Halloween party ideas 2015

Эркек киши үй-бүлөсүнүн башчысы жана камкорчусу. Аял кишилердин милдеттери болгондой эле эркектердин да үй-бүлөдө аткарчу жумуштары бар. Жакшы эркек кандай нерселерди жасабайт? Алар:

1.Сынабайт. Жакшы күйөө аял кишини сынап, башка жандын көңүлүн сындырбайт. Куранда айтылгандай “Аял киши ийри кабыргадан жасалган аны түздөйм десең сындырып аласың”-делет. Аялды акыл жана мээримдүүлүк менен гана тарбиялоо керек. Кетирген кемчиликтерин айтып, кемсинте бергендин ордуна жакшы жагын айтып, мактап койсоңуз, аялыңыз сиз үчүн жакшы болууга болгон күчүн жумшап аракет кылат.

2. Текшербейт. Ишенимсиздик-аял менен күйөсүүнүн ортосундагы эң чоң кыйындык. Динде бири-бирине ишенүүгө, күмөн санаткан терс ойлордон алыс болууга чакырат. Ишеним бар жерде өз ара сый мамиле жана тынчтык өкүм сүрөт.

3.Аялына зат сыяктуу карабайт. Сиздин аялга кандай караарыңыз адамкерчилик касиетиңизди көрсөтөт. Аялыңыз-өмүрлүк жолдошуңуз, балдарыңыздын энеси. Туура сиз сыяктуу тирүү жан. Бирок сизден назик, алсыз. Ошондуктан жумшак мамиле кылууңузду жана көңүл бурууңузду жакшы көрөт. Көбүрөөк сүйлөшүп, сырдашууга тырышыңыз. Көп көңүл бөлүңүз. Кандай көйгөйлөр болуп жатканын, эмнени каалап жатканын сураңыз. Ушундай мамиле менен аялыңызга сүйүүңүздү билдирип, аны кубанта аласыз.

4. Кемсинтпейт. Аялды урушуп, кемсинтип же болбосо кордогонго болбойт. Кандайдыр бир ката иш жасап койсо, ачууңузду басып, акыл калчап туура чечим кабыл алыңыз. «Сен сыяктуу аял кимге керек дейсиң?» деген сыяктуу сөздөр менен кемсинтип, ар-намысын тепселеп кетпеңиз. Жан шеригиңиз ирээтинде жеке урмат сый көрсөтө билиңиз. Куранда: «Жубайлаңыздар менен жакшы карым-катнашта болгула” делген.

5. Башкалар менен салыштырбайт. Күйөөсү аялына «Элдин аялдарын карачы, ал сенин жүрүшүң бул» деп айткан бир сөзү аялдын назик жанын жаралайт. Өзүнө болгон ишеними жоголуп, ичинен өзүн жемелеп чыгат. Антпестен кайра ага жардам берүүгө тырышыңыз. “Мындай кылсаң жакшы болот эле” деген сөздөрдү айтуу менен колдоп кубаттап туруңуз.

ФАРИДА ЖУМАКАДЫРОВА
http://zaman.kg/

Запись Жакшы эркек бул нерселерди жасабайт впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.