Halloween party ideas 2015

Аалымдар Кеңешинин төрагасы АБДИШҮКҮР АЖЫ НАРМАТОВ менен Аалымдар Кеңешинин мүчөсү ЧУБАК АЖЫ ЖАЛИЛОВ «БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ШАРИЯТТЫК КООРДИНАЦИЯЛЫК КЕҢЕШИНЕ» толук кандуу мүчө болушту.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 8-9-апрель күндөрү Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов менен Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов Стамбул шаарында болуп өткөн «БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ШАРИЯТТЫК КООРДИНАЦИЯЛЫК КЕҢЕШИНИН» акыркы даярдоочу жана алгачкы расмий жыйынына катышып келишкен.
Анда кыргызстандык аалымдар «БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ШАРИЯТТЫК КООРДИНАЦИЯЛЫК КЕҢЕШИНЕ» мүчө катары «АХЛИ СҮННӨТ ААЛЫМДАРЫНЫН ЛИГАСЫНЫН» генералдык директору профессор доктор ЖАМАЛЬ АБДУСАТТАР МУХАММЕД тарабынан сунушталып, калган мүчөлөрү тарабынан жактырылган. Аталган Кеңешке толук кандуу мүчө болуу үчүн мүчөлүккө сунушталган аалымдардын жеке макулдугу керек болчу жана аталган жыйынга кыргызстандын эки залкар аалымы өз ыктыяры менен байкоочу мүчө катары катышып келишкен. Себеби, Кыргызстандын аалымдары өз өлкөсүндөгү Аалымдар Кеңеши жана таасирдүү диниятчылар менен кеңешкенден кийин гана бир тараптуу чечимге келе тургандыгын билдиришкен.
Ошондуктан Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин VI чакырылышынын бүгүнкү 2017-жылдын 18-апрелинде өткөн кезексиз экинчи жыйынында Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү аты аталган эки аалымдын жогорудагы Кеңешке мүчө болуусун бир добуштан колдоп, ак батасын беришти.
Дагы бир айта кетүүчү нерсе, «БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ШАРИЯТТЫК КООРДИНАЦИЯЛЫК КЕҢЕШИНЕ» КМШ өлкөлөрүнөн бир гана Кыргызстандан бир учурда эки аалым мүчө болуп олтурат.

Ардактуу устаздар!
Урматтуу аалымдар!
Экөөңүздүн тең Кыргызстандагы гана эмес, ааламдагы жалпы мусулман үммөтү үчүн туура багытты көрсөтүүчү, көйгөйлөрүн карап, жол көрсөтүүчү абройлуу Кеңешке мүчө болушуңуздар менен ак дилден куттуктайбыз!

Бишкек шаары, 18-апрель 2017-жыл.
Аалымдар Кеңешинин катчылыгы.

Запись Кыргыздын эки аалымы «Бүткүл Дүйнөлүк Шарияттык Координациялык Кеңешине» толук кандуу мүчө болушту впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.