Halloween party ideas 2015

Таамай айтылган таасирлүү сөз- дартка даба, илдетке шыпаа сымал. Мүңкүрөп көңүлүң чөгүп турса, кылт этип акылыңа бир акылмандын айтканы келе калса, албетте, туңгуюкта бүлбүл жанган билик сындуу шооласы жол көрсөтөт. Анда эмесе акылмандардын айтканына кулак төшөйлү.

• Биздин убакта адамдар өзүн актоо үчүн түркүн сөздөрдү ойлоп таба алышат. Бирок, жөнөкөй эле ” Кечир, мен адашкан экенмин ” – деген сөздү айтуу алда канча татаал.
• Кээде жалгыз болгон да жакшы. Себеби, эч ким сенин көңүлүңдү оорута албайт.
• Мен досторду пикир келишпестиктин айынан жоготушат деп ойлогом, а алар убакыттын өтүшү менен өздөрү эле кайдадыр жуурулушуп кетишет тура.
• Адамдын баарына жакшылык кылууга мүмкүнчүлүгү жок, бирок анда эч кимге жамандык кылбоо мүмкүнчүлүгү бар.
• Сүйүү – бул эки тараптуу сезим. Эгер бирөөсү гана сүйсө, анда бул – ооруу.
• Таарынычтар кетет. А ишенимдер кайтпайт.
• Эгер адам оорууну сезсе, демек ал – тирүү. А эгер адам башка бирөөнүн ооруусун сезсе, демек ал – АДАМ!
• Достук – бул бриллиант сымал. Өтө сейрек кездешет, кымбат турат, а жасалмалары абдан көп.
• Эч качан жалаа менен мактоого өзгөчө маани бербе. Ич күйгөндөн жалаа жапса, боор ооругандан мактап коюшу мүмкүн.
• Махабат согуш сыяктуу. Башталышы оңой, бүтүшү кыйын, зыяны узак жылдар сакталат.
• Кызыңа башка бирөө жакшы мамиле жасашын кааласаң, анда аялыңа да жакшы мамиле жаса. Ал да бирөөнүн кызы.
• Эч качан өзүңдү төмөн ойлобо. Сенден даражасы жогору адамдардын да, бир кемчилиги болот.
• Эгер чөгө турган болсоң, бир гана бакыттын деңизине чөк!
• Сүйүп жашаган жакшы, а сүйүлүп жашаган андан жакшы.
• Бийикке чыгып баратканыңда, жолуңдан кездешкен адамдарды таарынтпа. Анткени, ылдый кулап жатканыңда, кайра эле алар менен кезигесиң.
• Сырткы кебетеңе карап баа бергендер, демек алар тереңдик эмне экенин түшүнүшпөгөндөр.
• Каталардан качыш үчүн, тажрыйба керек. Бирок, тажрыйба болуш үчүн, адашуу керек.
• Өзүнүн жеке жашоосу жок адамдар, бирөөнүн жеке жашоосуна кызыгышат.
• Жоготуп алган кезиң — жоготуу эмес, жоготуп алганыңа өкүнгөн кезиң — чыныгы жоготуу болот.
• Мамилелер дүрбү сыяктуу. Кимдир бирөөнү алыстатса, кимдир бирөөнү жакындатат.
• Бакыттын эң жөнөкөй сыры — эч качан ден соолугуңду, аялыңды, маянаңды бирөөнүкү менен салыштырба.
• Жакшы адамды таануу оңой эле:
Анын жүрөгүндө кайгы, а жүзүндө күлкү.
• Сен көрүп турган нерсе, сенин кандай караганыңдан көз каранды.
• Таарыныч ташка окшош. Аны өзүңө чогултпа. Болбосо, анын оор салмагын көтөралбай жыгылып каласың.
• Адамдар алсыз болгону үчүн ыйлашпайт, а себеби, алар көп убакыттар бою күчтүү болуп келгени үчүн ыйлашат.
• Кээде, бир адамдын кылган жамандыгын кечиргенче, аны унутуп койгон жеңилирээк.
• Жашоодо өзүң менен өзүң болуп, өз жолуңду тап. Кимдир бирөөлөргө жагалданыш үчүн келген эмеспиз.
• Муну эсиңен эч качан чыгарба! Эч качан кокустук деген болбойт!
• Жаныңда эч ким жок калса, демек өзүң менен таанышууга убакыттын келгени.
• Жасабадым деп өкүнгөнчө, жасап туруп өкүнгөн жакшыраак.
• Ар адам билгенин гана сүйлөгөндө, дүйнөдө кандай сонун тынчтык болмок.
• Адамдарды жакшы тааный баштагандан бери, айбанаттардан дос күтө баштадым.
• Сенин жакшы экениңди билип туруп жаман көргөн адам , өлүм босогосунда сени көргүсү келет.

Запись Улуулардан калган сөз… впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.