Halloween party ideas 2015

Коомчулук үчүн Чубак ажынын айткан пикирлери өзгөчө кызыктуу экенин билебиз. Андыктан, биз окурмандарыбыз кызыгы турган айрым суроолорго жооп алып, ажаат ачууга бел байлап турган кербезибиз.

— Жакында “Дүйнөлүк аалымдар лигасына” мүчө болдуңуздарАталган лига туурасында кыскача айтып берсеңиз? Бул лигага аалымдар кандай талаптын негизинде мүчө боло алышат? Дүйнөлүк аалымдар лигасынын диний иштерди жүргүзүүгө кандай салымы бар? Лигага мүчө катары сиздер кандай иштерди аткара аласыздар?

— Үстүбүздөгү жылдын 8-9-апрель күндөрү аалымдар кеӊешинин төрагасы Абдышүкүр ажы Нарматов жана мен Стамбул шаарында болуп өткөн Бүткүл дүйнөлүк шариаттык координациялык кеӊештин акыркы даярдоочу жана алгачкы расмий жыйналыштарына катыштык.

Жыйналыштын биринчи бөлүмүндө кеӊештин иштөө уставы талкууланды, ал эми экинчи бөлүгүндө кеӊештин уставы бекитилди жана эки жылдык мөөнөткө төрагасы көпчүлүк добуш менен шайланды.

Кеӊештин негизги максаты:

· Аалымдар кеӊештеринин, ислам лигаларынын, диний бирикмелердин жана шариаттык уюмдардын, жалпы мусулман үммөтүнө тиешелүү болгон маселелердеги иш-аракеттерин координациялоо жана өз ара айкалыштыруу;

· Ааламда болуп жаткан маанилүү окуяларга (мисалы, ИГИЛ, Сирия маселелери) диний тараптан баа берүү, талкуулоо, анализдөө жана бирдиктүү фатва чыгарууга өбөлгө түзүү;

· Мусулман журтчулугу менен катар эле адамзаттын ынтымак-ырашкердикте, өз ара урматташуу менен жашоого чакыруу (Ош окуясы, улут аралык жаӊжалдар);

· Ислам дини боюнча туура эмес айтылып жаткан пикирлерди оӊдоо (терроризм, экстремизм, радикализм);

· Ислам ааламындагы сунний багытындагы аалымдардын башын бириктирүү (жамааттарга бөлүнүүнү жектөө);

· Жамааттардын, уюмдардын ортосундагы чыр-чатактарды чечүүгө аалымдардын кийлигишүүсү таасирдүү болгон убакта, акыйкатты баяндоо менен аракет кылуу.

Кеӊеш өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө:

· Эч бир өлкөгө, же кайсы бир расмий же бейрасмий уюмга таандык болуп эсептелбейт. Шариаттык негизде аалымдардын башын чогулткан кеӊеш катары иш алып барат;

· Эч бир жамаатка, же кайсы бир кыймылга, тарапка таандык болбойт. Илимий таризде иш алып барат;

· Кеӊеш эч бир аалымдар кеӊешинин, же лиганын, же бирикменин, же диний уюмдун ички иштерине, ички тартиптерине кийлигишпейт;

· Кеӊештин чыгарган баяндарына баардык мүчөлөрүнүн кол коюусу же макул болуусу милдеттүү эмес;

· Кеӊеш ар бир эки айда бир жолу чогулат. Кеӊештин мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүгү катышканда гана жарактуу болот. Ошондой эле зарыл болгон учурларда кезексиз жыйналыштарды чакырууга уруксат берилет;

· Кеӊештин мүчөсү өзү катыша албай калган учурда программа аркылуу онлайн пикирин билдирүүгө, маселени талкуулоого, добуш берүүгө катышууга укуктуу.

Кеӊештин бул жолку жыйынына Египет, Йордания, Сауд Арабия, Кыргызстан, Катар, Германия, Алжир, Йемен, Малайзия, Түштүк Африка, Түркия, Ирак, Ливан, Ливия, Судан, Мавритания, Палестина, Марокко мамлекеттери катышты.

Кээ бир мамлекеттердин абройлуу уюмдарынын өкүлдөрү кеӊештин жыйналышына этибарлуу себептер менен катыша албагандыктарын белгилеп, макулдуктарын кагаз жүзүндө жиберишкен. Кеӊешке мүчө болгон мамлекеттерди тандоо, ошол мамлекеттеги аалымдардын ишмердүүлүгү, айрыкча акыркы учурдагы кыжаалат кылган ИГИЛ уюмуна болгон көз карашы, анын катачылыгын  коомчулукка баяндоодогу эмгектери, карапайым элге туура исламды жеткирүүдөгү кызматтары жана коомчулуктагы кадыр-баркы эске алынды.

Бизди кеӊешке мүчө катары, лиганын генералдык директору, профессор, доктор Жамаль Абду Саттар Мохаммед сунуштап, калган мүчөлөрү тарабынан жактырылган. Мүчөлүккө кабыл алынуунун акыркы этабы болуп, мүчөлүккө сунушталган аалымдардын жекече макулдугу зарыл.

Биз менен биргеликте катардык аалымдар азырынча байкоочу мүчө катарында катышууну туура деп таптык. Ар өлкөнүн өкүлдөрү өз өлкөлөрүндөгү Аалымдар кеӊештери жана таасирдүү диниятчылары менен кеӊешкенден кийин бир тараптуу чечимге келээрин билдирдик.

Аалымдар кеӊешинин 6-чакырылышынын  18.04.2017 күнү өткөн кезексиз экинчи жыйынында аалымдар кеӊешинин мүчөлөрү бир добуштан макулдугун беришип, жыйынтыгында Абдышүкүр ажы экөөбүз Бүткүл дүйнөлүк шариаттык координациялык кеӊешке мүчөлүккө кабыл болдук.

— Сиздин президенттик шайлоого чыга турганыңыз боюнча айтылып, коомчулукта кызуу талкуу жаралгандай. Чындап эле хан такты үчүн аттансаңыз, бийликтин саясый картасы бузулуп, элдин кандайдыр бир катмары сизге ооп кетет го? Бирок, күч органдары ага жеткизбей бут тосууларды жаратса кантесиз?

— Алла Таала кимдин тагдырына оомат жана жакшылык жаза турган болсо, аны эч ким тосо албайт. Ал эми Алла Таала кимдин тагдырына кыйынчылык жазса, аны тарткандан башка чарасы жок. Ааламдын баардыгы чогулуп келип, анын тагдырындагы кыйынчылыкты жеӊилдете албайт. Жакшылык жана жамандык Алла Тааладан деген ынаным мына ушул маанини өз ичине камтыйт.

— Президенттик шайлоого чыгуу жагынан атыңыз угулуп атпайбы?

— Мен ушул мүнөткө чейин эч бир жерде расмий түрдө да, расмий эмес түрдө да “президенттик кызматка намзатымды коёмун” деп айткан жокмун. Болгону кээ бир басылмалар менен ааламтөрдөгү булактар «Ким президент болот?» деген сурамжылоону жүргүзүп, жыйынтыгында менин атым алдыӊкы орундарда келе жаткандыгы маалым. Албетте, бул калыс сурамжылоо жүргүзгөн учурда. Бирок, баарыбызга белгилүү болгондой, көпчүлүк булактар калыстыкты карманышпайт, жеке кызыкчылыктардын таасири астында, кабинеттен эле сурамжылоонун пайызын жарыялап койгондугу айтылып келет.

— Молдокелердин чоң саясатка чыгуусуна деңгээли жетишпесин билесиз да?

— Адатта, диний адамдарды караӊгылык жана сабатсыздык менен айыптап келишет. Адамдын сакал коюп же жоолук салынып алуусу анын илиминин, дүйнөтаанымынын төмөн экендигин белгилеген критерий катары кабылданып келет. Чала сабат интеллигенттер Башмыйзамды деле, жөнөкөй жарандын укуктарын деле билбегендиги кашкайып көрүнүп калып жатпайбы. Мисалы, “молдо молдолугун кылсын, саясатка аралашпасын”, “президент болуу үчүн экономиканы билүү зарыл, молдо аны кайдан билмек эле?” деген сөздөр бизде диний эмес, тескерисинче, светтик радикалдуулуктун бар экендигинен кабар берет. Мен мына ушуну жоюу максатында, түшүнбөгөндөргө түшүндүрүү максатында “Мен КР жараны катары президенттикке талапкерлигимди коюуга да, болууга да укугум бар!” деп айтып келем. Ошол эле учурда “кээ бирлердин уйкусу бузулбасын” деп, “бул сөзүм, мен өзүмдү президенттик кызматта сынап көрүү үчүн аракетимди баштадым деген сөз эмес!” деп жыйынтыктап жүрөм.

Андан сырткары, айта кетчү маселе, муну  биздеги сөз эркиндигинин белгиси катары карагандыгыбыз жөндүү болот. Балким, ар кандай кесиптин ээси президент болуп иштеди, ыйман жолун үйрөтүүнү кесип кылган адам келсе башкача болоор беле (?) деген ой деле болуусу ыктымал. Кандай болгондо да, бул кыргызстандыктардын эгемендүүлүктүн жылдарында жетишкендиктеринин бири болду. «Тил кесмек бар, баш кесмек жок» фалсафасын туура кабылдоонун жашообузга кирүүсү абдан сүйүнүчтүү.

— Арабызда колдон келбеген эле иштерге баш урган популисттер көбөйдү. Кандай кеңеш айтат элеңиз?

— Ар бир адам өз ордун билип, коомго кайсы жерден туруп, көмөкчү боло ала тургандыгын баамдаса, өзүнүн бактысын ошол орундан көрсө, элге кызмат кылуунун формасын туура аныктаса, баардык маселе туура жагына чечилмек. Тасаввуфта төмөндөгүдөй накыл айтылат: «Сенин ордуӊ – бул сенин ордуӊ!». Кудайдын каалоосу дайыма адамдын каалоосунан жогору турат. Адамдын каалоосу Кудайдын каалоосуна туура келгенде гана адамдын каалоосу ишке ашат. Болбосо «буюрбаган ашка мурду канаптыр» болот.

— Ошондо президенттик шайлоого чыгуудан баш тартып турган кербезиңизби?

— Жеке менде президент болуу «эӊсөөсү» жок, а бирок, элге-журтка кызмат кылуу жашоомдун негизги максаттарынын бири. Айта кете турган маселе, динибизде, кимдир бирөө кайсы бир мансапты каалай турган болсо, же сурай турган болсо, анда ал адамга бул мансап берилбейт. Бийлик иши жоопкерчилик иш болгондуктан, ал жоопкерчилик суралып берилбейт, ал жоопкерчилик тагылат жана жүктөлөт. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: «Кимде ким бийликти сурап алса, анда ал жумуштун оорчулугу жеке ошол адамга жүктөлөт. Кудайдан ага жардам болбойт! А эгер кимдир бирөө кайсы бир бийликти, мансапты сурап албаса, ага ал милдет тагылса, жүктөлсө, Кудай Таалам ал пендесинин жардамында болот».

Негизи мен бул суроого жооп бергенди каалабас элем, болгону бийликке баргысы келгендердин кулагына күмүш сырга болсун! Ушундай ниетте гана жооп бердим. Кудайым шерменде кылбасын!

Менин түшүнүгүмдө президент болгон адамдын негизги милдети жөнөкөй акыйкатты ишке ашыруу, күн баарына бирдей, ылгабастан нурун чачыраткандай, мамлекеттин баардык жарандарына, улутуна, динине, регионуна жана жынысына карабастан бирдей мамиледе болуу. Адилеттүүлүктүн туусун кармап берүү. Ал эми эл өзүн өзү багып алат. Ал эле эмес жоон топ чиновникти, президентти кошуп багып алат. Коӊшу мамлекеттерден айырмаланып, биздин элдин өзгөчөлүгү саясый тараптан бышкандыгы, татаал жолду басып өткөндүгү жана эӊ негизгиси мамлекеттен үмүт кылбастан жан багууну өздөштүргөнүндө турат. Өзүн өзү кароонун, өзүнө таянуунун иммунитети пайда болгондугун эч ким тана албайт. Эл аралык мамилени, дипломатияны жөнгө салуу, мыйзамдын аткарылуусун чындап көзөмөлдөө, сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыздоо, сөз эркиндигин жоготпоо сыяктуу маселелер негизги баш ооруткан маселеси болуу керек. Ал эми башка тармактагы адистерди өз тармагында татыктуу жана пайдалуу иштегенине шарт түзүп берүү. Маселени, жашоону жөн эле татаалданта берүүнүн кажети жок.  Жөнөкөйлүк баардыгына түшүнүктүү жана жеткиликтүү. Жөнөкөйлүктө береке бар.

– Айтсаңыз, мыйзам боюнча дин аалымдары саясатка, мамлекеттик жогорку кызматка баруудан оолак болушу керек да. А бийликке жетүү үчүн сиз тымызын амбицияңызды “кылтыйтып” келесиз… Эртең башка диндердин кыйындары да “президент болом” деп чыкса кантебиз?

— Суроого жооп берүү үчүн кириш сөз туура болот го.

1) Талашсыз акыйкат катары айтыла турган кеп динде «макиавеллизмге» жактоо берилбейт, тескерисинче, жектөө менен эскерилет. Максатка жетүү үчүн зомбулук, алдамчылык, террористтик ж.б. айла-амалдардын баардыгын колдонуу аракетине арам-тыюу салынган статус-макамы ыйгарылат.

2) Дин деген эмне? Дин – адамзаттын эки дүйнөдө теӊ бактылуу болуусун камсыздоо үчүн Кудайдан жиберилген эрежелер топтому. Дин – адилеттүүлүктү, абийирдүүлүктү, чынчылдыкты, тазалыкты, аруулукту, жоопкерчиликтүү болууну, калыстыкты талап кылат жана анын ишке ашуусун камсыздаган институт.

3) Саясат деген эмне? Саясат – элдин ар тараптуу жыргалчылыгына кам көрүү, демек, ал мамлекет жана эл тарабынан ишке ашат. Мамлекет бул камкордукту өз колуна алат, эл анын эсебин мамлекеттен сурайт. Бул азыркы учурдагы саясаттын сүрөтү.

4) Дүйнө деген эмне? Дүйнө – адамзаттын жалган жашоосу, же бүгүнкү күндөгү тиричилиги.

5) Диндеги саясат деген эмне? Саясат – дүйнөнү дин менен жөнгө салуу.

Жогоруда айтылган маалыматтарды жуурулуштурсак, анда саясат дегенибиз – адилеттүүлүктүн, абийирдүүлүктүн, чынчылдыктын, тазалыктын, аруулуктун, жоопкерчиликтүү болуунун жана калыстыктын негизинде элдин ар тараптуу жыргалчылыгына кам көрүү. Эгер саясат мына ушундай акыбалда боло турган болсо, анда дин, дин адамын чоӊ саясатка аралашуусун колдойт жана керек учурда милдеттүү кылат. Андай болбогон учурда, ушундай абалга алып келүүгө аракеттенүүнү ар бир акыл-эстүүгө парыз жана карыз кылат.

Негизги мыйзам боюнча “дин аалымдары саясатка, мамлекеттик жогорку кызматка баруудан оолак болушу керек” деген сөзгө маани берип көрөлү…

1) КР Конституциясынын 3-бөлүм, 62-беренеде: “Президент болуп 35 жаштан төмөн эмес жана 70 жаштан жогору эмес, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат” деп жазылып турат. Демек, президент болуу үчүн анын улутуна, динине, жынысына каралбайт.

2) 1-бөлүм, 4-беренеде: “Кыргыз Республикасында төмөнкүлөргө тыюу салынат: диний, этностук негизде саясый партияларды түзүүгө, диний бирикмелердин саясий максаттарды көздөшүнө”. Ал эми мен диний негизде саясий партия түзүүгө, ал аркылуу саясий максатты көздөөгө умтулган жокмун.

3) 1-бөлүм, 1-беренеде: “Кыргыз Республикасы (Кыргызстан) – эгемендүү, демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет”. Сиз айткыӊыз келип жаткан маселе “башкарууга дин аралашпаган” деген маани. Бул маанини КР Башмыйзмына илимий-практикалык түшүндүрмө берген К.Осмоналиев жана Т.Жумабекова мындай деп чечмелейт: “Светтик мамлекет делинип, ал өлкөдө расмий да, мамлекеттик да дин болбогон, эч кандай дин илими милдеттүү деп да, артыкчылык да албаган мамлекет эсептелет. Светтик мамлекетте дин, анын канондору менен догматтары, ошондой эле диний бирикмелер мамлекеттик түзүлүшкө, мамлекеттик органдар менен алардын кызмат адамдарына, мамлекеттик билим берүү системасына жана мамлекеттин башка ишмердүүлүк багыттарына таасир этүүгө укуксуз. …Светтик мамлекетте өлкөнүн баардык жарандарынын, алардын тутунган динине карабастан, мыйзам алдындагы теӊ укуктуулугу камсыздандырылат”.

Мен мына ушул саптардан сиз айткан маанилердин бирин да көрө алган жокмун. Анткени мен кандайдыр бир “дин” же “диний уюм” эмесмин. Мен Чубак Жалилов, мамлекеттик тилди билген КР жаранымын.

4) 1-бөлүм, 7-беренеде: “Диний бирикмелердин жана дин кызматчыларынын мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салынат”. Мен “диний бирикме” эмесмин. Коомдук башталышта кызмат кылган “Аалымдар кеӊешинин” мүчөсүмүн жана Кыргызстан ислам университетинин окутуучусумун. Эгер мына ушуларды дагы диний кызмат деп эсептелсе, анда ар бир мүнөттө арыз жазуу менен ал макамдан сыртта калуу мүмкүн. Ал эми дин карманган адам менен дин кызматчысы эки башка маселе.

5) 2-бөлүм, 16-берене: “Эч ким туткан дини боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес”.

Жыйынтыктап айтканда, сиздин коркууӊузга эч кандай себептер жок. Ошондой эле саясатка аралашууну каалаган адамга сакалын алып салуунун да милдеттүүлүгү айтылган эмес. Ал эми амбиция боюнча айта кесек, ар ким каалаганын айтууга укугу бар. Анын ичинде сиздин дагы. Ал эми башка диндин өкүлдөрү туурасында, “мыйзамга туура келсе эмне үчүн болбосун?” деп жооп берет элем. Ал эми шайлоодо элдин колдоосуна татыйбы же жокпу ал башка маселе…

Булак: “Азия Ньюс​”

Запись Чубак ажы Жалилов: “Саясатка сакалчандар деле аралашса болот” впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.