Halloween party ideas 2015

*🕌”БИСМИЛЛАХИР РОХМААНИР РОХИЙМ!”*

🏻Уаллазийна жаахаду фийна
ланахдияннахум субулана
уа инналлоха ламаъл мухсинийн!

Урматтуу мусулман бир туугандар, достор.
Эч ким бул дүйнөгө түркүк эмес.
Эч ким бул дүйнөгө өзүнүн каалосу менен келген эмес .
Өзү каалаган келбетте,
өзү каалаган мекенге,
өзү каалаган жыныста эч ким
бул дүйнөгө келе албайт !
Туурабы туура эмеспи ?
Бир да адам бул дүйнөдө өзү каалагандай убакытка, өзү каалагандай жыргал жашоо куруп өзү каалаган убакта кете албайт .
Баардык болуп жаткан нерселер
Аллахтын каалосу менен болуп жатат.
Сиз каалайсыз бир нерсенин болуусун..
Жамгыр каттуу жааса токтоосун каалайсыз
бирок токтобойт .
Күн каттуу ысыса салкынды каалайсыз .
Бирок заматта салкын боло калбайт .
Сиздин бул дүйнөгө келүүңүз да
акыретке кетүүңүз да,
ортодогу жашоо дагы инсандын каалосу менен болбойт ! Айтышатко:
“Тагдыр сүйлөсө
инсан унчукпай калат экен”-деп.
Инсан алсыз!

Аллах Таалам адам баласын түбөлүктүү кылып жараткан . Инсан түбөлүк тамак-ашка,
мекенге, кийим-кечеге, аялга муктаж.
Тынчтыкка, ден-соолукка муктаж.
Кабырда же бейиш нематында
же тозоктун ириңин жеп жатат.
Махшар майданында да ошондой..
Тозокто да тамак-ашка муктаж.
Кайнак суу, ириң кала берсе заккум даргынын тикенектүү мөмөсүн жесе тикинек
ичин айрып чыгып кетет.
Бейишке кирсе каалаган тамактан татат.
Кыскасы адам баласы баардык нерсеге түбөлүккө муктаж. Алсыз жаратылган .
Ахсан – эң кооз келбетте жаратылган .
Адам баласы Аллахты тааныса ыйман келтирсе
түбөлүктүү акыретке даярданат .
Аллахты тааныбаса кабырга чейинки жашоону, ошол өтө бир кыска жашоону ойлонуп жүрүп өтүп кетет ..
Кагаздын артынан жүгүрүп күндүзү да
эки смена түндөсү да иштеп жүрүп
бир жолу башы саждага тийбей
өтүп кетүүсү мүмкүн.
Кышта үй суук болбосун деп үйүн жасалгалайт, отопления коёт .
Эмне үчүн кабырым жылуу болсун деп
ыйманга мээнет кылбайт ?
Аллах Таалам адам баласын жаратып
бир тапшырма да берген .
“Ла-ин шакартум ла азийданнакум
Менин берген жакшылыктарыма шүгүр кылгыла!”-деди .

Бул тапшырма – мусулманга да, каапырга да
адам аттуунун баарына бирдей !
Жараткан бизге канча жакшылык кылып жатат . .
Көчөгө чыгып 100 метр чуркаңызчы .
Баардык денеңиз сак !
Мындан башка каанча жакшылыктары турат.
Аллахтын жакшылыктарын курсак ачса тамакты эстегендей эстейли.
Жакшылыкты эстебеген шүгүр кыла албайт .
“Ва аммаа би ниъмати роббика фа-хаддис !”
Жараткан эгеңдин нематтарын айткын .
Эстеп тургун дейт Куранда.
Намаздан кийин ошол үчүн дуба кылабыз.
“Аллохумма ъаиннии ъалаа зикрик
Аллахым өзүңдү эстөөгө,
ва шукрик жана шүгүр кылууга
ва хуснии ъибаадатик жана сага ибаадат кылууга мүмкүнчүлүк бер!”- дейбиз.
Аллах Таалам берген неъматтарына башка эч нерсе сурабайт . Бир гана шүгүр кылгыла!-дейт. Эгерде шүгүр кылбасак
“Ва ла-ин кафартум инна ъазааби лашадийд
Шүгүр кылбай тоң моюндук кылсаңар
Менин азабым өтөө каттуу!”-деди.

Аллах Таала көрүүнү, угууну берди.
Бастырып жатат . Өлүмдүн иниси болгон уйкудан күндө ойготот.
Даракты жаратпаса үйүңүз кайдан салынмак.
Таш, топурак, кум болбосо
канча кыйналат элек ..
Суу болбосо свет жок эле.
Күн жок болсо эч нерсе өспөйт эле .

Ошондой болсо да эң акыркы үммөт
Үммати Мухаммадияга берилген эң чоң неъмат
Дин жана диндин эмгеги !
Башка үммөттөргө дин берилген бирок диндин эмгеги пайгамбарларына гана берилген.
Мухаммад алайхис салам эң акыркы үммөт болгонунун берекетинен сиз бизге диндин мээнети дагы кошо берилген.
Мындан кийин башка пайгамбар келбейт .
Эң акыркы замандын үммөтү Пайгамбарлар кылган ишти кылышат .
Аллах Таалам пайгамбарларды кандай тандаган болсо бул үммөттү дагы ошондой тандап жаратат . Бул үммөт кыямат күнүндө пайгамбарлардай нурдуу болушат .
Бул үммөт эң акыркы болуп келет
бирок эң биринчи болуп Бейишке киришет .
Эмне үчүн ?
Пайгамбарлар кылган ишти бири-бирин жакшылыкка чакырып жамандыктан кайтарганы үчүн гана !
Бул Аллахтын бизге берген чоң белеги экенин биз сезейли .
Сиз адамдарды үймө-үй кыдырып ыйманга чакырбасаңыз, ушул динди башкаларга дагы түшүндүрүп жеткирбесеңиз
аманатка кыянаттык кылууга барабар !
“Бул дин силерге аманат,
кыяматка чейин муну башкаларга жеткиргиле !”- деген сүйүктүү пайгамбарыбыздын сөзүн эстеңизчи ..

Пайгамбарыбыз алайхис салам өлүмүнө бир нече күн калганда катуу ооруп,
үйүнөн мечит тарапты карап
мечиттин ичинде Абу Бакр родияллоху анхуга уюп бир жамаат болуп намаз окуп жатышкан үммөтүн көрүп Пайгамбарыбыз алайхис саламдын жүрөгү жышыды .
Ал пайгамбар үймө-үй барып бузулган бир коомду жакшылык жолуна, хидаяттуу нурлуу жолго чакырат эле .
Тирүүлөй кыздарын көмгөн бир эл,
аялдары кимден боюнда болгонун билбей калган, зынаа көбөйгөн коом эле .
Бир эркектин эң аз 20 дан кем эмес аялы бар эле. Башка эркектер аялы менен зына кылып кетсе күйөөсү :
“Менин аялым да сулуу экен,
карагылачы башка эркектер менин аялыма да келип жатышат !”-деп кубанат эле .
Кыздуу болсо тирүү бойдон алып барып
казылган жерге көмүп кайтышат эле .

Пайгамбарыбыз сахаабалар менен сүйлөшүп олтурушса бир сахааба дин келгенге чейинки бир окуясын айтып берди .
“Оо Аллахтын элчиси ?!
Бир күнү мен кыздуу болдум .
Аны эч кимге айтпадым, жашырдым.
Намыстандым ! Кызымды жакшы көрөт элем..
Атаке деген назик үнүн угуп кубанат элем .
Бирок, адамдар билип калышып маскара кыла баштаганда үйгө келип, аялыма кыздын кооз кийимдерин кийинтүүсүн, көчөгө алып чыгып ойнотуп келээримди айттым .
Аялым айтканымды кылды..
Кызым аябай кубанып, атам мени ойнотот экен деп сүйүнгөнүнөн ары-бери чуркап секирип жатты . Анткени, төрөлгөндөн бери көчөгө чыга элек болчу ..
Ошентип кызымды желкеме көтөрүп,
ээн талааны көздөй бараттым .
Кызым кубанып бара жатты .
Атам мени жакшы көрөт экен деген ой
кичинекей наристенин бүт жүрөгүн каптаган эле . Көздөгөн жерге жетип,
кызымды жерге койдум да жерди казып баштадым . Жарык дүйнөнү али көрө элек кызым ширин сөздөрү менен атаке-атакем деп
чуркап жүрдү ..
Жерди казып бүтөөрүм менен
кызымды казылган чуңкурга түртүп жиберип
артымды кайрылып карай албай алыстап басып бараттым ..
Кызымды көмдүм .
Атаке-атакем!-деген ширин сөзү кулагыма жаңырып жатты ..”-деди .
Муну угуп олтурган Пайгамбарыбыз көзүнөн жашы токтобой ыйлай берди .

Сахаабалар:
– Токтотсоң боло!
Аллахтын элчисин ыйлаттың -деп айтышканда
Сүйүктүү пайгамбарыбыз алайхис салам:
– Кайра айтчы, дагы айтып берчи ?-деп суранып ыйлап жатты .
Муну менен :
– Көрдүңөрбү!
Дин силерди кандай караңгылык жашоодон нурдуу жашоого алып чыкты !-деген сөздү айткысы келди эле .

Эгер сиз менен биз бүт инсаниятты жакшылыкка чакырбасак
Аллах сактасын коом бузулуп ыймандан алыстаса, кызыңызды көчөгө кеңири чыгара албай каласыз !
Балаңызды башкаруу кыйын болот !
Каарылар үйүндө карыган адамдар батпай калат ! Балдар үйү зынаанын себебинен толуп кетет ! Уурулук, бүт кылмыштын түрү көбөйүп
түрмөдө олтургандар батпай калмак !
Сиз бизге даават болуп,
аалымдарыбыз жамандыктан кайтарып,
берекеттүү дааватчы азаматтарыбыз жакшылыкка чакырып жүргөнү үчүн
сиз биз бир ааз болсо дагы ыйманды түшүнүп калбадыкпы ??
Бүгүнкү күндө элдин илими өстү .
Банктан кредит алса болбойт экенин баары билет, ошону сурабастан келип:
– Эко Исламиктен алса болобу ?-деп жатышат.
Эшекти, жыланды, чочкону жесе болбойт экенин билишип, аны да сурабай:
– Тоок жесе болобу ?-деп жатышпайбы!
Даават бул уммул хасана,
бүткүл жакшылыктын энеси !
Даватка чыгып келген жаш үй-бүлөөлөр бактылуу жашап жатканын,
дааватка чыгып келген арак ичип жүргөн кишилердин 3 күндүн ичинде беш убак намазга жыгылып, тууру жолго түшүп калганын көзүбүз менен көрүп жүрбөйбүзбү!
Ата-энесин какшатып жүргөн жаш бала дааватка чыгып келип атасынын бутунун тырнактарын алып берсе, атасы:
– ыйлап, балам ?
Мен сени ак кылайын деп калдым эле!
Үч күндө сен өзгөрүпсүң ..
Мен сени кечирдим !-деп кучактап ыйлаганын көрдүк ..
Үч күн дааватка чыгып келип,
тамеки менен насывайды таштаганды көп көрдүк. Үч күнгө чыгып келип
эненин бутун өөп, бутун жууп,
кылган иштерине өкүнүп ата-энени сыйлап калган уул-кызды көп көрдүк !
20-30 жыл бир шаарды, бир районду кармап
рекет болуп көчөдө жүргөн кишилер
үч күнгө чыгып келип мечитке каттап,
керек болсо бир жаныбарга дагы зыян бербей калганын көп көрдүк !
Бирөө айтып күлдүрдү эле:
– Мечитке кирсем мени тоногондордун баары мечитте олтуруптур !”-деп)))
Бул даават ушундай нерсе, самын сыяктуу.
Кичинекей самын канча көп кир кийимдерди жууп, кирин кетирип салат .
Даават – адамдын ички тышкы ооруларын жууп кетирет !
Бул көчмө медресе .
40-50 ке чыккан кишини кайсы медресеге алып барып окутасыз ?
Атып жиберсең дагы барбайт )
Бирок, үч күнгө чыгып келип намазын үйрөнүп,
Дааратын үйрөнүп, Куран окуп калган аксакалды көп көрдүк !
Өмүр бою аракет кылып бир сүрөөнү жаттай албай жүргөн киши
үч күндө кырааты менен Куран окүп,
хадис жаттаган адамды көп көрдүк !

Жаш жубайлар үйлөнүшүп,
Күйөөсү үч күнгө чыгып келсе
келинчеги жолдошун көрүп кучактап жибериптир..
– Эмне болду сага?- десе келинчеги:
– билбеймин, өзүнчө эле нурдуу болуп кетипсиз, мүнөзүңүз жумшаак болуп калыптыр..”-деп
сүйүнгөн келинчекти көп көрдүк .

Даават бул бидаат эмес .
Даават бул – сени мени жакшылыкка чакыруу!
Бул бидаатэмес, бул диндин , ыймандын эмгеги!
Адам баласы Тайсондун дискин коюп алып
он жыл көрүп олтурса дагы
боксёр боло албайт .
Же болуп калабы, капкара болуп,
колдору жооноруп ?)))

Спортсмен залга барып спортсмен болуп,
дүйнөлүк мелдештерге чыккандай
адам баласы дааватка барып ыйманын бекемдейт . Даават – адамды диндар болуусуна шарт түзөт .
Азыр көчөдөгү адамга барып эле,
арак ичпе арам, кыйбат кылба арам десеңиз
ал заматта эле айтканыңызды кылбайт,
сөзүңүздү укпайт !
Дааватка чыгып келген адам,
бул нерселерди өзү эле кылбай калат .
Дааватчы десе эле терористти элестетпейли))

Сиз бизге 70 жыл СССР ошондой түшүндүргөн.
Караңыз бир мезгилде Өз алдынча мамлекет болдук , аны менен кошо диндин мээнетин дагы Аллах Таалам берип койду .
Бул чындыгында шүгүр кылуучу неъмат .
Чет өлкөлүктөр Кыргызстан деген сөздү укса эле баары дааватчылар деп элестетишет экен.
Ылайым ошол элестеткениндей эле болсун!)
Бирок андай болбой жатпайбы?)

Куранда бир дагы пайгамбардын ибаадаты, намаз окуганы, орозо кармаганы, зекет бергени жазылган эмес .
25 пайгамбардын элге кылган дааваты жазылган .
Бул мээнетти ким болбосун,
адамбы, кумурскабы, үпүп болобу,
аарыбы, жөргөмүш болобу
ушул даават мээнетин кылган болсо
ошого Курандан жай берген .
Куранда 29 парасынын баарында ушул даават тууралуу айтылат .
Дааватты жаман дебейли.
Бул дин !
Керек болсо баарыбыз дааватчы болойлу.

“Силер адам зат үчүн чыгарылган эң жакшы үммөт болдуңар !
Силер адамдарды жакшылыкка чакырасыңар,
жамандыктан кайтарасыңар,
Өзүңөр Аллага ыйман келтиресиңер !”-деп мактайт Куранда .
(АалиИмран 110 аят)

Сахаабалар ушул ишти кылып
асмандагы жылдыз болушпады беле?
Бүгүнкү күндө Мекке менен Мединалыктар
каанча кооз мекенде, каанча бай мекенде
жашашат . Керек болсо үйүндөгү эшигин дагы кызматчылары ачышат .
Туурабы туура эмеспи ?
Керек болсо ал жерлерге
Дажжал дагы кире албайт !
Бул ошол ата, ата, ата-бабаларынын дин үчүн кылган курбанчылыктарынын берекетинен !

Даават тууралуу каанча аят болсо, канча миңдеген хадис болсо анын баарын жазып чыгуу оор иш .
Бирок биз ушуну жакшы билейли , жакшы түшүнөйлү даават жаман нерсе эмес !
Бул жолго чыккан адам сөзсүз оңолот !
Анткени бул, ошол Аллах ыраазы болгон
Улуу Пайгамбар алайхис саламдар жана
Сахааба ажмаиндер кылган улуу иш !

👤Али Оши~
👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ http://ift.tt/2mb2Guk
✿ http://ift.tt/2l8etvu
✿ +996700334493
✿ WWW.FORMULA.KG

Запись Даават бир гана жакшылыкка гана чакырат! впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.