Halloween party ideas 2015

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жаңы жарлыгына ылайык, өлкөдөгү согуш ардагерлерине акысыз ажылык сапарга баруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул тууралуу өкмөт башчы Абдулла Арипов билдирген.

Өкмөттүн маалыматында, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары эгер ажылык сапарга же умра сапарына барууну кааласа, анда алар кезексиз түрдө мамлекет тарабынан жөнөтүлөт. Жол чыгымы жана башка чыгымдар өкмөттүн казынасынан төлөнөт.

Ошондой эле бул жылы Өзбекстан согуш ардагерлерине 500 доллардан сыйлык акы берет жана 9-майдагы иш-чараларга катыша турган ардагерлердин кийим-кечектерин жергиликтүү бийлик өзү алып бермей болгон.

http://maralfm.kg

Запись Мирзиёев согуш ардагерлерин акысыз ажылыкка жиберүү чечимин чыгарды впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.