Halloween party ideas 2015

Ноябрь айы. Күн суук. Бишкектин бир кафелеринен тойдон чыгып жатсам, бир тааныш бала мени үйүнө тамакка чакырып калды.
Мен:
-Барбай эле коёюн ,-деп жакшы эле качтым. Чынын айтсам эриндим. Анын үстүнө машинемде жыргаган деле майым жок. Аянбай куйууга чөнтөгүм жука.
Ал:
– Досум, тоок асып койдук эле. Барбасаң болбойт, – деп калганынан, “мусулман бир тууган чакырганда барбасам, айып болбосун”-деп, барууга туура келди.
Жолдошумду машинеме салып алып, “Дордой” тарапты көздөй жөнөдүк. Үйү да алыс экен. Анын тоогун жеп алып, шашылып автобекетке жөнөдүм. Себеби, айылдан үйдөгүлөр майда-чүйдө салып жиберишкен экен. Тезирээк жетиш үчүн шаардын сыртындагы чоң жолго (объездная трасса) салдым. Саат сегиздер чамасы. Эшик караңгы. Күн болсо өтө суук болчу. Кетип бара жатсам, бир жаш жигит жол тосуп турган экен. Токтогондон кооптонуп өтүп кеттим. Бирок, жанынан өткөн кезде анын жаш кыз экенин байкап калдым. Негизи, түнкүсүн жолдон аял кишини көрсөм аябай аяайм. Анткени, зордуктоо учурлары аябай көп болуп кетти. Чынында, эркектерде аёо сезим жоголгондой. Аялга асылган заалымдарды жинимен жаман көрөм. Өздөрүнүн эже-карындашын, аялын же кызын ошол акыбалга койсо балким, түшүнмөк беле?
Машинамды дароо токтоттум. Эшикти ачсам, ал:
– Ала кетесизби?-деп калды.
– Макул, отур!-дедим.
Дароо шыпылдап отура калды. Менде: “Бул мектеп окуучусу бул маалда, ээн талаада эмне кылып жүрөт?”-деген ой пайда болду.
Бирааз ойлонуп:
– Эмне кылып жүрөсүн?-деп сурадым.
Ал:
– Иштейм , байке – деди.
Эми адатта бизде аялдар тигүүчү болуп иштейт эмесби. “Ушул ээн талаада тигүү цехи барбы?” – деген ойдо эки жагым карап коём. Бирок, көзүмө эч нерсе урунбады. Канааттанаарлык жооп ала албаган соң, суроомду кайра узаттым:
– Аа, бул жакта эмне жумуш кыласын?
– Байке, бардык жумушту аткарам. Кандай түшүнбөйсүз? – деп калды.
Ушул жооптон кийин мен дагы анын эмне жумуш аткараарына көзүм жетти. Бирок, мени таң калтырганы:”Аябай эле жаш көрүнөт. Кантип ушундай ыплас жумушка келип калды экен?”. Эмнеси болсо да бул кызга жакшы насааттарымды берип калуунун амалын ойлой баштадым.
Андан:
– Канчанчы класста окуйсуң? – десем
– Тогузунчу…
– Атың ким?
– Фатима, – деп жооп берди.
Ушул жерден эми ылайыгын таап кеңеш берүүгө камынып:
– Мм, атың да накта мусулманча коюлуптур. Бул эми Жараткандын алдында чоң күнөө го. Кудай алдында кантип жооп бересиң? – деп, акыйкатка чакыра баштадым. Бирок, тиги кыз мени тоготпогонсуп, жактырбай:
– Жооп беребиз да, – деп серт жооп берди.
Мен кандай осуят айтпайын, күнөөнү жашоосунун оордугуна оодарып коюп жатты. Эч бир сөзүмдү кабыл алган жок. Чындыгында эле жашоосу оор экен. Ата-энесинин көзү өтүп кеткен экен. “Дордой” тарапта батирде тураарын айтып ,эки күндөн кийин батирдин акчасын бериши керек экенин дагы түшүндүрдү. Кыскасы, менин кеңешимдин бирин дагы кабыл алган жок. Акыры мага бир ой келди.
Тиги кыздан:
– Бир жолку аткарган жумушуңдун акысы канча? – деп сурадым.
– 300 сом – деди.
Чөнтөгүмдү карасам 240 сом бар экен. Машинемди токтотуп:
– Менде болгону 240 сом бар экен. Мен сага ушул акчаны колуңа карматсам, үйүңө кайтасынбы? – десем, шыпылдап:
– Албетте, байке, кетмекмин ,- деди.
Акчаны колуна берсем деле түшөйүн деген ою жоктой… Бир нерсени күткөндөй, үн катпай отурат.
Мен ага:
– Болду, кете бер! Менин сага жаман оюм жок. Ал эми, акча бергенимдин себеби-жок дегенде бир күн болсо да зынаага барбасаң экен деген эле тилегим.
Байкуш кыз буга чейин мындай мамилени деле көрбөгөнбү байкуш, заматта азыр эле чакчаңдап жаткан кыз дароо момун боло түштү. Аркамды карасам, ыйлап жатыптыр. Бирааз сооронгон соң:
– Байке, чынын айтсам бул ишимден чарчадым. Менин ата-энем жок. Ар күнү ар кандай адамга жолугам. Кээде кордошот. Кээ бирлери болсо Казакстандын чек арасына чейин алып барышып коркутушат, – деп ичиндеги болгон арманын бир тууган агасына айткандай даттанып жатты.
Чындында, ошол убакта, мен анын улуу агасындай эле болдум окшойт. Деги бул заманда адамдык сапат деле жок го өзү. Ушул учурдан пайдаланып:
– Карындашым, башка иш кылууга аракет кыл! Биринчиден, бул чоң күнөө. Экинчиден, өтө кооптуу . Бул жашоодо деле жыргабайсың, – деп көп насааттарымды айтууга аракет кылдым.
Акчаны колуна бергенден кийин ар бир сөзүмдү кунт коюп угуп, кабыл кылгандай болду. Керек болсо, жумуш болсо айтып коюумду суранып, идиш жуучу болуп иштөөгө да даяр экенин айтты
Машинемден түшүп кетти. Бирок, кайда кеткенин билбейм…
Аябай боорум ооруду. Көзүмөн жаш айланып кетип бара жаттым. Көкүрөгүмдү мыжыккан бир гана суроо бар.
“Жетекчилерибиз калк учун жооптуу. Алланын алдына барганда кантип жооп беришет?!”
Менин алым – аны бир күндүк зыяндан тосконго жетет экен. Аттин, эгер жетекчилерибиз аракет кылышканда, алардын жашоосу толугу менен өзгөрбөйт беле…

Турдакун Ниязалиев

Запись Жаш кызды ыйлаткан 240 сом впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.