Halloween party ideas 2015

Кээ бир адамдар ибадаттын даамын тата албай, Куран аяттарынан таасирленбей жаткандыгын жана билип турса да, күнөө ишке кол узатып жиберип жатканын айтып даттанышат. Мунун себеби эмнеде?
Ооба, адамдын жүрөгү бат-бат өзгөрүп турат. Ошондуктан, аны – «Калб» деп аташат.
Анын кыргызча мааниси – өзгөрүүчү. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): «Жүрөк тез өзгөрүп тургандыктан «калб» деп аталган.
Ал – шамал учуруп, эки тарабына оодарылган жалбырак сымал» – деген. Жүрөктүн бузулуусуна – ыймандын алсыздыгы себеп болот. Ошондуктан, пенде өз ыйманынын даражасын билип, аны жогорулатууга аркет кылуусу керек. Ыймандын алсыздыгынын кээ бир белгилери

1. Күнөө ишке баруу

2. Ибадаттардан алыстоо, же жалкоолук менен аткаруу

3. Боорукерлик сезими жоголуп, ташбоордуктун пайда болуусу

4. Кечиримдүүлүк сыпатынын жоголуусу

5. Бейиш, тозок, Акырет сыяктуу сөздөрдөн таасирленбей калуу 6. Аллахты анча-мынча, айрыкча башына иш түшкөндө гана эстөө

7. Мусулмандардын жетишкендиктерине кубанбоо

8. Мусулмандардын көйгөйүнө кайгырбоо

9. Арам, шектүү иштерден сактанбай калуу

10. Дүнүйөгө кызыгуунун көбөйүүсү Кимде-ким өзүнөн жогоркудай сыпаттарды байкаса, демек ыйманы алсыздап бара жаткан болот.

Анын ыйманынын алсыздоосуна мындай иштер себеп болуусу мүмкүн:

1.Ыймандуу адамдардын чөйрөсүнөн алыстоо

2. Шарият тууралуу малыматтан алыстоо

3. Бала-чакасы жана мал-мүлкүнө көп көңүл буруу 4. Узун үмүт-кыялга берилүү

5. Бузулган адамдардын чөйрөсүнө аралашуу 6. Көп уктоо жана көп тамактануу

7. Музыка, кино ж.б.у.с. көп угуу жана көрүү

Ушундай себептерден улам ыйманы алсыздаган адам, аны күчөтүү үчүн төмөнкүдөй амалдарды аткаруусу зарыл:

1. Куран аяттарын түшүнүүгө жана ага ой-жүгүртүүгө аракет кылуу

2. Куранды көп окуу

3. Аллахты көп эстөө (зикир кылуу)

4. Шарият илимин алууга аракеттенүү

5. Аалым, такыба адамдар менен бирге отуруп, алардын акыл-насаатын угуу

6. Кайрымдуулук иштерди көбүрөөк аткаруу

7. Аллахтан коркуу менен Аллахтан үмүт кылууну тең салмактуу алып жүрүү

8. Өлүмдү, кабырды көп эстөө, Жаназа намаздарына катышуу

9. Адал тамак менен тамактануу

10. Ыйманын күчөтүүнү сурап Аллахка дуба кылуу. Мына ушундай иштер менен алектенип, негизгиси, күн сайые өзүнө эсеп берип туруу менен адам өзүн оңдой алат. Ыйманды уламадан-улам күчөтүү да, алсыздатуу да пенденин өзүнө тиешелүү. Андыктан, күнөөдөн алыс болуп, сооптуу иштер менен алектенүү ар бир мусулмандын зарыл милдети.

Запись Ыймандын алсыздыгы эмнеден улам болот? впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.