Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком жакшылыкка чакыруу. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

 

Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштайбыз. Ааламдардын Жаратуучусу, адам баласын сыноо үчүн жаратып, Акырет күнү алардан сурак алуучу Аллах Таалага мактоо болсун. Аллахтын эң акыркы пайгамбары,өмүрүнүн акырына чейин уммөттүм деп жан күйдүрүп,ар бир күнүнү жакшылыкка чакыруу учүн арнап, динибиздин туура жолун жолун үйрөткөн пайгамбарыбыз Мухаммадга Аллахтын салам-салаваты болсун.

Биринчиден Аллах хидаят берүүчүү Ал кимди кааласа оңдоп туура жолго салат,кимди кааласа адаштырат,кимди кааласа жакшылыгына ,кимди кааласа азабына туш кылуу Өз каалоосунда. Бир кыпынча чаң да анын каалоосуз жылбайт да учбайт да.
Жакындан бери эл арасында динибиздин жакшылыгын жеткирген зор мээнеттин мөмөлөрөрү болгон дааватчылар тууралуу ар кандай пикир -келишпестик,ар ким өз түшүнүгү менен чечмелеген сөздөр журүдө ,жакышылык жолу ачык -айдың көрүнүп турса да, ал жолго таш ырыгытып, акыйкаттан качып караңгылыкка жолго бурулуп жаткан сыяктуубуз. Аз болсо да билгенибизче ар тараптан изденип түшүндүрүүгө аракет кылууну чечтик…

Дааватка кимдер чыгат? Кимдер чакырат? Маселе ушунда. Демейде дааватты эки этапка бөлүнөт. Биринчиси дааватка илимдүү инсандар жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарып өзүнүн билгендерин жайылтуу.

Экичиси дааватка жашоодо жол таппай калган инсандар ,оңолуу үчүн адам болсом экен,мен да башкалардай жашасам экен,жаман адаттардан арылсам экен деп ниет максаттар менен чыккандар..

Эгер билсек ууру, каракчы, сойку, басмачы, аракеч, ата-энесин сыйлабаган, жашоодогу максатын билбеген, кыскасы адамдык сыпаттан чыгып калган адамдар оңолуп жатат. Ушундай арам иштерден кайтып, келме айтып, намаз окуп, ата-энесинен кечирим сурап, бала-чакасын багып, өлкөсүн сүйүп ж.б. адамдык сыпатка келип жатат. Мындай адамдарды ар бир райондон жүздөп санап берсе болот.
Бул биринчи этап. Мына эми акырындык менен кийинки этапка өтүп, адеп-ахлак, маданият, илим-билим ж.б. жетишебиз.

Жаман болуу бир паста, жакшы болуу аста-аста. Сырттан карап туруп бизди сындагандар, бизден талап кылгандар, биздин эң акыркы даражабызды талап кылып жатышат. Алардын оюнда дааватчы илим-билимдүү, маданияттуу, төгөрөгү-төп келишкен адам болуусу керек. Туура, бирок ошол даражага жетүү үчүн бул этаптарды басып өтүшүбүз керек. Бир эле күндө баары ойдогудай болбойт да. Биз дааватчы деп атап жаткан адам – дааватчы эмес.
Ал – оңолуучу. Кечээги аракечти, бүгүн кантип дааватчы деп айтасыз? Дааватка чыккан адам, биринчи өзүн оңдоо үчүн чыгат. Башканы оңдобой эле койсун, өзүн оңдосун. Экинчиден, Аллахтын ыраазылыгы үчүн чыгат. Бирөөнөн акча алуу ж.б. максат менен эмес. Үчүнчүсү, пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) акыркы пайгамбар, анын калтырган динин таратып, жакшылыкка чакыруу үчүн чыгышат. Мындан башка эч кандай максаты жок.

Даават кылуу,жамандыктан кайтаруу,жакшылыкка буйруу-баардык эркек-аял мусулмандын мойнундагы милдет.Болгону аны ар ким оз ыкмасы,оз тартиби менен таркатат ал Акыйкатты… ..

Кимдир бирөө эшик такылдатып мечитке чакырат,а кимдир бирөө болсо китеп чыгарып,коомдук иш алып барып,мамлекетке кызмат кылуу аркылуу даават кылат.

Биз адамзаттын жашоодо курсагыбыз ачса жеп -ичип ,үстүбүз бүтүн болуш үчүн ар турлүү моода кийимдер менен чаптаптайбыз булар биздин сырткы муктаждыгыбыз. А биздин эң негизги адамдык сыпатыбызды далилдеп турган ички муктаждыгыбыз эмне экенин билесизби? Ал биздин жан -дүйөнөбүздөгү рухубуз. Ал рухбуз да азыктанууга кийинүүгө муктаж. Рухубуздун азыгы көзүбүз эмнени көрүп,кулагыбыз эмнени укса,тилибиз эмнени сүйлөп жатканы менен азыктанат. Айрыкча ушул заманда биздин рухтарыбыз ачка болгон убагы, биз даават кылган илимдүү устаздардын насаатына муктажбыз,күнөөлөр көптүгүнөн минтип акыйкат жолду көрбөй турганыбызда дааватка чыгууга муктажбыз …

Эгерде кимдир бирөө каттуу ооруса биринчи реанимацияга жаткызылат, андан соң палатага чыгат,бир топ убакыттан соң бейтапканадан да чыгат.
Дааватчылардын коомдогу миссиясы-рухтары ачка болгон,руханий ооруган инсандарга реанимация кылуу…..
Бирок өмүр бою эле реанимацияда жаткан инсанды көргөнбүзбү? !

Жок,албетте. …….
Дааватка чыгалы,үйрөнөлү динди,намазды,жакшы-жаманды, андан соң гана палатага чыккан сымал.динибизди үйрөнүп,күнүмдүк жашообузда колдонуп,өзүбүзгө, коомго пайдалуу болуп жашайлы-ушул өзү ибадат.Аллахтын астында эң жакшы адам-адамдарга эң көп пайда тийгизген адам.
Бекеринен улуу Кул Хожа Ахмадка окшогон шейхтер өз хикметтеринде: “Адамдарга кызмат кылуу-ушул менин тарикам” деп жатпайбы! ?Ал эми дааватчы туугандар туура тарикада жашашыбызды каалап жатат.Демек үй-бүлөөңүзгө, кошуна-туугандарынызга, коомго пайдаңыз тийип жатса-ушул деле ибадат,ушул деле даават.Биз сөздүн дааватынан ,унчукпас дааватка өтүүбуз да шарт.
Жакшы бол деп 100 айткандан көрө,жакшы болсоң-бул таасирлүрөөк болот эмеспи.Болгонуу оңой туугандар,биригүү кыйын.Бирөөнүн ишин туура эмес деп айтуу оңой,өзүбүз ошол ишти кыла алдыкпы?!
Эркибиз, намысыбыз жетеби???Максатыбыз бир болгон соң,анча-мынча амбициябызды койуп,биригүүгө, интеграцияга умтулуубуз керек.

Дааватчынын басканы,турганы, чакырганы,айтканы, үтүр, точкасына чейин жакшылык …,
Балким дааватчы үйүңүздүн эшигин каккыласа качпастан,аны ачууга чуркарсыз анткени ал эшиктер сиз күтпөгөн бактылуулук жолуна кадамдар болуп жатпасын….

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

Запись Дааватчы бул оңдоочу , оңолуучу.. впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

 

Тамактын даамын татпай туруп анын ачуу таттуу экенин эч качан билбейсиң ошосыңар дааваттын да даамын татпай туруп ар кандай пикирге баруу туура эмес. Кимде -ким дааваттын таттуу мөмөсүн татканда , анын биз үчүн жашообуздагы бактылуулук жолдоруна чачкан нур экенин ошондо гана билээлер эле. Ислам дини бакыттын жолу,дини деп айтсалар ишенбечүүмүн. Аны өзүм таттакандан кийин билдим. Кандайча дейсизби анда менин жашоомо бакыт алып келген даават тын канчалык пайдасына күбө болуңуз…

Бул көрүнүш бир эле менин эмес канчалаган үй -бүлөлөрдө болуп жатканынан күбө болуп эле келе жатабыз . Биздин үй-бүлөдө ата -энем,эжем,мен карындашым,иним болуп жашайбыз. Апам дигерлүү аял болгондуктан үй- бүлөнүн каражат жагын өзү чечет,товар алып келип сатып биздин тамак – ашыбыздан кем кылбай бар күчү менен камыздайт. А атам кээде апама кошулуп ишке чыкпаса,башка күнү тескерсинче даяр тамак,даяр кийим көөптүргөндөй жаман достору менен кечке бекерчилик менен ойноп, кемине арак ичип келет. Үйдүн куту эне деп бекеринен айтпаган экен,апам чарчап бизге анча көңүл деле бурбайт,атам өзү менен өзү убара. Ары бол бери бол деп тарбия айткан, мээрим төккөн көздөр,жылмайган жүздөр, керек болсо бир дасторкондо олтуруп чай ичүү да жок. Үйбүз караңгылык туңгуйугунда,ар ким өзү менен өзү,кээде тополоң,уруш -жаңжал -апам “тапкандын кадырын билбейсиң,алкаш,ичкениң качан токтосуң “деп атама бакырмай,же уксачы атам атың өчкүр арактын кулу болгондон кийин эч нерсе кызыктырбай ойлогону,жашоосу ошол болуп калат экен. Биздин бул күндөр алпурушуп билинбей өтүп жатты. Бизге келсек апам тапканы жакшы болчу баарыңды окутуп эч кимге көз каранды болбой өз оокатыңарды өзүң таап жешиңер керек деп баарыбызды акырындан жогорку окуу жайлар окутуп жатты. Мен да окууну бүтүп ошко окууга тапшырдым. Квартирада балдар менен жашап калдым. Күйүп -бышып эле окууга да аракетим болбоду,эмнегедир жан дүйнөөм ооруп, жүрөгүм тынчтыкты издейт. Үйүбүзгө эч качан баргым келбейт,сагынсам да бир туугандарымды,тууган -досторумду ал үйдө тынчтык жок . Көрсө адамзат тынчтыктан ырахат алып бактылуу жашай алат экен. Бир сындырым наның,ичерге сууң болсо да үйдө баары жайында болсо мындан өткөн бакыт жоктой сезилди. Бул сезимдерди ушундай жашагандар өтө жакшы билет…

Бөлмөбүздө жашаган балдардан бирөөсү беш убак намазын окуп кээде бизге даават кылчу. Башында жакпай өзүнчө акылдуу болот кайдагыны айтып деп жаман көрөм. Намаздын Н..сын билбегенден кийин,Аллах ,пайгамбарыбыз тууралууда эч кандай маалыматым жок ошон үчүн кызыксыздай туюлуп жаткандыр. Бирок ал жигиттин кыймылы,адеби ,жумшак мүнөзү,качан болбосун сабырдуу жүзүндө жылмаюу менен жооп бергени,тазалыгы ,сүйлөгөн сөзү маанилүү экенин башкалардан айрымаланып турат. Мен мындай жылуу мамилеге,мээримдүү көздөргө муктаж болгонумданбы негедир ага жакындай баштадым. Жылдар өтүп жатты мен ал жигит менен дос болдум,жумага бирге барабыз,акырындан намаз окуй баштадым. Бир күнү досум каникул болуп бир жумага ошондо үч күнгө дааватка чыгып келелели жан дүйнөбүз тазарып,ыйманыбыз бекемделет “деп сунуш кылды. Барса баралы деп алгачкы дааваттын бактылуу эшиктерине кадам таштадым. Аллахтын үйүнө баруу башка,ал жерде жашап күн өткөзүү башка маселе экен. Ал жердеги бардык бир туугандар жалаң жакшы сөздөр,жакшы ой -пикирлер,бирин -бир сыйлаган мээримдүү көздөр,бирин -бири угуп сылык сүйлөгөн жылмайган жүздөр менин ооруп турган жан дүйнөмө табылгыс даары болду. Бир башка дүйнөдө олтургандай сездим,анткени адамзат канчалык сууну тазасын ичкен сайын,сөздүн жакшысын уккан сайын тамыры тазарып,ойлогон ой -максаттар да,кыла турган иштер да жакшы жакка ооуй баштай экен. Мына эми менде жашоого болгон максат пайда болду үй- бүлөмдү кандай бул жолго үйрөтүүнүн жолун издей баштадым. Башында оңой болбоду эч ким уккан жок бирок мен тотободум жылдар өткөн сайын бир кадам болсо да үйдө өзгөрүүлөр болуп жатты. Окууну да бүтүп келдим кез -кезде дааватка чыгып турам,атам арагы бир аз азая баштады ушунусуна да шүгүр болсун деп Аллага тынбай дуба кылам. Айтып деп жатып апамды биринчи намазга үйрөттүм,анан атамда окуганды баштады бирок арасында ичип да коёт. Бирок биздин үйгө кут кире баштады,апам да жайдары,бир туугандарымда акырындан үйрөнүп,жашообуз түп башка нукка бурулду. Бир дасторкондо чай ичип,бири -бирибизди сурап акыбалыбыздан, бир туугандык сезимдер,жылмайган жүздөрдү көрүп өзүнчө аябай өзүмдү бактылуу сезип жаттым. Ушундай табылгыс нематты берген Жаратканга болгон ишеним,сүйүүм ого бетер артып ибадатымды мындан да кымтыксыз атакарууга аракет кыла баштадым. Даават десе көпчүлүк туура эмес түшүнүп алышат ишин да,үй- булөсүнда карабай койот экен деп. Андай эмес болгону максатты туура коюуп ,туура кодоно билүү. Дааватка да чыгып жаттым,апама жардам берем иштерге, үй ишин өзүм кылып бир туугандарыма карап баары жайында. Азыркы күндө үйбүлөлүмүн үч балам ,сүйүктүү жубайым,ата -энем төрүмдө,атамда Аллахтын жардамы менен дааватка чыгып калды. Апам иши баякыдай жүрүп,атам экөө бирге барып келип жолдо болсо да намаздарын окушат,бул мени аябай сүйүндүрдү, иштери жайында. Кыскасы биздин баткака баткан үй – бүлөбүздүн минтип тынчтыкта, бейпилдикте жашап калуусуна ДААВАТ СЕБЕПЧИ ЖАНА МЕНИ ЖАКЫН АЛЛАХ ЖЕТКИЗГЕН ДОСУМ СЕБЕПЧИ БОЛДУ …Биз пендерлер адашуучуу, алсыз макулук болгонубуздан кээде күнөө кылып койобуз,кээде күтүүсүз сыноорло болуп турат. Бирок бул көйгөйлөрдү чечүүдө,жеңилдетүүдө мага жардамын аябаган Улуу,Мээримдүү,Кечирими чексиз болгон Жаратканыма таянып жашаймын. Ага дуба кылып чексиз-чексиз шүгүрлөрдү айтамын….

Эх, бир тууганым сөзүм аягында эмне деймин,биз адамзатка тынчтык,бейпилдик,бактылуулук керек,биз аны бир гана Аллахтын жолунан табалабыз!

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

Запись Даават жашоомду түп өзгөрттү.. впервые появилась Formula.KG.

Технологии Blogger.