Halloween party ideas 2015

Кыргызстандын муфтийлигине ат салышып жаткандардын бири — Ниязалы ажы Арипов талапкерлигин алып салды. Ниязалы ажыны талапкер катары сунуштаган Ислам изилдөө илимий институту бүгүн, 3-апрелде тараткан билдирүүдө, алар мындай кадамга азыркы муфтий Максат ажы Токтомушевди колдоо максатында барды.

Муфтийликке талапкер Чубак ажы Жалилов шайлоого катышуудан 2-апрелде баш тарткан эле.

Жыйынтыгында Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы болууга аттанган бир эле талапкер, учурдагы муфтий Максат ажы Токтомушев гана калды.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысын шайлоо 4-апрелде өтөт. Ал күнү Муфтияттын борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы да шайланат жана Аалымдар кеңешинин курамы жаңырат.

http://teznews.kg

Запись Максат Токтомушев муфтийликке жалгыз талапкер болду впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.