Halloween party ideas 2015

-Молдо куран окуганы келгенде ага акы берүү туура ишпи?

-Молдо өзү албашы мүмкүн, бирок ага үй ээси урматтап берген болсо аны алыш керек. Анткени молдо да жөн эле бекерчи эмес да, анын да үй-бүлөсү бар, бала бакырасы бар, аларды багыш керек. Тескерисинче кайра молдого көбүрөөк бериш керек. Мисалы, ырчылар келип ырдап берсе же бир бийчи келип секирип бийлеп койсо анда ага эч нерсе дебестен акысын колдоруна карматышат. Ошол эле учурда бир кадыр-барктуу эле молдо келе турган болсо ага качанкы бир кийилбей калган эски кытай көйнөктү карматып, катыган эки нанды салып берип коюп молдону ыраазы кылдым деп ойлошот. Молдо келбей калса нике кыйылбай калышы мүмкүн эле да. Азыр элдер майдаланып бара жатышат. “Молдого акы берсе болобу, канча берсем болот?”- деп. Молдого акы берсең ал арак ичпейт, сойкуларга барбайт, адал тамак ичип тескерисинче ошол берген акыбыздын сообу кайтат. Жылаңач кийимчендерге акча бере турган болсок алар кайра ошондой жылаңач иштерге акысын коротуп, адамдардын бузулушуна себепкер болот.

-Иним бар, анын 5 баласы бар. Кичүү баласы 4 айлык болгондо кайра келинчегинин боюнда болуп калды. Ал наристени бойдон алдырып салса болобу?

-Эгер келиндин дени сак боло турган болсо анда наристени алдыруунун кереги жок. Аман-эсен көз жарып алган соң, кийинкилеринде сактанганга аракет кылыш керек.

-Биз жакшы эле турабыз. Мен Орусияда иштейм. Бирок атам эмнегедир насыя алууга абдан көнүп алды. Мен акча берейин десем деле көнбөй эле насыя ала берет. Эмне кылсам болот?

– Насыя алуу бул арам иш. Эгер насыя алып жаткан болсо анда акча жөнөтпөй эле койгула. Демек, атаңардын акчасы бар деген сөз. Ата-энеңиз насыя алып жатып акча жөнөтпөйсүң деп капа боло турган болсо ага маани бербеңиз. Себеби алар арам иш кылып коркутпашы керек. Ага бере турган акчаны сактап коюңуз. Качан насыя алганын токтоткондо анан ал акчаңызды берсеңиз болот.

-Менин акчаларымды туугандарыма берип койгон элем, кийин кайра кайрып алгыча иштете туруу үчүн. Ошол акчаларыма зекет беремби?

-Сиз ал акчаларды кайра колуңузга алганда зекет берсеңиз болот.

Беш балам бар. Улуу балдарым 12 жана 9 жашта. Биз азыр Орусияда жашайбыз. Балдарымды Кыргызстандагы кайсы медресеге берсем болот?

-Жайкы каникулдарда лагерлерге берсеңиз болот. Анткени медреселер 9-класстан жогору кабыл алып баштайт.

-Чачын, тырмагын боёнуп жүрүүчү айымдар намаз окуганда эмне кылса болот?

– Тырмакка лак койсоңуз даарат өтпөй калат. Чачка хына койсоңуз болот. Боёнуп намаз окуй бериңиз, бирок бара-бара даарат алып атып өзүңүз эле сулуу болуп, боёкко муктаждык калбай калат.

-Муфтийликке сиз талапкерлигиңизди койсоңуз кандай болот?

-Муфтийди шайлоо Аалымдардын кеңешинин иши. Аны мен барып болом деген киши эле боло албайт.

-Асмайды таштоо үчүн эмне кылуу керек жана кандай дубаларды колдонсо болот?

-“Аузуу биллахи мина шайтоонир рожиим” деген дубаны айтып эле Алладан тилек кыла бериңиз.

-Өлүк чыккан үйдөн тамак жасалбаш керек деген ойго карата көз карашыңыз?

-Ысырапкерчилик өтө арам нерсе. Негизинен маркум чыккан үйдөн 3 күнгө чейин тамак желбеш керек. Бизде шариятка каршы келген иштерди кылабыз. Тескерисинче маркум чыккан үйдөн көп тамак-аш желет.

-Сиздин ачкан академияңыздан айымдар барып билим алса болобу?

-Азырынчы мырзаларга гана арналган окуу жай болууда. Ал эми айымдарга жекшемби күндөрү сабак болуп турат.

-Сүмөлөктү Нооруз күнүнөн башка күндөрдө деле жасап жегенге болобу?

– Сүмөлөк, көжө сыяктуу тамак-аш оокаттарын эч бир майрамга байлабай даярдап жей берүү жакшы иш.

-“Доктор шер” деген суусундукту айтып каласыз. Ал суусундукту кайдан алсак болот?

-Аны Бишкектеги бир канча дүкөндөрдөн оңой эле таап алсаңыздар болот.

-Мен намаз окуйм. Сыркоолоп калганыма байланыштуу алтын ийне менен дарыланып жаткан элем. Ал ийнени спиртке тазалап алып мени дарылоо үчүн колдонуп жатышканда ийне сайылган жерлерден кан чыгып кетүүдө. Анан ал ийнени алып жаткан учурда адамдагы клеткалар ачылып калгандыктан денеге суу тийгизбеш керек экен. Анан мен намазды кандай кылсам болот?

-Суу тийгизбей, таямум кылып, кургак даарат алып окуй бериңиз. Ийне саюуда спирт сүртүп жаткан болсоңуз ал эч нерсе деле болбойт. Бирок кан чыккан учурда даарат бузулат. Кайра даарат алып намазыңызды уланта бериңиз.

-Намазды каза кылып алганда казасын кайсы убакта окусам болот?

-Каза намаз бул убакытта окулсун деген атайын бир убакыт жок. Качан убактыңыз болгон болсо дароо, тезирээк окуганга аракет кылыңыз.

-Иним үйлөнгөн. Бир баласы бар, бирок келинчеги менен түшүнбөстүктөр болуп ажырашып кеткендерине бир жылдай болду. Ачуусу менен иним келинчегине үч жолу, “талак” – деп айтып койгон экен. Бул маселени кантип чечсек болот?

-Бул маселени чечүү үчүн иниңиз менен келинчегин мага алып келсеңиз жакшы болмок. Себеби бул азыр экөөбүз отуруп чечип коё турган иш эмес. Бетме-бет сүйлөшүш керек.

-Кыздардын Куран курсу боюнча маалымат берип коюңузчу.

-Кыздардын Куран курсу Түркия элчилиги менен Кыргызстан муфтиятынын ортосундагы келишимдин негизинде түзүлгөн. Ал жерде кыздарыбызга арналган пайдалуу сабактар өткөрүлөт. Бир гана менин көз карашым боюнча туура эмес деп эсептегеним, бул курста окуган бойдок кыздарды Түркияга окууга жибергендери, мен буга каршы элем.

-Кайсы масхабды кармануу милдеттүү?

-Биз 4 масхабды туура деп билебиз. Ханафи масхабын карманган бизге важип-милдеттүү.

-Жаңы келин болуп келгендеги жүгүнгөн туура деп эсептейсизби. Ал сыйынуу болуп калбайбы?

-Келиндин улууларга, кайын ата, кайын энесине сыйлоо, салам иретинде жүгүнүүсү эч кандай зыян деп эсептелбейт. Ал эми аларды кудайдай көрүп сыйынуу иретинде ошол улуулар ырыскы берет, жашоомду ошолор өзгөртөт деп Кудайга таандык ишеним менен жүгүнө турган болсо, анда ал ыймандан чыккан ишти жасаган болот.

-Президенттик шайлоого талапкерлигиңизди коёсузбу?

-Президенттик шайлоого талапкерликти койбой эле элге кызмат кылсак болот. Президент 6 эле жыл кызмат кылат. Мен өмүр бою кызмат кылып, элге пайдамды тийгизейин деп ниет кылып отурам. Бирок биз жалпыбыз дуба кылышыбыз керек арак ичпеген, адал иштеген, ыймандуу, элге, жерге күйүмдүү башчыны Аллахым насип кылсын. Негедир ушул суроо мага көп берилип жатат, демек, мен элибиз ыймандуу башчыга суусап турат деп ойлойм.

-Азыркы учурда балдар ата-энеге күйүмдүү болбой бара жатат. Деги эле ата-энеге, жакындарга кандай дуба кылып турсак болот?

-Аллахым баарыбызга ыйман берсин. Адалдан келген ырыскы берсин. Кудай Таалам ажырашкандарды жараштырсын, таарынышкандарды табыштырсын. Ким эмнени кааласа ошону насип кылсын. Бардык жакындарыбызга жакшылык ыроологон болсун. Жүрөгүбүздөгү жаман сапаттарды алып салган болсун. Ар жерден келген балээлерден сактап, жаман көз, жаман сөздөн алыс кылсын. Ар бир мусулман ыплас иштерден алыс болгон болсун. Өтүп кеткен жакындарыбызды Аллахым өзүнүн ырайым кучагына алган болсун.

-Кара мышык бакса болобу?

-Ак мышык, кара мышык баары бир мышык. Кара мышык баксаңыз болот. Пайгамбарыбыз өзү да мышык баккан. Мышыктын баары эле бирдей.

-Жолдошумдун өтүп кеткенине бир жарым жыл болду. Ошол адамга дуба кылып коё аласызбы?!

-Аллахым бардык өтүп кеткен маркумдарыбызга бейишинен орун берсин. Алардын пендечилик кылып кетирген күнөөлөрү болсо кечирсин. Аркасында калгандарга ыйман берсин.

-Менин түшүмө жылан абдан көп кирет. Бул эмнени түшүндүрөт?

-Түштү жакшылыкка жоруш керек. Бизде жылан түшкө кирсе байлык деп эсептелет. Байып байлыгыңыздан зекет берип, мечит, медресе куруп сооп иштерди жасаганды Кудайым насип кылсын. Деги эле бай адамдар ушундай сооп иштерди жасаса деп тилек кылат элем.

– Түшүмдө Куран китеп өрт болуп күйүп жаткан экен. Ошол өрттүн арасынан мен Куран китепти алып чыгыптырмын. Ушул түшүмдү жоруп бериңизчи.

-Сен медресеге кирип, Куран жаттайсың. Сенин түшүң мына ушундай жорулат бир тууганым. Сенден чоң аалым чыгышы ыктымал. Түшүң түш болбой, туш келген болсун. Аллахым түшүңдү кабыл кылсын.

-Адахан Мадумаровдун президент болуп калышына көз карашыңыз кандай?

-Биз дайыма дуба кылып турабыз. Кудайга жаккан, биздин диндарыбыз болгон адам биздин башчыбыз болуп, президенттик шайлоодон өтсүн деп. Чоң саясатта жүргөндөрдүн бардыгы менен эле тааныштыгым бар, ошондуктан саясий дубаларды купуячылыкка калтырганыбыз эле жакшы деп ойлойм. Бирок Кудай Таалам эң жакшысына ийгилик берсин деп тилек кылалы.

-Кыздарды кордогон эркектерге кандай жазаларды колдонсок болот?

– Кыздарды кордоо – бул өтө жаман жорук. Мындан Кудай Таалам өзү сактасын. Эгерде кимдир бирөө башка бир кызды зордуктап, таштап кете турган болсо анда ошол эркектин дагы үй-бүлөсүнөн бирөө зордукталат деген сөз. Анткени биздин дүнүйө салынуу кашык дүнүйө. Ошондуктан мындай зынаакорлуктан абдан этият болушубуз керек. Кыздарыбыздын, карындаштарыбыздын ар жерде кор болушуна биз жол бербешибиз керек.

– Масхаб деген эмне?

– Масхаб – бул жол деген сөз. Пайгамбардын сүннөттөрүн, Курани Каримди ар бир адам эле түшүнүп, ар бир адам эле биле бербейт. Мисалы, мен медицина боюнча көп нерсени билбейм жана түшүнбөйм. Ошол үчүн мен докдурлар менен кеңешип, алардын айтканын угам. Бул деген ошол докдурдун масхабындамын, ошол докдурдун жолундамын деген сөз. Ошол сыяктуу эле Куранды, хадисти биле албаган адистер, билген адистерди ээрчигени жакшы. Билгендердин ичинен эң ишенимдүүсү, айтылган сөздөрү дайыма туура, так, толук жетип турганы “Ханафи масхабы” деп аталат. Бул канткенде туура кылып Куранды окуйм, сүннөттү карманам дегенге кеткен жол. Кээ бир адамдар масхаб колдонбойт, ал болбойт китептен эле үйрөнүп алабыз деши мүмкүн. Бул деле туура, бирок амал кылганда, аны аткара келгенде алар адашып кетиши мүмкүн. Ошондуктан бул иште этият болушубуз керек. Масхаб карманган – бул важип. Масхаб карманбаш керек, ал иш туура эмес дегендердин өзүлөрү туура эмес. Алар туура эмес багытта кетип жаткандар, алардан Кудайым сактасын.

-“Кут” деген сөз жөнүндө түшүнүк берсениз?

-“Кут” деген сөз Кудайдан келген береке дегенди билдирет. Ал таш болуп келип түшүп калбайт. Ал ыйман менен намаз окуп жакшы амалдарды кылуу менен түз жүргөн, туура жүргөн адамдарга келет.

– Балдарга жөлөк пул берсе, алса болобу?

-“Лөлүнүн атын сугарып, пулун ал” деген сөз бар. Мамлекет берсе алыш керек. Бирок мамлекетти мен жардымын, мен кембагалмын деп жок балдарды жаздырып алдап акча албаш керек. Эгер тааныш-билишке салып эптеп документ чогултуп, мамлекеттен ашыкча акча өндүрүп алам десеңиз анда сиз арам иш кылган болосуз. Чындап муктаж болсоңуз анда алсаңыз болот. Эгер балдарыңыз көп, бирок оокатыңыз өзүңүзгө жеткиликтүү боло турган болсо анда ал акчаны алуунун кереги жок.

Саресеп

Запись Чубак ажы Жалилов менен турмуштук суроо-жооптор (55) впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.