Halloween party ideas 2015

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Халмурзаев Абиш Алыбаевич, Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев жана Бишкек шаарынын казысы Садриддин ажы Маджитовдун катышуусунда  Баткен районунун Кара-Бак айылындагы «Аль Шейх Аблудда бин Зейд Аль Хинди Аль Хальди» мечитинин ачылыш салтанаты болуп өттү. Мечиттин салтанаттуу ачылышына Баткен облусундагы бардык дин кызматкерлер, медресе мүдүрлөрү жана жергиликтүү тургундар катышып, дин аалымдарынын баяндамаларына күбө болушту. Ал эми Азирети Муфтий мечит Жараткан Алла Тааланын үйү, ыйман менен адептин очогу экендигин айтып, жергиликтүү жашоочуларды ар убакта ынтымактуу, боорукер, кайрымдуу жана улуттар арасындагы достукту бекем кармоого чакырды. Муну менен катар жалпы катышуучулар өздөрүнүн куттуктоолорун билдиришип, мечиттин курулушуна демөөрү болгондорго алкыштарын айтышты.

Эскерте кетсек, Мечит «Табаарак» фонду тарабынан эки кабаттуу курулуп, жарандар үчүн бардык шарттары каралган.

Запись Муфтий Баткен районунун эки кабаттуу заманбап мечиттин ачылыш аземине катышты впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.