Halloween party ideas 2015

🏻Адам баласы бири-бирине жана жаныбарларга зулумдук кылуусу. Адамдардын зулумдук кылуусу: Бирөөнүн мал-мүлкүн тартып алуу,бирөөнүн абиирин төгүү, сөгүү, бирөөнү сабоо, алсыздарга үстөмдүк кылуу, жетимдин акысын бербөө жана себепсиз кан төгүү менен болот. Ал эми жаныбарларга зулумдук кылуу: Себепсиз жаныбарларды атуу, уруу,даарылардын жардамы менен жок кылуу ж..б.. ушул сыяктуу амалдар менен болот.

Аллах Таала заалымдар тууралуу мындай деген

“Аллахка жалган жалаа жапкандан да заалымыраак ким бар? Мына ошолор Эгеңердин алдынан алынып келинет да- күбөлөрү: “Мына ушулар Эгесине жалаа жапкандар!” –дешет. Эсиңерде болсун: Аллахтын каргышы заалымдарга эмеспи?!”*(Худ сүрөсү 18 аят.)

“Аллах Таала заалымдардын иштеринен кабарсыз деп ойлобо! Акыйкатта, Ал (Аллах) алардын көздөрү чанагынан чыга турган Күнгө чейин гана мөөнөтүн узартат”. (Ибрахим сүрөсү 42-аят)

Зулумдук тууралуу Пайгамбарыбыз Мухаммад алйхи вассалам мындай деп айтканын Абу Хурайра разияллооху анху жеткирет:

“Кимде ким бир тууганынын намысын төккөн болсо же зулумдук жол менен малын,байлыгын тартып алган болсо,бүгүн ыраазычылыгын сурап алсын! Бир күн келет ал күнү бир тыйын акчасы болбойт. Ошондо Аллах Таала Заалымдын сообунан зулумдугуна жараша жапа чеккен адамга алып берет. Эгерде сооп амалы жок болсо,анда жапа чеккен адамдын күнөөлөрүнөн заалымга жүктөлөт” (Мутт афакун алайхи)

Башка хадисте мындай деген: “ Пайгамбарыбыз (САВ) Муаз деген сахабасын Еменге жөнөтүп жатып

“Мазлумдун дуасынан корккун! Чындыгын Аллах менен мазлумдун ортосунда эч кандай тоскоолдук жок”.(Мазлумдан дуасы сөзсүз кабыл болот)

Албухаарий 3118 Умар ибн Абдулазиз минтип айткан:

“Сенин күчтүүлүгүң адамдарга зулумдук кылууга чакырса,Аллахтын кудретин эсте!”…

📖Аллах Таала кереметтүү Куранда минтип айткан:

“Кыямат күнү заалымдарга эч кандай жардам берүүчү болбойт” .*(Хаж сүрөсү 71-аят.)

“ Заалымдарга мээрим кылуучу да,баш ийген колдоочу даболбойт”. (Гаафир сүрөсү 18-аят)

“Аныгында, жер үстүндө укуксуз түрдө чектен ашып, адамдарга зулумдук кылгандар жемеге татыктуу. Бул үчүн аларга оорутуучу азап бар”.(Шуура сүрөсү 42-аят) *

Окуя

🏻Курд элинен бир каракчы өз өмүрүн баяндайт: Биз бир топ каракчы адамдар элек, бей бечаралардын кийим кечелерин, тамак ашын тартып алып уурдоо, тоноо менен кун өткөрчүбүз. Бир күнү ээн талаада эс алууда отуруп 2 даракты көрдүм, бирөөсү куурап калыптыр, бир чымчык тынбай эле берки дарактан куураган даракка бир нерсе ташып атканынан кызыгып, дарактын башына чыгып барып андысам бир оюк жеринде көзү сокур жылан оозун ачып турат, чымчык улам учуп келип мөмөдөн оозуна салып кетип атканын кордум. (Аллах АрРаззак, ырыскы беруучу!)Көрүп алып ушунчалык катуу таасирленип, отура калып өзүмө өзүм башыма кум чачып “кечирим, кечирим” деп кыйкырып ыйлай баштадым. Окуяны түшүнбөй калган досторума көргөнүмдү айтып берип, баарыбыз кылып жүргөн иштерибизге тообо кылып тартып алган оокаттарыбыздын баарын ээлерин таап кайтарып берип өзүбүз жылаңач калдык. Анан ошол эле жерден Меккеге карай жол тарттык. Бир күнү бир айылга келсек жолдон бир аял аранарда баланча деген адам жокпу деп мени сурап жүрүптүр. Качан мени көрсөтүшкөндө ал аял “Субхааналлах! Мен силерди издеп жүргөм, 3 кун пайгамбарыбыз Мухаммад САВ түшүмө кирип, “баланча деген уруудан түгүнчө деген адам баштаган адамдар келет, аларга көзү өтүп кеткен күйөөңдүн кийимдеринен бергин” деп айтканынан күйөөмдүн кийимдерин жууп силерди күтүп аткам” деп баарыбыз кийинип алып сапарыбызды уланттык.. Оо, Аллахым бизге туура жолду көрсөтүп, ошол жолдон адашпай жүрүүнү насип кылгын.

Оо, Аллахым бизди баардык жамандыктардан жана заалымдардын зулумдугунан сакта.

Оо, Аллахым сенин мээримиң чексиз.Кыямат күнү күн найза бою түшкөн кезде, баардык мусулмандарды өз мээримиңе ал.

“Оо Раббибиз, жалгыз өзүңө таяндык жана өзүңө кайтып тобо-зар кылдык. Жалгыз Сага гана кайтуубуз бар. Оо Раббибиз, бизди Сенден баш тарткандардын кыянатына кабылтпа. Биздин (кнлрбзд) кечир. Оо Раббибиз, эбегейсиз кудуреткчтн жанакм-билимдин эгесиси.” (Мумтахана сүрөсү, 4-5 аяттар)…

👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ 

Запись Музлумдун дубасынан корк! впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.