак ажы Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Исмаил Мамытов менен маектешип, буга чейинки сөзүндө динге мамиле, саясат, депутаттык тууралуу кеп салып берсе, бул жолу коомчулукта курч турган даават, талак маселелери, Сирияга кетип жаткан мекендештерибиз тууралуу сүйлөп берди.


Чубак ажы маекти "суроо тандагыдай артист эмесмин, мен суроого келгенде малдын баарын батырып алган короо сыяктуумун, суроо ылгабайм, баарына жооп берем" деп баштады. Анда кызыктуу маекке назар салыңыз.
— Даават радикализмге жол ачып жатат деген пикирлер бар…
— Эгерде ага тыюу салып койсо жол ачат. Мындай учурда даават жашыруун жакка кирип, аны көзөмөлдөө мүмкүн болбой калат. Азыр Россия, Казакстанда дааватка тыюу салынганы менен жашыруун түрдө күчөп жатат. Бирок аларда көзөмөл жок, а биз баарын көзөмөлдөп турабыз. Кыргызстанды дааватчылардын берекеси менен Кудай эле сактап турат. Анткени Бакиев убагындагы көйгөйлөр азыр деле бар, бирок элдер митингге чыкпай калды. Анткени диний маданият көтөрүлдү. Мен, өлкөнүн муфтийи Максат ажы, Абдышүкүр ажы баш болуп даават өтүп жатып, адамдар мамлекет эмес, дин менен алек болуп, өз жашоосун улантууда. Мына ушунун өзү эле динди кандай колдоо керек экенинен кабар берет. 
— Ошону чоңдор түшүнүп жатабы?
— Түшүнүп жатат. Анткени, президент Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү даават боюнча жакшы пикир айтып келет. Жөн адам падыша болбойт да, кудайдын назары түшкөн адам гана тандалат. Анын кулагына периштелер шыбырап турса керек.

— Көпчүлүк дааватчылардын кийген кийимине, сырткы келбетине нааразы болуп келишет. Костюм-шым кийип даават айтса болбойбу? 
— Азыр көпчүлүгү ошого өтүп калды. Мурдагыдай эмес. Элдер Jeep унаасы менен даават айтып жатышат. Адамдардын баары көйгөйлөрдү гана көрүшөт. Мисалы, профессор ак баракка чекит коюп, "бул эмне?" десе баары "чекит" дешет. "А эмнеге чакан чекитти көрүп, ак баракты көрбөйсүңөр?" дейт да. Ошол сыяктуу эле адам кемчиликти гана көрөт. Дааватчылардын буту жарылган, кийимдери жаман дешет. Эмне үчүн мени, Абдышүкүр ажыны карабайсыңар дейбиз да. Сакалы кир дейсиңер, ооба кир, бирок соо болуп, элди жакшы жакка үндөп жүрөт го. Ал эми дин менен жашабагандар мас болуп, арыкта жатат. Эки президент жумуштан түшүп качып жүрөт, а биздин бирөөбүздү жылаңачтап камерага көрсөтсө да качып кеткен жок. Никелүү аялым болчу деп жүрөт. Мен жумуштан түшүп качпай эле жүрөм. 


ААЛЫМ ЧУБАК АЖЫ ЖАЛИЛОВ ИНТЕРВЬЮ УЧУРУНДА

— Сирияга кетип жаткандарга дааватчылар таасир берип жатат дешүүдө… 
— Негизи эле дааватка асылган туура эмес. Ал тууралуу терс пикир айткандар жумуштан кетип калат. Мисалы Эмил Каптагаев, Адахан Мадумаров, Исмаил Исаковдор жумуштан айрылышкан. Мен ал сөзгө кошулбайт элем. Анткени, бизде миллионго жакын дааватчыларыбыз Сирияга кетпей эле жүрбөйбү. Даават бизди жакшы жакка үндөйт.

— Мектепке караганда мечит көп болуп кетти деп коомчулук бир "булк" этти эле… 
— Бул сөз туура эмес. Анткени бизде 2050 мечит болсо, 2500 мектеп бар. Демек мечиттер аз. Мектеп керекпи, мечит керекпи деген суроо "атаңды жакшы көрөсүнбү же апаңдыбы?" дегендей эле. Бирин жаман көрүп, экинчисин жакшы көрө албайсың. Ар нерсенин орду бар. Бул суроо келесоолук дээр элем. Анткени мечиттин бир милдети — адамдарды жакшы жакка үндөө болуп саналат. Колдон келсе экөөнү тең салыш керек.

— Телефондон талак бергендер көбөйүп кетти…
— Талак берүү масели бизде оор болуп турат. Шым кийип жүргөндөр эркек болбой калды. Сырткы келбети эле эркек экенин билдирбесе, аялдардан өтөт. Буга биздеги билим берүү системасындагы кемчилик себепкер. Бала бакча, мектептерде аялдар сабак берип, алардын тарбиясын алган уландарда эркектик касиет калбай калды. Алар спортчу болуп, кычырап кийингени менен жан дүйнөсү — аялдыкы. Шариятта аялдар жеңил ойлуу деп талак берүү укугун эркектерге берген. Азыр эркектер аялдардан жаман болуп, "а" дей электе эле оозунан талак чыгып жатат.
Телефондон талак бергендердин диний түшүнүгү аз экенинен кабар берет. Баары эле талак берсем бүттү дешет, андай эмес. Балдардын тарбиясы, келечеги жана башка көйгөйлөрү бар. Негизи талак телефондонбу, микрофондонбу эркектин өзүнүн чыгып, анын кулагына угула турган болсо шариятта эсептелине берет. Мырзаларга туура тарбия берүү үчүн армияга жөнөтүү зарыл, мектептерди экиге бөлүш керек. Түшкө чейин кыздар, андан соң балдар окуса туура болот. Балдарга агайлар сабак берсе, накта эркектер чыгат, болбосо эркектин көпчүлүгү мажирөө болуп, эркек калбай баратат. Болбосо карап көрөлү, Россияда казак, өзбек же тажиктердин эркектери гана иштеп жүрүшөт. А биздин кыздар толуп кеткен. Тажиктер эмне жыргап жатабы? Кыргызстанда аларга караганда жашоо жакшы го. Бизде намыс деген калбады. Кыздардын баарын таркатып жибердик. Аларда айып жок! Күнөөнүн баары эркектерде! Ал жакта тоноп жаткан, зордуктап жаткандарын көрүп туруп, кыздарыбызды жөнөтүп жатабыз! (ачуусу келип) А биз болсо салган акчасына курсак тойгузуп отурабыз. Кыздар барса күйөөлөрү, атасы, агалары менен барсын. Бойдок кыздарга эмне бар? Мектепти бүттү, эртеси Москва. Бишкектеги филармонияны көргөн эмес, бирок Москвадагы Арбатты билет. Бул туура эмес. Маселе мамлекеттик деңгээлде чечилиш керек!
— Айрым медресе мүдүрлөрү светтик билими жок экен деген шылтоо менен аттестацияга кирбей калышты. Деги эле медреселердеги билим берүү маселесине нааразы болгондор күчөдү. 
— Негизи андай талап койгон уставдын автору менмин. Ал кезде светтик түшүнүктү киргизгенибиздин себеби, молдолордун светтик билими болуп, түшүнүгү жогоруласын деген элек. Бирок биз беш жылдан кийин ишке кирсин дегенбиз. Азыр аны күчтөп эле колдонуп жатышат. Бул туура эмес. Негизи светтик билими болсун деген сөздү кийинки курултайда алып салууну сунуштайын деп турам. Бөрк ал десе баш алгандай болуп жатат. Эң кыйын делинген мүдүрлөрдү алып койсо, анан кайдан башчы келет? Бул жерде ляппай урган, өзүнө жаккан адамдарды алып келүү болуп жатат деп ойлойт элем. Албетте бул сөзүмдү уккандан кийин көптөр кыжалат болуп, температурасы көтөрүлөт бирок акыйкат сөз чынынан бузулбаш керек. Көп жылдан бери кызмат кылып келе жаткан аалымдардын светтик билими жок экен деп алып салуу туура эмес. Деги эле бул маселеде муфтият кайрадан карап чыгуусу керек деген пикирди карманам. Ал эми медреседеги билимдерди айтсам, абалы дурус эле. Диний билим менен кошо адистештирилгендери бар. Мындан сырткары жаш балдар үчүн өзүнчө медреселер бар. Ал жакта мектеп программасын окуп, кошумча да таалим алышат. Медреседеги балдар эч нерсени окубай, келесоо болуп калышат дешүүдө. Жок, андай эмес. Алар компьютерди билишет, көпчүлүгүндө WiFi бар.


Интервью сыртындагы маек… 

Жан дүйнө ырахаты…

Дайыма жакшы болууга аракет кылуубуз керек, бирок жасалмалуу болбошубуз керек. Анан дагы бир маселе Кудайга ишенүүнүн ырахаты. Адамдардын баардыгы ошол ырахатты издешет. Ырахат үчүн Антальяга барып, падыша болгусу келет. Бирок көпчүлүгү чыныгы ырахат динде экенин билишпейт. Адамдын жан дүйнө ырахатына эч нерсе жетпейт.

Китеп окуунун пайдасы… 

Китеп окуу мен үчүн көп нерсеге шыпаа. Адам президент болууну көздөсө ошол жөнүндө китеп окуса, көксөөсү канат. Эгер бай болгусу келсе, ошол жөнүндө китеп окуса, анан көйгөйүн билип кадимкидей тажап калат. 

Чыңгыз Айтматов жөнүндө…

Чыңгыз Айтматовдун китептерин окуганда эмнеге идеологияны бузгандар тууралуу жазат деп кээде ага нааразы болуп кетем. Буйрук менен жазылган китептердей сезилет. Анткени СССР убагындагы түшүнүккө каршы китеп жазса, Нобель сыйлыгы берилет деген түшүнүк бар эле да. Кайсы бир системанын чынжырларын бузгандарга сыйлык беришкен. Ал эми "Тоолор кулаганда" китебин окуганда Айтматов өзүнүн тагдырын жазганбы деген ойго келем. Өзүнүн кошогундай сезилет. Мен Айтматовду чындыкты айта алганы үчүн сыйлайм. 


Музыка укпаш керек, кола ичпеш керек…

Анткени ал биздин продукт эмес деген кеп. Өзүбүздүн жарманы ич деген эле сөз. Базарда бир тууганыңыз алма сатып отурса андан албай, душмандан алат деген кеп. Ошол себептен ичпе деп айтылат. Ал эми комузду укпа деп эч качан айткан эмесмин.
Sputnik Кыргызстан
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

“Кыргызстан “Таблиги жамааты” кыймылына тыюу салбай туура чечим кылды”,-деди Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында.

Анын айтымында, тыюу салуу жолу – бул маселени татаалдаштыруу жолу. “Мына мисалы, Казакстан жана Өзбекстан “Таблиги жамааты” кыймылына тыюу салган, бирок алар бир жашап жатат, эч жакка кеткен жок. Бир күнү ал радикалдык чечим кабыл алышы мүмкүн. Мен биз бул кыймылга тыюу салбай туура чечим кылдык деп ойлойм. Азыр алар биздин салттуу Ислам динине үгүттөп жатат. Азыркы учурда үгүтөөнүн белгилүү бир формалары бар”,-деди А.Атамбаев.

Мамлекет башчысы белгилегендей, аталган кыймылга тыюу салган өлкөлөрдө алар тескерисинче көбөйүп жатышат. “Дин маселеси менен алектенүүнү кеч баштаганыбыз башка кеп. Биз тыюу салуунун ордуна көбүрөөк түшүндүрүшүбүз керек”,-деди А.Атамбаев. 
 


December 25, 2015 at 09:16AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бул аптада Ички иштер министрлигинин 10-бөлүмүнүн башчылары өздөрүн «дааватчы» деп аташкан мусулмандар коомго коркунуч жаратышы мүмкүн деп айтып чыгышты. Дааватчылар ким, алардын кандай оң жана терс жактары бар деген суроо менен Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын муфтийинин орун басары Замир Ракиевге кайрылдык

Коомдогу кандайдыр бир топту коомдон, керек болсо дүйнө тарыхынан ажыратып кароо туура эмес. Силердин гезитиңерде Азамат Борончиев деген агай кыргызга мыйзам тууралуу айтсаң сөзсүз «мунун кыргызча жолу жокпу» деп сурайт деп, мунун себебин да жакшы түшүндүргөн. Көрсө, биздин мыйзамдар элибиздин каада-салтынан алыс, ар кимден көчүрүп алынган экен. Ошондуктан кыргыз элине чоочун көрүнөт турбайбы.

Дүйнөдөгү мусулманчылыкты карасаң да ушуга окшош эле маселе. Мусулмандар жашаган азыркы мамлекеттин дээрлик баарысы акыркы эки кылым бою башкалардын колониясы болгон. Кийин боштондук кыймылы аркылуу эгемендик алышканы менен учурдагы мыйзамдары мурунку колониалдык мыйзамдардын негизинде куралган. Ошентип кыргыздарга окшоп эле аларга да өз мыйзамдары чоочун сезилет.

Эмне үчүн чоочун сыяктуу дейм? Себеби коомдогу башка адамдар сыяктуу эле мусулмандар да өз мамлекетинин Конституциясы менен мыйзамдарынын бетин ачып окуп көргөн эмес. Окуса да түшүнбөйт. Кээ бири окуй да албайт. Мен Конституциябызды окуп чыккам. Анда динибизге карама-каршы келген эч нерсе жок. Кыргыз болгон соң, ага баш ийүүнүн үлгүсү болушубуз керек.

Бул илдеттен кантип кутулуш керек? Биз бала кезде коом таануу деген сабак бар эле. Китептери бар болчу. Менин оюмча мындай сабактар кайра бардык окуу жайларга киргизилүүсү керек. Диний окуу жайларга да керек. Анда коом тууралуу жалпы түшүнүк берилген соң, Конституциябыз баш болгон негизги мыйзамдар тууралуу жакшы түшүнүк берилүүсү зарыл. Өз мамлекетинин эли кабыл алган Конституцияны өзүмдүкү деп кабыл албаган адам радикал болот да.

Демек радикалдуулук мусулмандардын гана көйгөйү эмес. Өз мыйзамына баш ийбей, «кыргызча» жол издегендердин жалпы көйгөйү. Болгону мусулман болобу же башка түшүнүктөгү жаран болобу, мыйзамга баш ийбеген адамдын коомдук жашоого таасири канчалык артса, ошончолук коркунучтуу болушу мүмкүн.

http://saresep.kg/


December 13, 2015 at 08:10AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бүгүн, 25-ноябрдагы тегерек столдо Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлү Билал ажы Сайпиев “Таблиги жамаат” өлкөдө трайбализмди жок кылууга жардам берүүдө” деп билдирди.

Анын айтымында, учурда өткөрүлүп жаткан даават иш-чараларынын натыйжасында түндүк жана түштүк деп бөлүнгөн мусулмандар бири-бирине куда болуп, балдарын үйлөндүрүүдө.

Таблиги жамааты”, башкача айтканда, даават кыргыз жергесине 1997-жылы келген. Ошондон бери ал эч кимге жамандык кылган жок. Тескерисинче, ал өлкөдө диний стабилдүүлүктү түзүүгө жол ачты.Айылдарда аракечтик азайды, анткени дааватка чакырган мусулмандар көбөйүп, алар үйлөрдү кыдырып элди туура жолго салышууда.

Бишкек-Ош жолунда буга чейин рэкетчилик өрчүп келген. Оор жүк ташуучу унааларды токтотуп жүгүнүн жарымын алып кетишчү. Мындай нерсе учурда жоюлду. Мен өзүм баш болуп ошол жерлерге барып даават кылчумун. Мындан тышкары, мектептин жанына курулган мечиттердеги даават дагы окуучуларга жардамын тийгизүүдө. Андай мектептерде рекетчилик жок. Себеби мектеп тарбиялануучулары окуудан кийин мечитке барып дааватчылардын сөзүнө кулак салышат”,-деди ажы.

http://www.super.kg/

The post Таблиги жамаат” өлкөдө трайбализмди жок кылууга жардам берүүдө appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


November 25, 2015 at 12:26PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Кыргызстанда ислам радикалдашууда деген пикирлер бар. Бул пикирлер канчалык туура? Кыргызстан муфтияты Париж жана башка жерлердеги террордук актыларды кандай баалайт? Муфтий Максат ажы Токтомушев “Азаттыкка” маек курду.

СУРОО:  Азирети муфтий, Кыргызстанда ислам радикалдашууда деген пикирлер айтылууда. Сиздин буга пикириңиз кандай?

ЖООП: Биринчиден, айтып кетейин, ислам радикалдашпайт. Радикал – ал ислам эмес. Ислам эң боорукер жана эң таза дин экени эч кимге жашыруун эмес. Исламдын атын жаманатты кылып аткандардын баарына ислам каршы. Терроризмдин биринчи душманы ислам деп айтат элем.

СУРОО: “Ислам мамлекети” тобунун жана башка радикал идеологиялардан таза исламды ажыратып, экөөнү бири-бири менен байланыштырбаганга кантип жетише алабыз?

ЖООП: Өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атагандарды Бүткүл дүйнөлүк аалымдар комитети Меке, Мединадагы жыйындарда, жакында Москвада өзүбүз да көптөгөн аалымдар менен өткөргөн жыйында бирөө да колдогон жок. Алардын арасында билимдүү, Куран жана хадиске каныккан бир да адам жок экенин белгилешти.

Бул – саясат. Аларды дин жолундагылар деп эсептебейбиз. Ошондуктан экстремизм жана терроризмдин алдын алуу үчүн бардык мечиттерде казыларга тапшырма бердик. Медреселерде ханафий – мазхабды күчөтүү багытында бирдиктүү программа киргиздик.

Окутуп жаткан жаштарыбызга, коомчулукка экстремизм жана терроризмдин исламга эч кандай тиешеси жоктугун айталы. Өзүн-өзүн жардырып атса, бул кандай дин болсун? Бейкүнөө адамдарды өлтүрүп жатса, бул динби? Буга биз таптакыр каршыбыз. Бул исламды жаманатты кылуу. Андай чагымдарга берилбейли. Буга каршы коомчулук менен чогуу иштеп, Кыргызстандын тынчтыгына өзгөчө көңүл буруп атабыз. Албетте, ааламдагы окуяларга жүрөгүбүздөн кайгырабыз.

СУРОО: “Ислам мамлекети” жана башка радикал идеологияга биздин айрым жаштар тартылып кетип жатат. Ага каршы эмне коё алабыз?

ЖООП: Бул өтө өкүнүчтүү нерсе. Булардын идеологиясы такфир деп аталат. Булар – такфиристтер. Такфиристтер мусулманды каапырлыкка айыпташат. Таза эле мусулман адамды бир күнөөнүн негизинде аны каапырлыкка чыгарат. Өтө өкүнүчтүүсү, кээ бир жаштарыбыздын билип-билбей туруп ошолорго кошулуп кетип жатканында. Ага жол бербеш үчүн бардык органдар өзүнүн чегинде иш алып барышы керек. Мисалы, паспорт берүү, чет өлкөгө чыгууда, ошол жерлерде чек ара, бажы көзөмөлдөрү дыкат иштеп, УКМК өзүнчө, Ички иштер министрлиги, айыл өкмөттөр, диний башкармалыктар биргелешип аракеттенип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен токтото алабыз. Башка жол жок.

СУРОО: : Урматтуу муфтий, дааватка чыгуунун эрежесин катаалдантуу сунушталып жатат. Дааватка билими тайкы адамдар чыгып алып, тескери жолго түрткөн фактылар бар. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?

ЖООП: Кудайга шүгүр, даават Кыргызстан дин башкармалыгынын бекем көзөмөлүндө турат. Ким чыгып атат, кандай чыгып атканы көзөмөлдө. Даават аркылуу биз жаштарыбызды ханафий-мазхабы менен тааныштырып, радикал идеологияларга каршы күрөшө алабыз. Имамдарды, билимдүү адамдарды дааватка чыгарып, агартуу аркылуу максатыбызга жете алабыз деген үмүттөбүз. Дааватка чыгуунун өзүнүн тартиптери, жоболору бар. Ошолор аркылуу иштейбиз. Абал жакшы. Дагы иштешибиз керек.

СУРОО: Сиздин өзүңүздү да “Таблиги жамааттын” мүчөсү деп айыптап келатышат. Ага кандай жообуңуз бар? Бул уюмга тиешеңиз барбы?

ЖООП: Мен дайым ушуну айтып келем. Мындай жамаат бизде катталган эмес. “Таблиги жамаат” деген уюм жок. “Даават” деген чакыруу, “таблиг” деген жеткирүү деген сөз. Өзүңүзгө жакшы каалаган нерселерди, динибизди, өзүбүздүн мазхабыбызды жеткиргендин аты “таблиг” деген сөз. Ушул иштерди кылып атса, аны өзүнчө жамаат деп, өзгөчөлөнткөн туура эмес деп ойлойм. Тескерисинче, намазга жыгылуу милдеттүү болгондой эле намазга чакыруу да милдеттүү. Башкаларды арам иштен оолак болууга чакыруу, токтотуунун  аты даават.

СУРОО: Өзбек муфтияты Париждеги жардырууларды айыптап чыкты. Биздин муфтият ошондой айыптап чыктыбы?

ЖООП: Биз Париждеги жардыруу туура эместигин бардык жерде айтып жатабыз. Андай террордук актыларды буга чейин да айыптап келгенбиз.

http://www.azattyk.kg/

The post Муфтий: Ислам радикалдашпайт appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


November 19, 2015 at 08:40PM
Технологии Blogger.